Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Трамп: АКШ өзөктүк арсеналын күчтөндүрөт


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Президент Дональд Трамп АКШнын ядролук арсеналын күчтөндүрүүнү көздөрүн Рейтер агенттигине курган маегинде билдирди.

Кызматка киришкенине эки айдан ашкан президент Дональд Трамп Американын ядролук арсеналы сап башында турушу керек деди. Ал 23-февралда Рейтер маалымат агенттигине курган маегинде АКШ өзөктүк курал жаатында артта калганын белгиледи:

- Эч бир өлкөдө ядролук курал болбосо, кыялдагыдай шарт болмок. Бирок мамлекеттер мындай куралга ээ болууну көздөшсө, биз сап башында болобуз.

Президент Трамп 2010-жылы АКШ менен Орусия ортосунда жетишилген Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимди “бир тараптуу” деп атады. Келишимге ылайык, тараптар стратегиялык ядролук куралдарды азайтып, кийинки жылдын февраль айына чейин куралдардын санын теңдеши керек болчу. Бул тең салмактуулук 10 жылга чейин бузулбайт деп белгиленген.

АКШдагы окумуштуулар тобу глобалдык катастрофага канча убакыт калганын көрсөткөн "Кыямат саатынын" жебесин январь айында жарым мүнөткө алдыга жылдырышкан.
АКШдагы окумуштуулар тобу глобалдык катастрофага канча убакыт калганын көрсөткөн "Кыямат саатынын" жебесин январь айында жарым мүнөткө алдыга жылдырышкан.

Келишим боюнча ядролук курамы бар куралдардын саны 1550дөн ашпашы зарыл эле. Трамп муну 2015-жылы кабыл алынган “Ирандын өзөктүк келишими сыяктуу эле начар келишим” деп атады.

- Бул – биздин башка келишимдер сыяктуу эле бир тараптуу макулдашуу. Бул келишим жол берген нерселерге биз эч качан уруксат бербешибиз керек эле.

Дональд Трамп “мыкты келишимдерди” түзөрүн белгилегени менен Орусия менен стратегиялык куралдар боюнча макулдашуудан чыгарын же шарттарын кайра сүйлөшөрүн так айткан жок. Ал декабрь айында да АКШ өзөктүк кудуретин күчтөндүрүп, кеңейтүү керектигин Твиттерге жазган болчу.

Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосундагы Тегерандын ядролук программасы боюнча келишим 2015-жылы кабыл алынган.
Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосундагы Тегерандын ядролук программасы боюнча келишим 2015-жылы кабыл алынган.

Трамптын соңку айткандары боюнча Ак үйдүн басма сөз өкүлү Шон Спайсер комментарий берди:

- Суроо башкалар өзөктүк куралды көбөйтүп жатканы тууралуу болду. Президент Трамп Американын дүйнөдөгү үстөмдүгүн сактоо негизги максат экенин белгиледи. Ал эгер башка өлкөлөр жашырып жатса, биз кол куушуруп отурбашыбыз керек, аларга жол бербешибиз керек деди.

АКШ президентинин өзөктүк курал тууралуу айткандарына азырынча дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн реакциялар келе элек.

Президент Дональд Трамп Рейтерге маегинде Кытай менен Түндүк Кореянын мамилесине да токтолду. Ал расмий Бээжин кааласа, Түндүк Кореяга таасир көрсөтө алмак деп айтты. Ошондой эле буга чейин сынга алган Европа Биримдигин бул жолу кубаттарын белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG