Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

Биринчи айым биринчи вице-президент болду


Мехрибан жана Илхам Алиевдер
Мехрибан жана Илхам Алиевдер

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны биринчи вице-президент кылып дайындады.

21-февралда өткөн Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Илхам Алиев жубайын биринчи вице-президент катары тааныштырып жатып, Мехрибан Алиеваны кесипкөйлүгү, тажрыйбалуулугу, принципиалдуулугу, гумандуулугу үчүн ушундай жогорку кызматка дайындоону туура көргөнүн айтты:

- Мехрибан Алиева узак жылдардан бери коомдук-саясий, маданий жана эл аралык ишмердүүлүктө маанилүү ролду ойноп келатат. Ал ар тараптуу жана ийгиликтүү иш жүргүзүп келет. Мына ушул факторлордон улам мен аны Азербайжандын биринчи вице-президенттигине дайындоону чечтим.

Илхам Алиев жубайын вице-президент катары тааныштырып жатат.
Илхам Алиев жубайын вице-президент катары тааныштырып жатат.

Эки вице-президенттик кызматтын негизделишине былтыркы жылдын сентябрь айында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча өткөн референдум жол ачкан.

Конституцияга ылайык, вице-президенттерди өлкө башчысы дайындайт. Эгер президент оорудан же кандайдыр бир башка себептерден улам өз ыйгарым укуктарын аткара албай калса, президенттин милдетин аткаруу мурдагыдай премьер-министрге эмес, вице-президентке өтөт.

Күзүндө өткөн референдумду шайлоочулардын 25 пайызга жакыны колдогон. Добуш берүүнүн алдында бир катар оппозициялык кыймылдар митингдерди уюштуруп, референдумду өткөрүүгө каршылыгын билдиришкен. Оппозиция өкүлдөрү ошондо эле Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр Илхам Алиев жана үй-бүлөлүк бийлигин бекемдөөгө багыттылганын айтып чыгышкан.

Илхам Алиев жубайын Азербайжандагы эң сулуу аял деп айткан.
Илхам Алиев жубайын Азербайжандагы эң сулуу аял деп айткан.

Вице-президент кызматы өлкө башчысынын аялы Мехрибан Алиева же алардын 19 жаштагы уулу Гейдар Алиев үчүн негизделүүдө деген божомолдор туура чыкты.

Сентябрдагы каршылык акциясын уюштургандардын бири, «Азербайжандын элдик фронту» партиясынын лидери Али Керимли бийликтин референдум өткөрүү максаты тууралуу буларды айткан:

- Биз референдумга каршы чыгып жатабыз. Ал бир эле киши үчүн өткөнү жатат. 2002-жылы Илхам Алиевди өкмөткө алып келүү үчүн Баш мыйзамды өзгөртүшкөн. 2007-жылы ал кайра шайлануусу үчүн өзгөртүштү. Бүгүн алар Конституцияны Илхам Алиевдин бийлигин бекемдөө үчүн өзгөрткөнү жатышат.

Укук коргоо уюмдары жана Батыш өлкөлөрү Илхам Алиевди оппозициячыл саясатчыларды, журналисттерди, укук коргоочуларды куугунтуктоосун кескин айыптап келишет. Ошону менен катар бул өлкөдө өткөн бир да шайлоо жана референдум эл аралык байкоочулар тарабынан ачык-айкын, адилеттүү өттү деп таанылган эмес.

"Азаттыктын" азери кызматы менен иштешип келген журналист Хадижа Исмаилова 21-февралда жасаган билдирүүсүндө Мехрибан Алиева вице-президенттикке дайындалардын алдында өлкөнү камоолордун толкуну каптаганын айтты.

Мехрибан Алиева жана кыздары Лейла, Арзу Алиевалар.
Мехрибан Алиева жана кыздары Лейла, Арзу Алиевалар.

Фейсбуктагы баракчасында жазган билдирүүсүндө журналист бир айдын ичинде бир нече оппозициячыл активист камакка алынганын билдирди. Исмаилованын пикиринде, мунун бардыгы жаңы дайындоо жарата турган нааразычылык акцияларын алдын алуу максатында жасалды.

Исмаилова 2015-жылы салык төлөөдөн качкан деген айып менен 17 ай камакта отуруп чыккан. Журналист өзү жана анын тарапташтары Илхам Алиев жана анын үй-бүлөсүнүн коррупциялык иштерин иликтеп жазганы үчүн камалганы айтышкан.

Гейдар Алиев (ортодо) уулу Илхам Алиев (оңдо) жана келини Мехрибан Алиева менен, 1983-жыл
Гейдар Алиев (ортодо) уулу Илхам Алиев (оңдо) жана келини Мехрибан Алиева менен, 1983-жыл

52 жаштагы Мехрибан Алиева учурда Азербайжандын бийликтеги партиясынын төрага орун басары кызматын аркалап келет. Ал ошондой эле Азербайжандын мурдагы президенти, кайнатасы Гейдар Алиев атындагы фондду жетектейт.

Алиев жубайын вице-президентикке дайындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:32 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG