Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Азербайжан: Биринчи айым президенттикке азырынча чыкпайт


Мехрибан Алиева.
Мехрибан Алиева.

Азербайжанда өкмөтчүл партия биринчи айым Мехрибан Алиева президенттикке талапкер катары көргөзүлдү деген кеп-сөздөрдү саясий атаандаштардын оюну катары четке какты. Бирок чагылгандай тез тараган маалымат азерилердин ары чырайлуу, ары бай жана таасирлүү биринчи айымы кандай президент боло алат деген талкууларга жем таштады.

Мехрибан Алиеваны президенттикке талапкер катары Азербайжандын демократиялык дүйнөсү деп аталган өкмөтчүл партия көргөзгөнү өткөн аптанын соңунда жарыяланган эле. Бирок партия жетекчилиги бүгүн бул кабарды төгүндөөдө.

Партиянын басма сөз катчысы Эсмира Шүкүрова “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун азери кызматы менен маегинде биринчи айымдын президенттикке көргөзүлгөнү тууралуу кабар партиядан ажырап кеткен чакан тайпанын иши экенин, алар алдыдагы шайлоодо президент Ильхам Алиев үчүн гана “туруп беришерин” кошумчалады.

Ильхам Алиевди бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясы жакындагы курултайында мамлекет башчылыгына кайрадан көргөзгөн. Ал эми биринчи айым ошол эле курултайда партия төрагасынын, башкача айтканда жубайынын орун басарлыгына шайланган.

Ильхам жана Мехрибан Алиевдер.
Ильхам жана Мехрибан Алиевдер.
Бул кадамды байкоочулар биринчи айымдын саясий зоболосунун көтөрүлүшү катары мүнөздөшкөн эле.

Азербайжандагы соңку жараяндар мурда ата-бала Алиевдер атаандаш болсо, эми жубайлар атаандаш болобу деген суроолорду жаратууда.

Оппозициядагы Улуттук кеңештин мүчөсү, саясий талдоочу Зафар Гулиев Бакудагы элитада саясий атаандаштык күчөгөн шартта биринчи айымдын президенттикке көргөзүлгөнү тууралуу маалымат Мехрибан Алиевага элдин тамырын тартып көрүү максатында жасалган кадам экенин белгилейт:

- “Жаңы Азербайжан” партиясынын курултайынан кийин алар эми колдо бар альтернативаны сынап көргүлөрү келип жатышат. Элдин пикирин, өкмөттүн реакциясын билгилери келүүдө.

Өзү бийлик күйөөсүнөн аялына өткөн, президенттин жубайлары шайлоого катышкан учурлар дүйнөлүк саясатта кездешип жүрөт.

Маселен, Аргентинанын азыркы президенти Кристина Фернандес де Кришнер мамлекет башчылыгына 2007-жылы күйөөсү Нестор Кришнердин артынан келген.

Бир катар талдоочулардын баамында, Мехрибан Алиеванын Азербайжанда Пашаевдер кланы катары таанымал төркүн-төшү жана алардын колдоочулары биринчи айымдын президенттикке аттанышына каршы эмес, атүгүл буга кызыкдар. Түбү интеллектуалдар болгону менен Пашаевдер кланы да бай деп саналат.

Саясий талдоочу Зафар Гулиевдин пикиринде, алар биринчи айымдын президенттикке чыгышын 2008-жылкы шайлоодо эле караштырышкан:

- Бул демилгеге анда тосмо коюлган. Балким үй-бүлө ичинен, балким бийликтен. Бирок Мехрибан Алиева жана Пашаевдер андан бери бардык жактан: экономикалык жактан, каржы жактан, таасир жагынан мурдагыдан да күчтөндү да. Менимче, алар дагы бир аракет жасашат. Балким буга кайрадан каршылык болот, бирок азыр кырдаал бөлөгүрөөк.

Жубайын бир ирет “Азербайжандагы эң сулуу айым” деп атаган Ильхам Алиев Мехрибан Алиеванын президенттик шайлоого катышуусу жөнүндө сөз кылган эмес.

Бирок акыркы жылдары авторитардык башкарууну күчөтүп жиберген Иьлхам Алиевдин үчүнчү мөөнөткө барышына Конституция уруксат бергени менен мындай кадамдын талаштуу жагы тараза ташын президенттин жубайына оодарышы мүмкүн деген пикирлер бар.

Анын үстүнө билгендердин айтымында, Алиеванын жана Пашаевдер кланынын Азербайжандын илимий жана интеллигенция чөйрөсүндөгү кадыр-баркы жогору.

Ошол эле учурда Азербайжандын салттуу коому аял президентти кабыл алууга канчалык даяр деген да суроолор чыгууда.

Айтор, Азербайжандын биринчи айымынын президенттик шайлоого катышар-катышпасы азырынча так болбогону менен, көпчүлүк талдоочулардын көз карашында, ал бийликтеги партиянын экинчи талапкери катары каралып турганы анык.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG