Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Франциянын прокуратурасы Фийондун аялы боюнча ишти тергөөгө алды


Франсуа Фийон
Франсуа Фийон

Франциядагы оңчулдардан президенттикке талапкер Франсуа Фийондун аялы Пенелопа Фийондун ишин каржы прокуратурасы иликтей баштады.

Январь айынын аягында Франция ММКсы Фийондун аялы парламент депутатынын жардамчысы катары маяна алып келгенин жарыялаган. Ошол эле учурда Пенелопа Фийон эч кандай иштерди аткарбастан, үй кожойкеси болуп келген.

Президенттикке талапкер Франсуа Фийон айыптоолорду четке какканы менен, президенттик жарышта анын рейтинги төмөндөп кетти. Окуядан улам, көз карандысыз талапкер Эммануэл Макрондун атагы артып, алдыңкы талапкерлердин катарына кошулду.

24-февралга карата коомдук сурамжылоодо президенттик жарышта ашынган оңчул “Улуттук фронт” партиясынан талапкер Марин Ле Пен 26 пайыз менен алдыда келатат, ал эми Эммануэл Макрон 23 пайыз көрсөткүч менен экинчи сапты кармаса, Фийон үчүнчү орунга жылды.

XS
SM
MD
LG