Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

Депутатты коргоо штабы түзүлдү


Бириккен саясий күчтөрдүн штабын Роза Отунбаева жетектеши мүмкүн экени айтылууда.

Жекшембиде Бишкекте, Базар-Коргон районунда жана Ош шаарында нааразылык акциясы болду.

Башкалаада Улуттук коопсуздук комитетинин алдында түшкө жуук башталган митинг жети сааттан кийин убактылуу тарады. "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин партиялаштары, белгилүү саясатчылар башында турган бул митингде аны камактан бошотуу талабы коюлуп, нааразылык акциялары талап аткарылмайынча уланары айтылды. Бийлик өкүлдөрү коюлган талаптарга жооп кайтара элек.

Отунбаева: Текебаев чындык үчүн күйгөн адам
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Жекшембиде УКМК алдына Текебаевди бошотуу талабы менен чыккан миңге жакын адам депутаттын 48 саатка камалышына нааразылык билдирип, бошотууну талап кылышты. Маал-маалы менен “Текебаевге боштондук” деп кыйкырып турушту.

Митингге “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү, депутаттар, жарандык активисттер, саясатчылар, Текебаевди колдогондор, Убактылуу өкмөттүн бир катар өкүлдөрү жана экс-президент Роза Отунбаева да келип, сөз сүйлөштү. Мурдагы президент Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишин “жалган жалаа” деп мүнөздөдү:

- Биргеликте кайсы жолго баратабыз, кандай жолду тандайбыз деген суроолорго жооп издешибиз керек.Текебаевге жалган жалаа жаап жаткан Маевский ким экенин көрдүк. Текебаевди террорчудай кылып кармап, кемсинтип жатканы баарыбыздын күйбөгөн жерибизди күл кылып жатат. 2017-жылы шайлоого даярдангандын ордуна бийлик ушундай ыплас иштерди кылып жатканы өкүндүрөт.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, экс-депутат Асия Сасыкбаева Текебаевди аэропорттон түшө электе кармап, күч кызматкерлери туура эмес кадамга барды деген пикирде:

- Азыр Курманбек Бакиевдин убагында болгондой авторитардык режимге баратабыз. Ошондой эле көрүнүштөр кайталанып жатат. Мындай нерсе Кыргызстан, эл үчүн кооптуу.

“Атамекенчи” депутаттар Текебаевдин кармалышына байланыштуу 27-февралда Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулуп, маселени талкуулай турганын жарыялашты. Эл өкүлү Каныбек Иманалиев парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков жыйын өткөрүүгө макул болгонун жана Текебаевди коргоо штабы түзүлгөнүн митингде билдирди:

- Бүгүн бийликтин кылыгы оппозицияга карата репрессиянын башталышынан кабар берди. Биз Бакиевден кутулдук деп жүрсөк, анын фамилиясы эле кетиптир. Себеби анын үй жайы, байлыгы толугу менен Атамбаевдин колунда жүрөт. Текебаевди колдоону уланта беребиз, биз бийликтен коркпойбуз. Азыр бир болбосок, эртең баарыбызды камап баштайт.

Оппозициялык депутаттын кармалышы боюнча Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, аны эмне үчүн күч менен кармап кеткенин расмий органдардан суроо керектигин, чет элдик жарандардын сырттан берген көрсөтмөсү менен белгилүү саясий ишмерди, оппозициялык фракциянын лидерин түндө камакка алуу одоно ката экенин КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев да билдирип чыкты. Ошол эле маалда ал бардык саясий күчтөрдү өлкөдөгү кырдаалды курчутуудан оолак болууга чакырды.

Ал арада жарандык активисттер кезексиз жыйын боюнча кол топтой башташты.

Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Тиешелүү материалдарды Башкы көзөмөл органына өткөрүп берген:

- Өмүрбек Текебаев УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген иштин негизинде кармалды. Азыр коопсуздук комитеттин убактылуу кармоочу жайында камакта. Башка эч нерсе айта албайбыз, - деди коопсуздук комитеттин атайын өкүлү Рахат Сулайманов.

Салянова: Бийлик чагым уюштурууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Атайын кызмат быйыл январда “Мегаком” боюнча жаңы иликтөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялаган, анда Текебаевдин мурдагы партиялашы Өмүрбек Абдрахмановдун да ысымы аталган болчу. Бир кезде үзөнгүлөш жүргөн Абдрахманов Текебаевдин орустардан акча алганын бир нече жылдан бери айтып келатат. Буга чейин Өмүрбек Текебаев Абдрахмановду жалган маалымат таратты деп сотко берип, утуп алган. Абдрахманов менен байланышканыбызда "Азаттык" радиосуна комментарий берүүдөн баш тартты.

Коомчулуктун баасы

Ушул тапта бийликтин акыркы кадамына түрдүүчө баа берилүүдө. Текебаевди кармоо менен бийлик элдин маанайын байкап көрүүнү максат кылды дейт журналист Эрнис Кыязов:

- Текебаевдин эч жакка качып кетпестигин, аны Жогорку Кеңештен суракка чакырса деле “кел” деген жагына келип берерин жакшы эле түшүнгөн. Демек УКМК астындагы митинг – тек элдин маанайын байкап көрүү далалаты. Текебаев чыккан күндө деле жоошуп калбай кайра от алып, Атамбаевдин абийирин ого бетер төгүүнү күчөтүп жүрүп олтурат. Атамбаев жана анын командасы да өз арсеналындагы бар күчтү болушунча колдонуп, коргонот, актанат, жалаа жабат, камачуну камайт, коркутчуну коркутат. Кыскасы, эки тарап тең артка кайтпачу чекит башталды.

Текебаев соңку айларда президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана ага импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөнү белгилүү.

Ошол эле кезде Текебаевдин камакка алынышында эч кандай саясат жок деп эсептегендер да бар. КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев “Азаттык” радиосуна муну саясий куугунтук деп сыпаттаган туура эместигин айтты:

- Чынында муну саясий куугунтук деп айта албайм. Сөздүн ачыгы, мурунку бешинчи чакырылыштын депутаттарына деле иш козголгон. Азыркы алтынчы чакырылышта деле Өмүрбек Чиркешовичтен башкаларга деле иш ачылып жатат. Тиги же бул деп айтыш кыйын. Дүйшөмбү жумушка чыгып, документтер менен таанышып, талдап көргөндөн кийин айтабыз.

Текебаевдин тарапкерлери ал бошотулбаса, мөөнөтсүз акция уланып, 27-февралдан тарта Ош-Бишкек жолун тосууга чейин бара тургандыктарын эскертишти. Саясат таануучу Аскар Мамбеталиев эл өкүлү бошотулбаса, саясий кырдаал курчуп кетиши мүмкүндүгүн четке какпайт:

- Күнөөлүү же күнөөсүз деген маселени сот аныктап, сот чечиши керек. Өмүрбек Текебаев башкы оппозициячы болгондуктан, сөзсүз түрдө элдин баары бул окуяларды саясий өңүттө деп эсептешет. Мунун Алмазбек Атамбаев тараптан болуп жатканы ачык көрүнүп турат. Текебаев күнөөлүү болгон күндө да аэропорттон келер замат “террорчу” сыяктуу кармоо президентке жарашпайт. Маданияттуу жол менен кармаш керек болчу. Орой мамиле жасалып, биздин бийликтегилердин саясий маданияты төмөн экени билинип калды.

"Ата Мекендин" лидерин колдогон митингдер Базар-Коргон районунда жана Ош шаарында да өттү. Анда да Өмүрбек Текебаевди, анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновду бошотуу, оппозицияны куугунтуктоону, мамлекеттик маалымат каражаттарынан бир беткей шыбоону токтотуу талабы коюлду.

Базар-Коргон: Текебаевди колдогондордун митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

Атайын кызмат Текебаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновду да кармап, тергеп жатат. Текебаев өзүнө козголгон кылмыш ишин атайын кызматтын "оюну" катары бааласа, Чотонов тагылган айыпты четке кагууда.

Президент баштаган бийлик өкүлдөрү коюлган талаптар боюнча үн ката элек. “Ата Мекенчи” депутаттар бүгүн Бириккен саясий күчтөрдүн штабы түзүлөрүн, аны экс-президент Роза Отунбаева жетектеши мүмкүндүгүн айтышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG