Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:02

Оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевди камоого байланышкан чыңалууну басаңдатуу үчүн тирешкен тараптарды кепке келтирүү демилгеси көтөрүлдү.

Буга байланыштуу курамына илимий элитанын, маданияттын, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана мурдагы саясий ишмерлер кирген Улуттук кеңеш президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, коомдук-саясий кырдаалдын курчуп кетүүсүн алдын алуу чараларын сунуштай турган болду.

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков бийлик менен оппозиция азыр ортомчулукка муктаж эмес экенин айтып, саясий кырдаал курчуп кетиши мүмкүн деген божомолду жокко чыгарды.

Улуттук кеңештин демилгеси

Жакында түзүлгөн Улуттук кеңеш президенттик шайлоонун алдында коомдук-саясий кырдаалдын курчуп кетишин алдын алуу демилгесин көтөрүп чыкты.

Бул уюм оппозициялык саясатчыларга каршы кылмыш иштерин козгоп, алардын айрымдарын камакка алган соңку окуяларга байланыштуу коомдогу чыңалууну басаңдатуу зарылдыгын сунуштайт. Мына ошого байланыштуу Улуттук кеңеш бийлик менен оппозицияны сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырып, тараптарды өз ара ымалага келүүгө үндөдү.

Улуттук кеңештин өкүлү, профессор, публицист Осмонакун Ибраимов кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө зарылдыгына токтолду:

- Аксакалдарыбыз, коомдогу калыс адамдар ортого түшүп, тынчтандырып, элибизди дүрбөтпөй бүтүрсөк деген максат. Биздин Улуттук кеңеш президент Алмаз Шаршеновичке расмий түрдө кайрылып, кабыл алуусун суранып жатабыз. Президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекендин" башчысы Өмүрбек Текебаев эки ыңкылапта тең чогуу болгон кишилер. Экөөнүн ортосунда достугу да бар эле. Анан биз ал экөөнөн тең "эрежесиз урушту" токтотуп, элдин тынчтыгы үчүн аларды ымалага келишин өтүнөлү деп жатабыз. Анткени саясий кырдаал курчуп, элдин көчөгө чыгып кетишине кайдыгер карап тура албайбыз. Мунун кесепети ансыз дагы муңдан арылбаган элибизге эле тиет. Ошондуктан биздин Улуттук кеңеш коомдогу чыңалууну басаңдатуу жана Атамбаев менен Текебаевдин ортосундагы араздашууну жайгаруу ниетин билдирет.

Бийлик улуттук элитаны угабы?

Улуттук кеңеш саясий кызыкчылыктардан жогору туруп, мамлекеттеги жана коомдогу курч жана талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө өбөлгө түзүү максатын көздөйт.

Улуттук кеңештин курамына медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеев, медицина илимдеринин доктору, академик Миталип Мамытов, мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев, мурдагы премьер-министр Турсунбек Чыңгышев жана коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков сыяктуу адамдар кирген.

Академик Миталип Мамытов чыңалууну басаңдатуу президенттин саясий эркинен көз каранды экенин белгиледи:

- Эми бул маселени өз ара диалог менен келишимге келип, сүйлөшүү жолу менен ынтымакка келтирүү жагын чечүүгө өбөлгө түзө алсак жакшы болот эле. Эмне болгон күндө дагы биз муну эки тарапка тең сунуш кылышыбыз зарыл болуп турат. Бул маселени чогулуп туруп, анан дагы бир жолу сүйлөшөбүз. Анан эми ажобуз буга кайдыгер карабай, бизди кабыл алууга макул болсо, анда бул ишти андан ары аркаласак болот. Бирок ал киши мындай демилгени кабыл албай турган болсо, анда анын кереги жок.

КСДП: "эч кандай чыңалуу жок"

Бирок чынында эле ортодогу чыңалууну басаңдатып, саясий тирешти токтотуу үчүн тараптар кепке келип, кырдаалды курчутпоо чараларын биргеликте иштеп чыга алабы деген маселе турат. Анткени соңку мезгилде президент Алмазбек Атамбаевдин командасы менен "Ата Мекен" партиясы бирин-бири каралап, катуу айтышып келген жайы бар.

КСДП партиясынан депутат Рыскелди Момбеков учурда кырдаал бийликтин толук көзөмөлүндө экенин айтып, жарашууга баруу маселесин көтөрүүгө муктаждык жоктугун билдирди:

- Алар алдын алып, ошондой кайрылуу жолдогону туура. Бул баягы карыялык кеңеш. Бирок азыр бизде ошондой жагдайга жетип кала тургандай кырдаал түзүлгөн жок да. Жөн эле жерден "коомдук-саясий кырдаал курчуп кетти, чыңалууну басаңдаталы" деп чыккандары туура эмес да. Биз өзүбүз деле чыңалып бараткан нерсени басаңдатуу боюнча күндө эле парламенттен "атамекенчил" депутаттар менен жолугуп, сүйлөшүп турабыз. Бул жерде маселе жок. Анан эми Текебаев боюнча маселени сот чечиши керек. Президент буга чейин эле өзүнүн бул боюнча оюн айтты. Президент "бул жерде эч кандай саясат жок, куугунтук эмес. Бул жөн эле катардагы кылмыш, алдамчылык" деп айтпадыбы.

Анткен менен айрым укук коргоочулар Улуттук кеңештин абалды жөнгө салуу боюнча бийлик менен оппозициянын ортосуна арачылык кылуу демилгесин колдоп чыгышты.

"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова тараптарды ымалага келтирүүнүн шарттары ачык жана акыйкат болууга тийиш экенин айтты:

- Демилгечи тарап бийликтен жалтактабастан, кошомат кылбастан абалды туура баалап, бийликке оппозициянын оюн жеткире алса. Анан алар сүйлөшүүлөрдө мыйзамдуулуктун сакталышын дагы эске алуу менен иш алып барса, анда бул демилгеден жыйынтык чыгышы мүмкүн. Бул жерде сүйлөшүүгө барууга эки тарап тең жок дебей турган нерсе бул - мыйзамдуулуктун сакталышы жана акыйкат соттук териштирүү. Ошого баруу үчүн эки тарап тең кадам ташташы керек. Бийлик тарап Текебаевге карата камабай туруп, тергөө жана сот иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берсе, оппозиция тарап болсо элди көчөгө чыгарбоо сыяктуу милдеттенмелерди алган макулдашууга келишсе болот. Буга мыйзам дагы жол берет.

Акыркы күндөрү "Ата Мекен" партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жатат.

"Ата Мекен" партиясы жана анын тарапташтары Текебаевдин боштондугун талап кылган митинг анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү караган сот башталганга чейин таратылганы белгилүү. Бирок бул оппозициялык партия сот башталган учурда башка бир саясий күчтөр менен биргеликте мөөнөтсүз саясий акцияларды уюштурууга кам көрүп жатканы тууралуу маалыматтар дагы чыга баштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG