Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Ислам Каримовдун тууганы боштондукка чыкты


Жамшид Каримов.
Жамшид Каримов.

Өзбекстандын туңгуч президенти, маркум Ислам Каримовдун бир тууган агасынын уулу, 2012-жылдан бери психикалык ооруканада жаткан журналист Жамшид Каримов эркиндикке чыкты.

Ал бийликтин саясатын сындап жазганы үчүн кысымга кабылып, психикалык бейтапканага мажбурлап жаткырылган.

Өзбекстанда журналисттин эркиндикке чыкканы тууралуу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) басма сөз кызматы 1-мартта маалымат тараткан. Европа коопсуздук кызматташтык уюму Жамшид Каримовдун боштондукка чыкканын кубаттап, камактагы башка журналисттерди да бошотууга өзбек бийлигин чакырды.

- Мен чын жүрөгүмдөн Жамшид Каримовдун бошотулганын кубаттайм. Бул чечим айрыкча Мухаммад Бекжандын эркиндикке чыкканынан көп өтпөй болуп жатканы жакшы көрүнүш. Ошондой эле бийликти Юсуф Рузимурод, Салижан Абдурахманов жана Дилмурад Сайидди сыяктуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн дагы бошотууга чакырам. – деп жазылат эл аралык уюмдун өкүлү Дуня Миятовичтин кайрылуусунда.

Ислам Каримов
Ислам Каримов

Туңгуч президент Ислам Каримовдун бир тууган агасынын уулу, 49 жаштагы журналист Жамшид Каримов мурда Жизак облусунда жашаган. 2000-жылдан тарта эл аралык медиа менен кызматташкан. Ал 2004-жылы сөз эркиндигин коргоп, цензурага каршы чыккан жана ушуга байланыштуу бир топ сын көз караштагы макалаларды жазып турган. Алгач бийликтин кысымына 2006-жылы кабылып, психикалык ооруканага мажбурлап жаткырылган. Ал жерден 2011-жылы бошотулуп, бирок бир жылдан соң кайра эле бейтапканага жеткиришкен.

2016-жылдын ноябрында “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына ташкенттик эркин журналист, Asia-Terra сайтынын редактору Алексей Волосев Жамшид Каримовдун 19 жаштагы кызына жолукканын айтып берген эле. Кыз Ислам Каримовдун каза болгонунан эки ай өтсө да Жамшид аны укпаганын Волосевге билдирген.

Президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Өзбекстандагы саясий туткундардын айрымдары эркиндикке чыкты. Ушул апта башында 18 жыл абакта жаткан журналист, Ислам Каримовдун эң башкы оппоненти Салихтин иниси Мухаммад Бекжан бошотулган эле. Ал бул үчүн президент Шавкат Мирзиёевге ыраазылык билдирип, өзүнө окшош тор артында жаткан кесиптештерин да бошотууну суранган.

- Түрмөдө мага окшогон башка журналисттер дагы бар. Алар – Юсуф Рузимуродов, Агзам Тургунов жана Салижан Абдурахманов. Буларды эркиндикке чыгаруу керек. Мындан тышкары президентибизден “Эрк” партиясынын лидерлеринин бири, 25 жылдан бери абакта жаткан Мухаммад Ражабды дагы бошотууну өтүнөм, – деп айтты журналист президентке жасаган видео кайрылуусунда.

Эл аралык уюмдардын байкоосунда, коңшу Өзбекстанда саясий көз карашы, ишмердүүлүгүнө байланыштуу бийликтин каарына калган көптөгөн таанымал укук коргоочулар, журналисттер абакта жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG