Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Бозгундар: Өзбекстанга басым күчөтүлсүн


Хельсинки комиссиясынын 28-октябрдагы жыйынында өзбекстандык саясий бозгун Санжар Умаров кийинки жылы өтчү президенттик шайлоонун алдында өлкөдөгү саясий негиз менен камалып отурган адамдарды бошотуу талабын коюуну АКШдан суранды.

Адам укугун коргоочу "Хьюман Райтс Уотч" уюму Өзбекстанда камалып жаткан саясий туткундар түрдүү кыйноолорго кабыларын жазып чыккан.

Учурда Америкада жашаган өзбекстандык саясатчы, активист Санжар Умаров Вашингтондун Өзбекстанга басымы саясий негизде камалган ондогон жарандардын эркиндикке чыгышына өбөлгө болмок деп эсептейт. Өзбекстанда ушул жылдын соңунда парламенттик, кийинки жылы президенттик шайлоо өтөт деп мерчемделген.

- Биз армия же акча сураган жокпуз. Болгону Мамлекеттик департамент Каримовдун кайрадан президент болуп шайланышын жактабай турганын билдирип коюусун суранып жатабыз. Анын кайра шайланышы Конституцияны тебелегендик менен барабар. Өзбекстандын Баш мыйзамы боюнча бир адам президенттикке эки жолу гана шайлана алат.

Сүрөттө: Өзбек түрмөсүндө көз жумган адамды сыртка чыгарышууда
Сүрөттө: Өзбек түрмөсүндө көз жумган адамды сыртка чыгарышууда

Эл аралык адам укугун коргоочу “Хьюман Райтс Уотч” уюму сентябрдагы жарыялаган баяндамасында Өзбекстанда саясий негизде камалган укук коргоочулар, журналисттер, активисттер абактарда кыйноонун ар кандай түрүнө кабылып, адам чыдагыс шартта кармалып турушканын жазган.

Ошондой эле саясий негизде камалган жарандардын абак мөөнөтүнө жасалма жылдар кошулары, өз укуктарын коргоп чыккан миңдеген адамдар мыйзамсыз эркинен ажыратылары айтылган. Баяндама сот документтерине, көптөгөн интервью, анын ичинде түрмөдөн жаңы чыккан кишилердин көрсөтмөлөрүнө негизделген.

Аталган уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү жана докладдын автору Стив Свердлов Бириккен улуттар уюмуна, АКШ жана Европа биримдигине кайрылып, Өзбекстандагы адам укуктарынын абалын изилдөө механизмдерин түзүүнү сунуш кылды.

- Өзбекстандагы адам укуктарына Батыш өлкөлөрү кандайдыр бир деңгээлде көз жумуп жатканы өкүнүчтүү.

Өзбек президенти Ислам Каримов жана НАТОнун ошол кездеги баш катчысы Андерс Фог Расмуссен, Брюссель, 24-январь, 2011-жыл
Өзбек президенти Ислам Каримов жана НАТОнун ошол кездеги баш катчысы Андерс Фог Расмуссен, Брюссель, 24-январь, 2011-жыл

Ошондой эле АКШ расмийлери бул үчүн Каримов бийлигин сындаганы менен эки тараптуу кызматташуу маселесине келгенде адам укуктары экинчи планга жылып калганын айтты. Свердлов НАТО аскер күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Вашингтон саясий негизде куугунтукталып же бийликти сындаганы үчүн камалгандар тууралуу ачык-айкын айтат деп үмүттөнөт. Анткени АКШнын Ооганстанга жүк ташыган жолу Орусия менен Борбор Азия, анын ичинде Өзбекстан аркылуу өтөт.

Хельсинки комиссиясынын жыйынында Санжар Умаров менен чогуу 1999-жылдан бери абакта отурган журналист Мухаммад Бекжановдун кызы Айгүл Бекжанова да сүйлөдү. Ал атасын Киевден кармап кеткен учурду эстеп, кармоо маалында ал кыйноого кабылганын, үй-бүлөсү жабыркаганын жана 2012-жылы Бекжановдун абактагы мөөнөтү дагы беш жылга мыйзамсыз узартылганын айтты.

- Тилекке каршы, Өзбекстанда саясий туткун болуу абийирдүү адам экениңдин белгиси болуп калган деп айткым келет. Өкүнүчтүүсү - бул Өзбекстандын азыркы абалы.

Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет. Бирок бийлик “саясий көз карашы үчүн соттоо” деген берене жок экенин айтып, мындай дооматтарга макул эмес.

XS
SM
MD
LG