Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Диалогду талап кылган чыңалуу


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы менен бир катар нааразылык акциялары өтүп жатат.

Оппозиция бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда. Ал ортодо бир катар саясий күчтөр өлкөдөгү туруктуулукту сактоо үчүн саясий диалогго чакырып жатат. Коомдогу туруктуулукту сактоо үчүн кандай чаралар көрүлүшү зарыл? Өлкөдөгү саясий күчтөр ортосундагы диалог кандай жүрүшү керек?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна президенттик аппараттын мурдагы башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаев жана профессор Бекбосун Бөрүбашев катышты.

“Азаттык”: “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин камакка алышы менен бир катар нааразылык акциялары өтүп жатат. Оппозиция бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда. Бул кырдаал кандай нукта өнүгүшү мүмкүн? Кырдаалдын күчөшүнө алып келбейби?

Текебаевге каршы көрсөтмө берген Маевский аттуу адамдын өзү шек жаратып жатат. Анткени бул адам буга чейин Орусияда эки-үч жолу бирөөлөргө жалган жалаа жапканы үчүн соттолгон экен. Аны профессионал жалаа жапкыч катары көргөндөр бар.
Эмил Каптагаев

Каптагаев: Кандай гана кыймыл болбосун ал кошумча кыймыл жаратат. Кимдир бирөөгө күч колдонуу, ага каршы күч жаратары физиканын мыйзамы. Ошондуктан, учурдагы кыймыл-аракет, айрыкча Текебаевди кармоо тартиби элге карата опуза катары аткарылышы көп кишилерди нааразы кылууда.

Албетте, күнөөлүү киши жооп бериши керек. Бирок күнөөсүнө карата, ал кишинин коомдогу, саясаттагы ордуна карата мамиле болушу керек деген нерсе көпчүлүк кишинин жүрөгүн өйүп турат.

Мындан аркы кадамдар кандай болот, кандай чечим кабыл алынат кырдаал ошого жараша өнүгөт.

“Азаттык”: Сиз кырдаалдын кандай өнүгүшүн көрүп жатасыз?

Каптагаев: Мен белгилеп өткөндөй адамдын күнөөсү болсо, ал жазаланышы керек. Эч ким сыртта калбашы зарыл. Бирок Текебаевге каршы көрсөтмө берген Маевский аттуу адамдын өзү шек жаратып жатат. Анткени бул адам буга чейин Орусияда эки-үч жолу бирөөлөргө жалган жалаа жапканы үчүн соттолгон экен. Аны профессионал жалаа жапкыч катары көргөндөр бар.

Ошондуктан, элде муну атайын жалдап, даярдап саясий буюртма менен жалаа жаап жатабы деген шек туулду. Ал адам биздин өлкөдө айтат, анан кетип калат, эч жоопко тартылбайт. Ошондон улам ишенбөөчүлүк пайда болууда.

Ошондуктан, Текебаевге карата арыз берген адамдын өзүнүн кадыр-баркы шек туудурду.

“Азаттык”: Бекбосун мырза, айрым күчтөр кырдаалды дагы курчутпоо үчүн өлкөдө саясий диалог кандай жүрүшү керек дешет. Бул диалог кандай негизде жүрүшү керек?

Бул партия акыркы алты жылдан бери отурушкан, ошондой системаны өздөрү түзүшкөн. Эми өздөрү түзгөн системанын курмандыгына айланууда.
Бекбосун Бөрүбашев

Бөрүбашев: Биринчиден, саясий күчтөр ортосунда бүгүн диалог керек. Бирөөнү камап койду, бошотуу керек деп митингге чыгуунун кажети жок. Бул маселелерди тегерек столго отуруп, терең талкуулап чечсек жакшы болмок. Бирок Кыргызстанда 2000-жылдардын башынан тарта митингдер саясатчылардын куралына айланып калды. Ошондуктан, ушундай чыңалуу жаратууда. Менимче, чыңалуу мурункудай катуу болбойт. Себеби, эл митингдердин маани-мазмунун түшүнүп калды. Бул акцияларды кимдер пайдаланып, кандай максатты көздөрүн аңдап-билишет.

“Азаттык”: Саясий диалог керек деп айтып жатасыз. Бирок оппозиция бийлик алардын үнүн укпай, орой түрдө күч колдонууга өткөнүн айтып жатпайбы. Азыркы шартта бийлик саясий диалогго даярбы?

Бөрүбашев: Бул жагынан оппозициянын айтканында кичине негиз бар. Себеби, бийлик өз оппоненттерин эмес, элди да укпай жатат. Эмнеге мындай кырдаал түзүлүп калды? Себеби жоопкерчиликсиз система түзүлүп калгандай. Мисалы, бүгүнкү кеп, талкуу Текебаев жана “Ата Мекен” партиясы жөнүндө болууда. Бирок бул партия акыркы алты жылдан бери отурушкан, ошондой системаны өздөрү түзүшкөн. Эми өздөрү түзгөн системанын курмандыгына айланууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG