Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:30

“Жоогазын ыңкылабынын” 12 жылдыгын утурлай Кыргызстан боюнча изилдөө жүргүзгөн Британиядагы Эксетер университетинин профессору Жон Хезершоу кыргыз демократиясынын абалы тууралуу маек берди.

“Азаттык”: Кыргызстанда “Жоогазын ыңкылабынын” 12 жылдыгы белгиленип жатат. Политологиянын көз карашы менен 12 жыл мурда болгон окуяларга азыр кандай мүнөздөмө берсе болот?

​Жон Хезершоу: 12 жыл мурда орун алган окуя - оппозициянын өкмөттү кетирүү үчүн улуттук деңгээлде мобилизациялануусу же бир топко биригүүсү болду. Себеби, Кыргызстан толугу менен авторитардык өлкө эмес. Президент Акаевдин бийликтеги акыркы жылдарында да толук авторитардык өлкө болгон эмес. Андыктан оппозициянын уюшуусуна жана жергиликтүү саясатчылардын тарапкерлерин айылдардан Бишкекке топтоп келип, бийликти алышына мүмкүнчүлүк болгон.

Аблязов март ыңкылабын каржылаганбы?

Кыргызстандагы саясий окуяларда, диний идеологиялардын жайылышында сырткы факторлордун канчалык таасири бар? Кыргызстан өз алдынча саясаты жасай алабы?

Андан бери биз окшош үлгүнү - оппозициянын мобилизациясын жана каршылыгын көрүп келатабыз. Курманбек Бакиевдин өкмөтү бийликти бекемдөөгө, күчтүү авторитардык өлкөнү жана элдин байлыгын уурдоо менен коштолгон клептократиялык режимди курууга аракет кылганда оппозиция кайрадан ал режимге каршы бириккен.

Бул окуялардын натыйжасында Кыргызстанда атаандаштык күчтүү болгон саясий айдың пайда болду. Мындай абал Кыргызстанды Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу башкача орунга чыгарды. Ал өлкөлөрдө саясий атаандаштык жок. Ошондуктан Кыргызстанда бир режимдин өтө күчтүү бийликти орнотуп, толугу менен авторитардык башкарууга өтүшү өтө кыйын. Мындай абалды коңшу өлкөлөрдөн көрүп жатабыз. Бирок Кыргызстандан эмес.

“Азаттык”: Коңшу өлкөлөрдү айтып кетпедиңизби. Жакында сиздин Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы окуяларды талдаган “Чек арасыз диктаторлор” деген китебиңиз жарык көрдү. Буга чейин да Кыргызстан жана анын коңшуларындагы саясий абал боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөнсүз. Сиздин көз карашыңыз боюнча, Кыргызстан өз коңшуларына демократиянын жакшы үлгүсүн көрсөтө алдыбы?

Жон Хезершоу: Авторитардык эмес жана анда атаандаштык системасы бар деп айтканым, бул өлкө демократиянын жакшы үлгүсүн көрсөттү дегенди билдирбейт. Жок дегенде азыркы жагдай ушундай. Кыргызстанда алдыдагы 10, 20, 30 жылда эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Атаандаштык кала берет деп ойлойм. Менин саясий тарыхтагы байкоолорум көрсөткөндөй, демократия өтө башаламан жолдор аркылуу калыптанат. Кандайдыр бир туруксуздук, саясий күч колдонуу, Кыргызстандагы сыяктуу ири элдик толкундоолор болот.

Менимче, азыркы стадияны карасак, айрымдар аны гибрид режим же жарым-жартылай демократия деп аташат. Андай режимде саясий элитанын арасында карама-каршылык менен коштолгон саясий динамика бар. Өкмөт ыйгарым укугунан аша чапкан жолдор менен иштейт. Бийлик оппозициячыл саясатчыларды бутага алат. Оппозиция аларга каршы кайрадан мобилизация болушу мүмкүн.

Андыктан азыр Кыргызстандагы айрым адамдар жана өлкөнүн сыртындагы байкоочулар эмне үчүн кабатырланып жатканын түшүнүп турам. Мындан сырткары Кыргызстандагы авторитардык эмес система коңшуларга коркунуч жаратканын да көрүп турам. Азыр Кыргызстанда – демократиялык эмес, бирок толук “авторитардык да эмес” система бар.

Коңшу өлкөлөр бийликти бекемдеп, жарандык коомду чектөө жолун тандашкан. Кыргызстан башкача. Эгер өлкө саясий зомбулуксуз иштеп кетсе, анда бул коңшу өлкөлөр үчүн чакырык болот, балким ал жактагы жарандык коомду шыктандыра алат.

“Азаттык”: Кезинде “Жоогазын ыңкылабын” Кыргызстанда Батыштын стилиндеги демократияны курууга болгон алгачкы аракет же умтулуу катары карагандар болгон. Сиз демократия маселесине бир аз кайрылып өттүңүз. 12 жылдан кийинки Кыргызстандагы азыркы демократиянын табиятын кандай мүнөздөйт элеңиз?

Азыркы стадияны карасак, айрымдар аны гибрид режим же жарым-жартылай демократия деп аташат. Андай режимде саясий элитанын арасында карама-каршылык менен коштолгон саясий динамика бар.

Жон Хезершоу: “Жоогазын ыңкылабына” катышкан айрым адамдар чын жүрөгүнөн демократияга умтулушкан. Бирок баары эле эмес. Маселен бул революциянын бир бөлүгү болгон Курманбек Бакиевде андай ниет болбогонун андан кийинки окуялар күбөлөдү.

Суроону экинчи бөлүгүнө келсек, Кыргызстанды калыптанган демократия деп атоого болбойт. Демократиялык элементтер бар, саясат таануу илиминен алып караганда атаандаштык да бар. Премьер-министрлер, өкмөттөр тез алмашып жатат. Парламентте атаандаштык байкалат. Ал атаандашык көбүнесе жашыруун болсо да, экономиканын бир бөлүгүнө ээлик кылып, саясий оппоненттерди күнөөлөө менен коштолсо да, демократиянын перспективасынан алганда саясий атаандаштык жакшы.

Бирок биз Кыргызстанда компромисс же мунасаны көрбөй жатабыз. Компромисстин институтташкан түрү жок. Демократиялуу өлкө деген атка ээ болуу үчүн мунаса же орток пикир таба билүү керек. Бийлик бутактары, институттар саясий ишмердүүлүктү аныктап жатат, бирок ал ишмердүүлүктү башкара албай жатат. Биз кайсы бир институтту кыянаттык менен пайдаланган же укуктан аша чапкан учурларды көрүп жатабыз.

24-март, 2005-жыл
24-март, 2005-жыл

“Азаттык”: Ошондо Кыргызстандагы акыркы саясий окуяларды эске алсак, саясий кырдаал демократияны куруу багытында канчалык кабатырлануу же үмүт жаратат?

Жон Хезершоу: Менимче, бул жыл өтө маанилүү. Президент Атамбаев мөөнөтүн кандай аяктап, жаңы президент кандай бийликке келери маанилүү. Эгер бул процесс Атамбаевдин айланасындагы топтун бийликти уурдоо аракети катары баалана турган болсо же президент кетсе да анын өнөктөштөрү бийликти ээлеп, бийликти ал топко ыңгайлуу кылып жүргүзө турган болсо, бул жагдайдан жаралган көз караш оппозициянын биригишине, нааразылык акцияларына жол ачышы мүмкүн.

Андай абалда бийлик күчтүү болсо кайрадан камоолорго, оппозицияны куугунтуктоого өтүшү ыктымал. Мындай шартта бекем борборлошкон авторитаризмдин же андан да жаман, зомбулукка жол берген режимдин пайда болуу ыктымалдуулугу бар. Бирок институтташкан компромисс табыла турган болсо, парламентте түрдүү фракциялардын тең салмактуулугу сакталып, коалиция пайда болсо, абал дале башаламан болушу мүмкүн, бирок салыштырмалуу бул прогресстин белгиси болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG