Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Апрель ыңкылабынын алты жылдыгы белгиленүүдө


Кечээ 7-апрелди эс алуу – майрам күндөрдүн катарына кошуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда тең көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, президент кол койгон. 
Кечээ 7-апрелди эс алуу – майрам күндөрдүн катарына кошуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда тең көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, президент кол койгон. 

Бүгүн Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель апаатына туура алты жыл толду. 2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Андан 90го жакын киши өлүп, 300дөн ашууну жаракат алган.

Бүгүн Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде апрель курмандыктары маркумдардын туугандары, жабыркагандардын жана апрель баатырларынын,президент баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда эскерилип, көрүстөндөрүнө гүл чамбар коюлду. Ошондой эле бүгүн "Ала-Тоо" ресторанында куран окулат.

2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Андан 90го жакын киши өлүп, 300дөн ашууну ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Апрель апаатына байланыштуу соттук териштирүү дале аягына чыга элек.

Президент Алмазбек Атамбаев апрель окуясынын 6 жылдыгына байланыштуу элге кайрылуу жасады. Анда бүгүндөн тартып расмий майрамдардын катарына дагы бир майрам – 7-апрель – Элдик апрель революция күнү кошулганы белгиленип, бул чечимдин себептерине токтолгон. Аксы окуясы, март ыңкылабы жана 2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөшү жүргөнүн, булар бири-бири менен байланышта экенин эске салган.

Ошондой эле соңку жеңиш күнүн майрамдоо дүйнөлүк тажрыйба экени, бул сыяктуу даталуу күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы, көз жаш аралаш эскерилип, бара-бара шаӊдуу майрамга айланарына ишеним айтылган.

Атамбаев 7-апрелди майрам катары белгилөөгө каршы чыккан саясатчыларды эл бузарлар катары сыпаттады. Кечээ 7-апрелди эс алуу – майрам күндөрдүн катарына кошуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда тең көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, президент кол койгон.

XS
SM
MD
LG