Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Сыдыкова: Ыңкылап аягына чыга элек


Замира Сыдыкова 2005-жылдагы март ыңкылабынын алдындагы митингдердин биринде.
Замира Сыдыкова 2005-жылдагы март ыңкылабынын алдындагы митингдердин биринде.

Белгилүү журналист, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова “Аягына чыкпаган ыңкылап” аттуу китебин жазып бүтүп калды.

«Азаттык»: Замира, сөздү ушу тапта эмне иш менен алек болуп жатканыңыздан баштасак...

Сыдыкова: Менин жаңы китебим даярдалып бүтүп калды. Буга чейинки бир маегимде айттым эле “Ыңкылаптын башталышы бар, аягы жок” деген аталыш менен чыгат деп. Мындай ойду философ Николай Бердяев айткан экен. Эмки аталышы “Аягына чыкпаган ыңкылап” болуп калды. Анткени биз Кыргызстандагы эки ыңкылап менен кайсыл бир саясий баскычты аягына чыгарган жокпуз. Бул китепти жазууда мага Америкадагы белгилүү Вудроу Вилсон борбору атайын төрт айлык стипендия берип, колдоо көрсөттү.

Бишкек, 2005-жылдын 24-марты.
Бишкек, 2005-жылдын 24-марты.
«Азаттык»: Китепте Кыргызстандын тарыхынын кайсыл мезгили, кайсыл окуялар камтылат?

Сыдыкова: Китептин өзөгүн былтыркы апрель окуялары түздү. Ал окуялардын себебин түшүнүп, түпкү себебин табуу – башкы аракет болду. Былтыркы окуяларды түшүнүш үчүн албетте, Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин тушундагы окуяларга кайрылууга туура келди. Июнда Ош, Жалал-Абадда болгон кагылышууларды туура баяндаш үчүн 20 жыл мурунку 90-жылкы коогалаңды эске салдым. Ошондуктан китепте өткөнгө кайрылмай, кайра азыркыга кайтып келүү, ортодогу байланыштарды анализдеп былтыркы окуяларды баяндоо аракети жасалды.
Ыңкылап деген сөзсүз эле кан төгүү, курмандыктар эмес да. Баркыт ыңкылабы, жоогазын ыңкылабы тынч эле өтпөдүбү. Көзү ачыктык кылгым келбейт, бирок бул изденүү жолу аяктай элек...

«Азаттык»: Биринчи китебиңиз менде бар. Анда сиз 1990-жылдардын башында болгон окуяларды автордун атынан, ошол окуяларга түздөн-түз катышкан адам катары баяндайсыз. Былтыр апрель окуялары маалында алыста, Америкада болдуңуз. Окуялар анда кимдин атынан баяндалат?

Сыдыкова: Бу жолу мен фундаменталдык мамиле жасадым. Төрт ай китепканалардан чыкпай, былтыркы окуялар тууралуу жазылган материал, маек, адабиятты казып чыктым. Дегеле ыңкылаптардын табияты, теориясы тууралуу көп окудум. Америкада соңку жылдары Украина, Грузия, Кыргызстанда болгон ыңкылаптарды изилдеген адистер аз эмес. Илимий изилдөөлөр көп жарыяланды. Бул жерде баса белгилеп кетейин, бул ыңкылаптардын баары – кезектеги саясий айлампанын бир бөлүгү катары каралат. Бул саясий айлампа керек болсо аягына чыга элек.

«Азаттык»: Андай болсо, бул окуялар эмне үчүн дал Кыргызстанда орун алды?

Бишкек, 2005-жылдын 25-марты.
Бишкек, 2005-жылдын 25-марты.
Сыдыкова: Анткени биздин мамлекет – структуралык жактан бекем калыптана элек. Мамлекеттик түзүлүштүн өзүбүзгө ыңгайлуу формасын таба элекпиз. Коомдук саясий институттар ырааттуу иш алып баралбай жатат. Улам толкундап изденүү жолунда келатып, Конституцияны 8 жолу алмаштырдык. Улам жаңыны ойлоп таппай эле кайра мурунку эскисин кабыл алып, аны кайра мурункусуна алмаштырган учурларыбыз болду. Мына азыр парламенттик системаны киргиздик деп атабыз. Бирок коомдогу талкуу-талаштар дагыле токтой элек. Ошондуктан мен биздеги изденүү дагы улантылат деп ойлойм. Ыңкылап деген сөзсүз эле кан төгүү, курмандыктар эмес да. Баркыт ыңкылабы, жоогазын ыңкылабы тынч эле өтпөдүбү. Көзү ачыктык кылгым келбейт, бирок бул изденүү жолу аяктай элек.

«Азаттык»: Китебиңизде былтыркы апрель окуяларын ыңкылап деп атайсызбы?

Сыдыкова: Жок, ыңкылап эмес, ал окуяларды бийликти басып алуу деп атаган оң. АКШдагы көп изилдөө борборлору ушундай пикирде.

«Азаттык»: Ал жакта түрдүү пикир бар деңизчи. Сиз эмне үчүн ыңкылап деп эсептебейсиз?
Бизде акча жок. Ресурстар бар, бирок аларды кандай иштетишти билбейбиз. Коомчулукта биримдик, саясатчыларда ынтымак жок. Каражат табыш үчүн сырткы күчтөрдүн жетелендисинде калганыбыз да ошондон...


Сыдыкова: Бул жерде кеп былтыркы окуялар “мага жагат, же жакпайт” деген маселеде эмес. Мындай окуяларды, дүйнөдөгү ыңкылаптарды изилдеген илимий топтордун атайын категория, матрицалары бар. Мисалы, Латын Америка өлкөлөрүндө тынымсыз ар түрдүү ыңкылаптар болуп турат. Изилдөөчүлөр андай окуяларды “бул ыңкылаппы, же төңкөрүшпү” деп терең талдап чыгып өз баасын беришет. Ошондуктан бул жерде жалгыз менин жеке пикирим, же көз карашым чечүүчү роль ойной албайт.

«Азаттык»: Китебиңизде былтыркы апрель окуялары боюнча буга чейин белгисиз факт, маалымат таба алабызбы?

Бишкек, 2010-жылдын 7-апрели.
Бишкек, 2010-жылдын 7-апрели.

Сыдыкова: Менимче, таба албайсыздар го. Силер ал окуяларды өз көзүңөр менен көрүп, күн сайын ар бир жаңылыкты окуп-билип тургандыктан силер үчүн жаңылык деле болбойт. Бирок топтолгон фактыларды шурудай тизе баштаганда, саясатчылардын ал күндөрү, же ошол окуялар боюнча берген маек, комментарий, билдирүүлөрүн жакшылап анализдеп чыксаң, ал окуяларды түшүнүүдө кандайдыр бир жаңы өңүтү чыгып калат. Өзүлөрү байкабай калып деле саясатчылар кандай максатты көздөгөнүн, ким менен байланышып, кимдер менен кызматташып турганын билдирип коюшат.

«Азаттык»: Сиз былтыркы апрель окуялары – бул бирөөнүн планы, стратегиясы боюнча жасалган деп эсептейсиз?

Сыдыкова: Сөзсүз. Керек болсо атайлап сценарий жазылган. Бирөө отуруп алып: “Элди аянтка алып чык, курал тарат! Мени ээрчигиле деп айт!” деп кыйкырып буйрук берип турбаса да, атайын саясий технология колдонулган деп айта алам. Мындай окуялардын чын-төгүнүн табууга кээде бир топ жылдар, ондогон жылдар кетиши мүмкүн. Айрым учурларда мындай окуялардын артында ким турганы ачылбаган бойдон калат. Азыркы доордо окуялар өнүгүшүн башка жакка бура турган мыкты саясий технологиялар иштелип чыккан жана алар иштеп атат.

Бишкек, 2010-жылдын 7-апрели.
Бишкек, 2010-жылдын 7-апрели.
«Азаттык»: Андай болсо, мындай эксперименттер Кыргызстанда дагы улантылбайбы?

Сыдыкова: Улантылат деп ойлойм. Анткени биз көз каранды мамлекетпиз. Бизде акча жок. Ресурстар бар, бирок аларды кандай иштетишти билбейбиз. Коомчулукта биримдик, саясатчыларда ынтымак жок. Каражат табыш үчүн сырткы күчтөрдүн жетелендисинде калганыбыз да ошондон.

«Азаттык»: Китебиңиз качан колго тийет жана кайсыл тилде жазылат?

Сыдыкова: Англис тилинде жазылып бүтүп калды. Кириш сөзүн жана жаңыле өткөн президенттик шайлоо тууралуу бөлүмүн бүтүрсөм жакынкы келечекте чыгып калат деп үмүттөнөм. Кийинчерээк аны орусча которуп Бишкекте басып чыгарайын деген оюм бар.

«Азаттык»: Китебиңиз чыккандан кийин дагы маектешээрбиз. Ийгилик каалайбыз!
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG