Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Анатай Өмүрканов: 7-апрел ыңкылабы кыргыздын көкүрөгүн ачты


Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов
Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов

Кыргызстандагы 7-апрел ыңкылабы жана ага чейинки окуялар тууралуу Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов “Азаттыктын” обого түз чыккан берүүсү маалында өз пикирин билдирди.

- Мен билгенден сиз жазуучу жана акындар жамаатынын саясий жактан активдүү саналуу өкүлдөрүнүн бирисиз. Учурунда оппозициянын кыймылына да аралашып жүргөнсүз. Апрелдеги окуяларды кандай кабыл алдыңыз?

Анатай Өмүрканов: Ар бир кыргыз кабыл алгандай эле чыныгы сүйүнүч менен кубанычка кучагымды толутурдум дегендей аябай кубанып кабыл алдым. Бул баарыбызга тарыхый окуя болбодубу.

- Бирок трагедиялык жагы да болду, аны айта кетишибиз керек. Милиция эл менен боло алган жок деген ырастоолор азыр айтылып келатпайбы. Милиция менен акындардын айырмасы асман менен жердей деңизчи. Бирок мен эл менен боло алган жок деген түшүнүктөн улам кайрылып жатам сизге. 2005-жылдан кийин жазуучулар жамааты эл тарабында болдубу, же тескери жагына туруп келдиби?

Анатай Өмүрканов: Жазуучулар жамааты ошол учурда ар кандай болду. Мисалы, Атамбаевди жактаганда биз бул жакка келип, ал жөнүндө сүйлөп, аксакалдар батасын берип, бирок шаарга барганда “биз билбей барганбыз, анткен эмеспиз, минткен эмес” деп тайсалдагандарын гезит беттеринен окуп калгам. Бул биздин өнөр адамдарынын өзүнүн туруксуздугун, кайратсыздыгын, айбатынын аздыгын белгилеп кетти деп ойлойм. Негизинен бул окуя кыргыздын көзүн, көкүрөгүн ачты, бул турмушка жалпы эле жагдайга башкача көз менен караганга түрттү.

- Сиз апрель окуялары тууралуу чыгарма жасайын деген оюңуз барбы?

Анатай Өмүрканов: Албетте. 2007-жылкы пикетке Бакиев, Куловго арнап ыр жазып, аны “Алас” гезитине баскам.

Ал ырды Жаштар союзунун президиуму талкуулап, мени аябай сындап айтышкан. Бирок мен ага капа болгон эмесмин. Мына ошол өз элине кордугун көрсөткөн Кулов да, Бакиев да бүгүнкү күндө Кыргызстанда жок.

Мен абдан ыраазы болом Өмүрбек Текебаевге, убагында муну “итсиң” деп айткан. Мен мунун көрөгөчтүгүнө, эр жүрөктүгүнө, кыргыздын мыкты жигиттердин бири экенине ынанып калдым.

Мунун жолунун кандуу экенин мурда эле сессиянын трибунасынан Дооронбек Садырбаев айткан.

“Эй, Курманбек, сенин жолуң кандуу болуп калды” деп айткан.

Ошондо да биз эч бир ойлонгон эмеспиз, байоо сезим менен жүрө бериптирбиз. Ошонун аягы келип мындай трагедиялык окуяга кабылды деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG