Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12
Маркумдарды эскерүү, 7-апрель, 2016-жыл
Маркумдарды эскерүү, 7-апрель, 2016-жыл

Томсоргон бейит, жүрөктү эзген күйүт

2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан маркумдардын туугандары, жабыркагандар жана президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде куран окутулуп, мүрзөлөрүнө гүл коюлду.

Бүгүн Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель апаатына туура алты жыл толду. 2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Андан 90го жакын киши өлүп, 300дөн ашууну жаракат алган.

Апрель апаатына байланыштуу соттук териштирүү дале аягына чыга элек.

20:18 7.4.2016

"Ата-Бейит": томсоргон бейит, ишке аша элек максаттар

“Ата-Бейитте” алты жыл мурун Бакиевдин бийлигине каршы чогуу чыккан саясатчылардын бардыгы болду. Ошол күнү жакындарын жоготкондор көз жашын төгүп, ал каргашалуу күндү эскерип турушту.

"Ата-Бейитке" муңайып, колдоруна гүл кармаган адамдар келип жатышты. Алардын бири жалгыз бир тууганынын ташка тартылган күмбөзүндөгү сүрөтүн өөп, көз жашын агызып отурган Албина Замир кызы:

- Жумушундагылар чалып "Рустам жок" дешти. Биз издеп жүрүп моргдон таптык. Ок жүрөгүнө тийип, артынан чыгып кетиптир. Эки бир тууган элек, атам 2008-жылы каза болгон. Апам 2010-жылы май айында байкемден кийин эле күйүтүнөн каза болду...

Албина сыяктуу бир боорунан ажырагандар, күйөөсүн жоготкон жесирлер, уулунан ажырап сыздаган ата-энелер алты жыл мурдагы окуя жөнүндө ар кандай пикирди айтышат. Айрымдары 7-апрель өз максатына жетерине ишенишсе, кээ бири элге ок ачкан күнөөлүүлөр жазасын албай жатканына нааразы.

- Жыл сайын аянтта эскерилчү эле. Быйыл бул жакта өтүп жатат. Атамбаев, парламент төрагасы келип, тез эле кетип калышты. Эми бул окуя ушинтип отуруп эле унутулуп калат, - деди апрель окуясында жакынын жоготкон Токтобек Багышев.

Эскерүү иш-чарасында өлкө башчысы сөз сүйлөгөн жок. Бирок расмий жарыяланган кайрылуусунда бүгүнтөн тартып расмий майрамдардын катарына дагы бир майрам – 7-апрель – Элдик апрель революция күнү кошулганын белгилеп, бул чечимдин себептерине токтолгон. Аксы окуясы, март ыңкылабы жана 2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөшү жүргөнүн, бул окуялар бири-бири менен байланышта экенин эске салды.

Кайрылууда 9-май - Жеңиш күнү дүйнөдө майрамдаларын, анын сыңары ушундай даталуу күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы, көз жаш аралаш эскерилип, бара-бара шаңдуу майрамга айланарына ишеним айтылган. Атамбаев 7-апрелди майрам катары белгилөөгө каршы чыккан саясатчыларды "эл бузарлар" деп сыпаттады.

Президенттин “Ата-Бейитте” сөз сүйлөбөй кетип калганын, анын артынан башка аткаминерлер да чет-четинен кеткенин сынга алгандар да болду. Алардын бири экс-акыйкатчы Турсунбек Акун:

- Жүздөй чиновник ак калпак кийип ажону күтүп турушту. Президент келип кетээри менен алар да кетишти. Алар ушул балдардын арты менен бийликке келишпеди беле. Ушул жакка басып келип, эл менен сүйлөшүп, көз жашын төгүп койбойбу. Алар кетти, ыйлаган туугандары кала беришти.

Бүгүн Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель апаатына туура алты жыл толду. Быйыл 7-апрель расмий майрамдардын катарына кошулганы болбосо, жылдагыдай эле иш-чаралар менен эскерилди. Көпчүлүк байкоочулар, саясий серепчилер бул окуяга жакынкы жылдары баа берүү эртелик кыларын айтып келишет.

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин маалыматына ылайык, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылапта жаракат алагандардын 36сы каза болду. Буга чейин октон жаракат алгандардын 35и каза болсо, кечээ Кочкор районунда дагы бир Апрель баатыры көз жумду.

2010-жылдын 6-7-апрелиндеги элдик ыңкылапта кызматтан оодарылган Бакиевдик бийлик огунан 87 адам окко учуп, 300дөн ашыгы ар кандай жаракаттарды алышкан.

14:58 7.4.2016

14:22 7.4.2016
"Ата-Бейитте" апрель окуясын эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:14 0:00

14:22 7.4.2016

Апрель окуясынын алты жылдыгына арналган "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсү

Апрель ыңкылабы максаттарына жетип жатабы? Талкууга коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жана журналист Нарын Айып катышты.

Апрель ыңкылабы алты жылдан кийин...
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:33 0:00

Нарында апрелчилер ыңкылап максатына жетпегенин айтышты

Алты жыл мурда бийлик алмашууда мерт болгондор Нарында да эскерилди. Иш-чараны калаа мэриясы уюштурду. Ага ыңкылапка катышкандар жана “Апрель революциясынын баатыры” наамын алгандар келип, төңкөрүш дагы эле өз максатына жете электигин белгилешти. Эскерүү алгач жөө жүрүш менен башталып, андан соң облус башчысы уюштурган көкбөрү менен улантылды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча 2010-жылы 7-апрелде Ак үй алдында нарындык 25 адам мерт кетип, 71 адам жарадар болгон. Кийинчерээк сегиз адам октон алган жараатынан каза тапкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG