Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:56

Аксы окуясын Боспиек айылында жана Бишкекте эскеришти.

Бул күнү президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Эркиндик эстелигине Аксы окуясынын курмандыктарына арнап гүл койду. Аксыдагы эскерүүлөр Боспиек жана Кара-Жыгач айылында өтүп, биринин башында премьер-министр менен президенттик аппараттын башчысы, экинчисинде Азимбек Бекназаров баштаган саясатчылар менен укук коргоочулар турушту.

Аксы окуясынын жабырлануучусу Гүлбара Аширова 15 жыл мурдагы окуяны азыр көзүнө жаш алуу менен эскерет. Аширова ошол учурда жөө жүрүшкө чыгып, окко жаңылган аксылыктар менен бирге болгонун айтат. "Бирок кезегинде эркиндик жана эл-жер үчүн чыккан аксылыктардын үмүтү толук акталган жок" дейт ал.

- 3-4 күн митингге чыккандар менен чогуу болгом. Биз менен жүргөн алты адамдан айрылып, андан соң да бир тобу оорунун айынан көз жумушту. Тирүүнүн турмушу улана берет экен. Эскерүү иш-чарасы катары көңүл бурулуп жатканы жакшы жышаан. Бирок Апрель окуялары сыяктуу Аксы окуясына да баа берилиши керек. Аларга баатыр деген төш белгилер менен бир топ жеңилдиктер каралган. Бизде андай нерсе жокко эсе. Ошол учурда чыккан элдин мүдөөсү азыр толук аткарылып жатат дегенден алысмын.

Боспиектеги “Шейит мазарда” өткөн эскерүү иш-чарасына өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана 300дөн ашык жергиликтүү тургун катышты.

Эскерүүдө премьер-министр өлкөдөгү азыркы экономикалык-социалдык жагдайларга токтолсо, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун чогулган элге окуп берди:

- Мындан 15 жыл мурда “Аксы” деген ат Кыргызстанды бүт дүйнөгө дүӊгүрөткөн. Эркиндик, адилеттик үчүн керек болсо жан аябай күрөшүү керек экенин аксылык баатырлар өз өмүрүн берип көрсөтүшкөн. Аксылыктар кыргыздардын байыркы замандан берки “түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөгөн” эр көкүрөк эл экенин эске салган! Эркиндик, адилеттик, намыс деген дөөлөттөр каныбыздан эч качан кетпей турганын эске салган! Аксы окуясы болбосо Март-2005 жана Апрель-2010 революциялары болмок эмес. Бул үч окуя эгемен Кыргызстандын демократия жолундагы, жаңы коом, жаңы мамлекет куруу жолундагы эң оор, бирок эң маанилүү үч ашуусу болгон.

Окуянын жабырлануучусу Максат Момункулов иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө эскерүү кечесин саясатташтырбоого чакырды.

- 15 жылдан бери бийлик аздыр-көптүр көңүл буруп жатат. Айрыкча 2011-жылдан тартып бул күн жыл сайын курмандыктарды эскерүү катары белгиленип келатат. Бул жагынан биз президентке ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Анан ушул жердеги эскерүү кечени митингге, же кандайдыр бир саясатка айландырбоого чакырабыз.

Иш-чарада укук коргоочу Турсунбек Акун президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон кийин сүйлөөгө аракеттенип, бирок күч кызматкерлери аны микрофонго жолотподу. Турсунбек Акун буга нааразылык билдирди.

- Мага сөз берип коюңуз, урматтуу Сооронбай Шарипович. Мен бул жерге чындыкты айтып, эл алдына чыгып сүйлөө үчүн келгем. Биз дагы сүйлөшүбүз керек.

Акун микрофонсуз сүйлөп жатканда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев келгендерге, бийликке ыраазылык билдирүү менен иш-чараны жабык деп жарыялады. Эскерүү иш-чарасына катышкан оппозиция өкүлдөрүнө да сөз берилген жок.

Түштөн кийин райондун Кара-Жыгач айылында саясатчы Азимбек Бекназаров башында турган “Эл үнү” кыймылы уюштурган эскерүү иш-чарасы менен катар элдик жыйын уюштурулду. 300дөн ашык адам катышкан жыйынга Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев, укук коргоочу Турсунбек Акун, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлү Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Алманбет Шыкмаматов жана жергиликтүү активисттер катышты.

Жыйын жүрүшүндө Эмилбек Каптагаев бийликти мурдагылардын катасын кайталабоого чакырды.

- Аксы окуясын эскерүүдө үч татаал ашууну айтып жатышат. Биринчи кезекте адам өзүнүн жасаган иштеринен сабак алышы керек. Учурда кээ бирөөлөр эки ыңкылаптын башында турдум, үчүнчүсүн жасагым келбейт деп жатпайбы. Революцияны эл баштап, эл гана токтото алат. Ошол себептүү бардык ыңкылаптын жабырлануучулары карапайым адамдар. Бул сөздү айткандар кудай алдында, каза болгон атуулдардын арбагы алдында чоң күнөөгө батууда. Муну айткан адамдардын сөзү жаман болуп кузгун, каргага теңеп жатат. Ошондуктан бийликтин көзөмөлдөөчүсү дайыма эл болушу керек. Бул жыйынга экс-президент Роза Отунбаева да келип катышмак. Бирок ден соолугуна байланыштуу келе албай калды. Бул жерде эл менен бирге экендигин билдирди.

Боспиектеги эскерүү иш-чарасы
Боспиектеги эскерүү иш-чарасы

Укук коргоочу Турсунбек Акун Аксы окуясына катышкан саясатчылар азыр камакта экенин белгилеп, Боспиектеги курмандыктарды эскерүү иш-чарасында бийлик өкүлдөрү өздөрү эле сүйлөп кетип калды деп нааразы болду. Равшан Жээнбеков аксылыктарды жалпыга маалымдоо каражаттарын, сөз эркиндигин коргоого үндөдү.

Элдик жыйын соңунда 14 бөлүмдөн турган резолюция кабыл алынды. Анда "эки ыңкылап тең максаттарына жетпегени белгиленсин, "Элдик парламент" уюмунун камактагы өкүлдөрү бошотулсун, "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткара албай жаткандыктан ушул жылдын 10-апрелине чейин тарасын" деген талаптар камтылган. Ошондой эле "Эл үнү", "Элдик курултай" кыймылдары, "Ата Журт" партиясы жана башка кыймылдардын катышуусунда ушул айдын этегинде Жалал-Абад шаарында, апрелде Талас облусундагы "Манас ордо" комплексинде элдик жыйын уюштурула турганы маалымдалды.

Аксы окуясынын ак тактары

Аксы окуясын өз учурунда өкмөттүк, парламенттик, коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтыктарын чыгарышкан. Бирок соңуна чыга элек соттук иштер кала берүүдө.

Аксыда жабыркагандардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков 15 жыл өтсө да азыркыга чейин майып болуп же жесир калгандар кайрылып, юридикалык жардам сурашарын "Азаттык" радиосуна курган маегинде айтып берди.

- Адам баласынын өмүрүнө кол салардан мурун ошол чечимди кабыл алууга көп кишилер тартылган. Же болбосо түздөн түз кабыл алууга тартылбаса да ошого шарт түзүп берген адамдар болгон.

Парламенттик жана мамлекеттик комиссиянын экөө тең бул жерде мамлекеттик кызматкерлер, ошол кездеги президент, президенттик аппараттын жетекчилери жана дагы бир топ кишилер күнөөлүү деген тыянакка келип, түздөн түз айтылган.

Ал жерде 39 кишинин фамилиясы бар. Кимдин кандай деңгээлде күнөөсү бардыгы такталган. Бирок жыйынтыгында кийинки келген президент өзүнүн кызыкчылыгы үчүн бийликти кармап, пайда табуу, баюу максатында мурдагы президенттин айланасындагы адамдарды өзүнө тарткан. Ошол күнөөлүү делинген адамдар менен иштешип калган. Аларды актоо, жоопкерчиликтен куткаруу максатында жаап-жашыруу, тергөөнү башка жакка буруп жибермей, сотко таасир этмей, убакыт созмой өңдүү ыкмаларды колдонуп коюшту. Ошол 39 адамдын үчөө жоопко тартылды. Анан дагы үч кишинин иши дагы эле чечиле элек.

Мен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссиясына жазгам. Кыргыз өкмөтү күнөөлүү деген чечим чыгарган. Бирок ал комиссиянын жыйынтыгын эч ким көңүлгө да алган жок.

"Азаттык": Андан бери 15 жыл өттү. Жабырлануучулар менен жолугушуп турасызбы? Сизге алар дагы эле кайрылышабы?

Сартбай Жайчыбеков: Алар менен жолугушуп турам. Мүмкүнчүлүк болгондо юридикалык жардамды бекер көргөзөм. Мисалы, октон, таяктан жараат алган, майып болуп калган адамдарга медициналык, социалдык жардам көрсөтүү маселелери такыр каралбай калды.

Жесир калган аялдарга компенсация төлөө боюнча 2002-жылы мыйзам кабыл алынган. Эгер жесир калып, кийин турмушка чыкпай калса компенсация төлөнсүн делген. Бирок бир жерде иштесе, жөлөк пул алса, анда төлөнбөйт деген шарттарды киргизип коюшкан. Анан ошого шылтоо кылып төлөбөй келишет. Ушул өңдүү жактарын такыр карабай коюшту. 2010-жылга чейин анча-мынча карап келишкен, андан кийин такыр карабай коюшту.

(Маекти толугу менен бул жерден угуңуз)

Сүрөт баян: Аксы окуясына 15 жыл толду

2002-жылы 17-мартта Аксыда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан элге бийлик ок атып, алты киши курман болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG