Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Жарандык коом cөз эркиндигине кабатыр


Көз карандысыз журналисттер союзу медиа менен бийликти конструктивдүү диалогго чакыруу максатында жыйынга чогулду. Анда айрым басылмалардын бийлик тарабынан сотко берилиши да талкууланды.

16-мартта Бишкекте өткөн жыйынга журналисттер, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Чакыруулар Президенттик аппаратка, өкмөткө, парламентке, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага да берилген.

Көз карандысыз журналисттер союзунун төрайымы Тамара Валиева жыйынды ачып жатып, маалымат каражаттарын кабарды туура жана калыс жазууга, ошондой эле журналисттерди бийликтин кысымына каршы биригүүгө чакырды:​

- Биз дайыма Кыргызстан көптөгөн рейтингдер, анын ичинде сөз эркиндиги жана демократия боюнча Борбор Азиядагы жакынкы кошуналарга салыштырганда жогорку бааларды ээлей турганын сыймыктануу менен айтып келебиз. Биз, бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучулары мындан ары да жогорку көрсөткүчтөрдө калууну каалайт элек.

Жарандык коом cөз эркиндигин талкуулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00

​Ал эми "Медиа полиси институту" уюмунун юристи Алтынай Исаева коомчулукка жарыяланган кабарлар үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары эмес, ошол маалыматты журналисттерге айткан тараптар жооп берүүгө тийиш экенин айтты. Адис мындай кырдаалда медиа уюмдар жоопкерчиликтен бошотулушу керектигин белгиледи.

"Бийликтин аракети жок жерден болгон жок"

Жыйында “Кабар” маалымат агенттигинин директору, журналист Кубан Абдымен жалпыга маалымдоо каражаттарында кесиптик этикадан аша чапкан учурлар да кездешерин сындап, маалымат эки булактан такталбай чыккан учурлар болоорун, айрым журналисттердин кесиптик чеберчилиги суроо жаратарын айтты:

- Бүткүл дүйнөдө маалымат каражаттары бийликтин баарын чыңалууда кармап турган коомдун бир бөлүгү болот. Бул туура. Бирок бийликти көзөмөлдө кармап туруп, өнүгүүгө кадам таштаган коомго жакпаганды кылуу аша чапкандык деп ойлойм. Биздин учурда бул нерсе ачык көрүнүп турат. Ошондуктан бийликтин ага жооп берүү аракеттери жок жерден болуп жаткан жок. Муну менен эсептешүү керек. Эгер бул нерсе болбогондо бийлик да жылуу мамиле кылмак.

Кубан Абдымен.
Кубан Абдымен.

Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунова бийлик сөз эркиндигине келгенде чайкоочулук кылып жатат деп эсептейт: ​

- Биз сөз эркиндигине кысым болгон учурларды бир эмес, бир нече жолу жашап өткөнбүз. Ошол эле “Азаттыкты” бийлик бир нече жолу муунткусу келген. Бирок азыр бийлик тарабынан көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына олуттуу коркунуч болуп жатат. Анткени бийлик миллиондогон сом доолор менен маалымат каражаттарын банкрот кылууну көздөп жатат. Бул учурда бийлик, журналисттер, жарандык коом жана укук коргоочулар бир жерге чогулуп талкуулап, мунасага келишибиз керек. Бирок бийлик өкүлдөрүнүн бүгүнкү жыйынга келбегенине караганда аларда мындай каалоо жок. Бирок биз талап кылышыбыз керек.

Укук коргоочу Токтайым Уметалиева болсо, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да 20га жакын басылманы сотко бергенин, бирок ал учурда журналисттер коомчулугу үн катпаганын белгиледи.

Өкмөттүк телеканал жетекчисинин пикири

Ал эми ЭлТРдин директору Айбек Мусаев мурдагы бийликтердин тушунда болгон окуяларды эске салды. Ал ошол учурда өкмөттүк кызматтарда, басылмаларда иштеп жүрүп, азыр сөз эркиндиги жок деп жаткандарды сынга алды.

- Журналистика саясий бизнестин капканында калды. Чыныгы абал ушундай. Эки революцияны эстеп көргүлө. КООРТту, "Пирамиданы" басып алганда азыркы бейөкмөт уюмдар кайда жүрдү эле? Анан “Азаттыкка” келгенде эле кыйкырып калышат. “Азаттык” ЭлТРден жакшынакай эле чыгып жатат. Эл аралык стандарт ар бир мамлекеттин өзүнө ылайык түзүлгөн. Биз дагы өзүбүзгө ылайыктуу стандартты киргизишибиз керек. Ошондо гана бизге президент да, спикер да кийлигише албайт. Эч качан бейөкмөт уюмдарды ээрчибешибиз керек. Биз журналисттер бир багытта биригип, бейөкмөт уюмдары жок эле президентке кайрылышыбыз керек.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов​ "Азаттык" үналгысына комментарий берип жатып, жарандык коом уюштурган бүгүнкүдөй жыйындардын өтүп турушуна бийлик да кызыкдар экенин билдирди:

- Азыркы убакта биз сөз эркиндигин же ушактын өкүмзордугун тандашыбыз керек. Ушундай мезгил келди. Бүт дүйнөдө маалыматтын тактыгы жана сапаты үчүн чоң жоопкерчилик бар. Батышта ушак жана жалаа үчүн чоң жоопкерчилик каралган. Көз карандысыз журналисттер союзу өткөргөн жыйынды колдойм. Мындай тегерек үстөлдөр өтүп, конкреттүү сунуштар болуп турушу керек. Демократиялык коомдо жашап аткандан кийин диалог болуш керек. Биз диалогго даярбыз. Керек болсо талкууга катышкандардын айрымдары менен жолугууга кызыкдарбыз. Бүгүнкү талкууга президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов да катышмак. Бирок президент менен башка жыйынга катышканына байланыштуу бара албай калды. Бирок башка күнү алар менен жолугуп сүйлөшөбүз.

Жакупова: сөз эркиндигине чабуул жасалууда

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупованын талкуу учурунда билдиргенине караганда, бийлик тарабынан сөз эркиндигине ырааттуу чабуул жасалып жатат:

- Жарандык коом президент жана анын айланасындагылар тарабынан сөз эркиндигине жасалып жаткан чабуулду жакшы аңдабай жатат. Президент тарабынан журналисттерге агрессиялуу чабуул ырааттуу жүрүп келатат. Бул кечээ эле пайда боло калган жок. Бийлик “Вечерний Бишкек” гезитин рейдерлик менен басып алганын билебиз да. Азыр да ыңгайсыз медиаларды басып алуу механизмин улантышы мүмкүн. Ошол эле учурда президент көптөгөн адамдардын кадыр-баркына шек келтирип, келекелеп жатат. Ага боло береби? Аны ким жоопко тартат? Президенттин этиканы сакташын ким көзөмөлдөйт? Журналисттерден эле талап кыла бербей президент баш болуп бардык мамлекетттик кызматкерлер этикалык стандарттарды сакташы керек.

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

Президенттин сыны

15-мартта президент Алмазбек Атамбаев Ооганстан, Индия, Латвия, Кот-д’Ивуар жана Эфиопиянын Кыргызстандагы жаңы элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып сүйлөгөн сөзүндө журналисттерди "ушак таратат" деп айыптаган:

- Урматтуу мекендештер! Урматтуу кыргыз журналисттери! Азыркы күндөрдө элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечилип жатат. Алдыда президенттик шайлоо турат. Болгону 8 ай калды. Тырмактай Кыргызстан эмес, дүйнөнү башкарган Америка кантип президент шайлаганын дагы эле түшүнбөй, териштирип жатат! Биз да анан декабрда алаканыбызды чаап “аттиӊ ай!..” деп олтуруп калбайлы! Азыр бүт дүйнөдө согуш жүрүп жатат. Информациялык согуш. Маалымат согушу. Бул шылуундарга алданып, маңкурт, эл бузарларды ээрчип, булар тараткан ушактарга ишенип, кайрадан карегибиздей Мекенибизди уурулардын, мародерлордун колуна салып бербейлик! Кайрадан куркулдаган кузгундарга жем болбосун Кыргызстан! Ата-Мекенибиз, Ата-Журтубуз – Кыргызстан! Көздү ача турган мезгил келди. Ойлоно турган мезгил келди.

Атамбаев: Көздү ача турган мезгил келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:33 0:00

Башкы прокуратура буга чейин "Азаттык" радиосу менен "Заноза" басылмасын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн "президенттин аброюна шек келтирди" деген негизде марттын башында сотко берген.

КСДП партиясы туура эмес маалымат таратты деп, "24.kg" агенттигинин үстүнөн сотко кайрылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG