Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Бишкек орусиялык журналистти өлкөдөн чыгарды


Акыркы күндөрү ММКга байланыштуу президент жана жарандык коом карама-каршы билдирүү менен чыкты.

Ал ортодо укук коргоо органдары орусиялык журналистти депортация кылса, айрым маалымат каражаттарын Башкы прокуратура сотко берди.

Кыргызстандан чыгарылган орусиялык журналист

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Regnum агенттигинин журналистинин депортация болгонуна байланыштуу бүгүн, 13-мартта Тышкы иштер министрлигине нота жиберди. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дарья Пахомова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, нотада журналист Григорий Михайловдун мамлекеттен чыгарылышынын чоо-жайын тактап берүү суралган.

Орусиялык Regnum маалымат агенттигинин Кыргызстандагы шеф-редактору Григорий Михайлов өлкөдөн 10-мартта чыгарылган. Ал муну журналисттик ишмердигине байланыштырууда.

Михайлов буга чейин эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барбаганын айтып, аны өлкөдөн чыгарууга негиз жок эле деп эсептейт. Учурда Алматы шаарында турган Михайлов өлкөдөн чыгарууга байланыштуу эч кандай расмий түшүндүрмө албаганын да белгиледи. Ошол эле учурда Кыргызстандагы каттоо мөөнөтү өтүп кеткенин моюнуна алып, бирок ага жаза катары 10 миң сом айып салынышы керектигин кошумчалады.

- Мен бул айыппулду төлөөгө даярмын. Бирок акыркы окуяларды журналисттик ишмердигим менен байланыштырып жатам. Себеби, башка нерсе менен байланыштырууга мүмкүн болбой жатат,- деди Михайлов.

Григорий Михайлов.
Григорий Михайлов.

Ал эми Григорий Михайловдун жубайы Евгения Кимдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, милиция кызматкерлери Михайлов менен бирге аны да кыргыз-казак чек арасына чейин коштоп барган. Ал жерден Regnumдун редакторунун Кыргызстандагы каттоо мөөнөтү өтүп кеткенин айтышып, өлкө аймагына кирүүгө болбой турганын эскертишкен.

- Мен Кыргызстандын жараны болгондуктан эч тоскоолдуксуз киргизишти. Григорий Орусиянын жараны болгондуктан паспортундагы каттоо мөөнөтү өткөнүн чек ара кызматкерлери айтышты,- деп билдирди Ким.

10-мартта орусиялык Regnum маалымат агенттиги алардын Кыргызстандагы шеф-редактору, Орусиянын жараны Григорий Михайлов өлкөдөн чыгарылганын жазып чыккан. Агенттиктин сайтындагы маалыматка караганда, журналистти Казакстандын чек арасына чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери жеткирген.

Окуя боюнча Кыргызстандын расмий органдары, Ички иштер же Тышкы иштер министрликтери азырынча расмий комментарий бере элек.

Regnum агенттиги 9-мартта өз сайтына “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин билдирүүсүнө таянып, “Кыргызстанда оппозиция президентке психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү талап кылып жатат” деген аталыштагы макала жарыялаган.

Президент Атамбаев ММКга байланыштуу билдирүү таратты

Ал арада 11-мартта президент Алмазбек Атамбаев массалык маалымат каражаттарына байланыштуу билдирүү таратты. Мамлекет башчысы акыркы учурда сөз эркиндиги деген ураанга жамынып алган көз карандысыз журналисттер, саясатчылар президент баш болгон бир катар адамдарды негизсиз каралап жатканы айтылат.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент мындай өнөктүк айрым маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу бир нече жылдан бери уланып келгенин жана былтыр жай айынан тарта күч алганын белгилеген.

"Кыргызстандын жарандары бул эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын чыныгы көздөгөн максаты - чындык эмес, жалган жалаа жаап, ушактоо менен бүткүл эл тарабынан шайланган мамлекет башчысынын жана бүт өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы беделин түшүрүү, өлкөнүн жаңы президентин шайлоо алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу экенин билиши керек.

Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жаткандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган президент үчүн эле эмес, бардык жарандарга бирдей экенин эскерте турган мезгил келди. Көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу жеткен жарандардын укуктары жана эркиндиги менен бир ууч жалганчылар жана ушакчылардын чайкоочулук кылышына жол бербейбиз",- деп айтылат билдирүүдө.

Сөз эркиндигин коргоо боюнча кайрылуулар

Кыргызстанда сөз эркиндигине басымды жана сотко берүүлөрдү токтотуу талабы менен буга чейин Көз карандысыз журналисттер союзу ачык билдирүү жасаса, 12-мартта Сөз эркиндигин коргоо комитети кайрылуу менен чыкты.

Аталган комитеттин коомчулукка кайрылуусунда Кыргызстан айрым постсоветтик өлкөлөрдөн сөз эркиндиги жагынан айырмаланып келгени, азыркы бийлик да 2010-жылы сөз эркиндигин колдоо чакырыгы менен элдин ишенимине ээ болгону айтылып, бирок бул артыкчылыгынан кол жууп калуу алдында турганы белгиленген.

Буга акыркы жылдары айрым журналисттердин бийлик тарабынан сот жообуна тартылышы, кээ бир маалымат каражаттарынын Башкы прокуратура тарабынан сотко берилиши, социалдык тармактарда өз пикирин эркин билдирген жарандардын Коопсуздук кызматына сурак бергени келтирилген. Мындан тышкары бийликтин аракеттерин сындаганы үчүн оппозициялык саясатчылардын, алардын ичинде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы, жарандык активист Рита Карасартованын, "24.kg", "Заноза" сайттарынын жана "Азаттык" радиосунун прокуратура тарабынан сотко берилүүсү да белгиленген.

Кайрылуу ээлери бийликти жана президент Алмазбек Атамбаевди сөз эркиндигин кысымга албоого чакырган.

Буга чейин Башкы прокуратура президенттин жана КСДПнын кадыр-баркына шек келтирди деген жүйө менен "24 kg" маалымат агенттигин, "Заноза" сайтын жана "Азаттык" радиосун сотко берип, бир нече миллион сомдук доо талап кылган.

Буга байланыштуу бир катар коомдук уюмдар тынчсыздануусун билдиришкен эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG