Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:10

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин 6-мартта мамлекеттик сыйлык-наамдарды тапшыруу аземинде айткан билдирүүлөрү, парламентке жана партияларга айткан сындары кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланууда.

Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин таркашына кызыкдарбы? Өлкө башчысынын мурдагы өнөктөштөрүнө карата айтылган сыны эмнени билдирет? Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн башын ким кошуп, сүйлөштүрө алат, дегеле өлкөдө саясий кырдаал кандай өзгөрүшү мүмкүн? Ушул суроолорго бүгүнкү “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издейбиз.

Талкууга Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров, Жогорку Кенештин эл өкүлдөр жыйынынын мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов жана профессор Жолборс Жоробеков катышты.

«Азаттык»: Мирлан мырза, Алмазбек Атамбаев “азыркы Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу жыйыны эмес, ушак чыгаруу жыйыны болуп калды” деген кескин сын айтты. Бул сынды сиз кандай кабыл алдыңыз, президенттин айтканында данек барбы же курулай ачуу сөзбү?

Мирлан Бакиров: Биринчиден, бүткүл дүйнөдө парламент чоң саясаттын чордону, ал жерде ар кандай ойлор, пикирлер айтылат, “талаштан тактык жарала турган” орган.

Экинчиден, парламент популисттик орган, ага да кошулса болот. Бүгүнкү иштеп жаткан парламент Конституцияга ылайык иштеп жаткан президенттик-парламенттик башкаруунун башатында турган бийлик органы. Башкача айтканда, жаш, жаңы жол менен бараткан парламент. Эгер президенттин сөзү бир депутат жөнүндө болуп жатса мен туура түшүнөм, ал эми жалпы парламент тууралуу “ушак чыгарып жатат” дегенине кошула албайм. Себеби, азыркы Жогорку Кеңеш өзүнүн дараметине, ыйгарым укуктарына жараша үч милдетти – мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө жана өкүлчүлүктү аткарып жатат.

“Азаттык”: Ошол эле мезгилде сиздердин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламенттин колунан эч нерсе келбей калды, тарап кетели деп моюнга алып жатпайбы?

Бүткүл дүйнөдө парламент чоң саясаттын чордону, ал жерде ар кандай ойлор, пикирлер айтылат, “талаштан тактык жарала турган” орган. Экинчиден, парламент популисттик орган, ага да кошулса болот.
Мирлан Бакиров.

Мирлан Бакиров: Биздин лидер Бакыт Эргешович, ал жерде калыстыкка басым жасады. Ошол эле Дача СУ, Орусиядагы окуялар, Текебаевдин камалышы жана башка маселелерди кароодо калыс мамиле кылбасак, анда тарап кетели деп айтып жатат.

«Азаттык»: Алмамбет мырза, сиз жетектеп турганда да Жогорку Кеңештин өз алдынчалыгы жок деп сындашчу эле, азыркы Жогорку Кенешти президенттик аппараттын жетегинде калды, өз алдынча маселе чечпейт деп көп айтышат. Эгер ошол чын болсо Жогорку Кеңеш кантип өз алдынча бийлик бутагы боло алат?

Алмамбет Матубраимов: Бизде үч бийликтин бутагы бар дешет. Чындыгында төрт бийлик болууда. Президенттик бийлик баарынан өтүмдүү болууда, бардык системаны алар башкарып жатат. Биз иштеп жүргөн убакта ар бир депутат округдардан шайланып келгендиктен көз каранды эмес болчу. Депутатты чакыртып алуу мүмкүн эмес болчу. Ал кезде президентте Жогорку Кеңешти чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү да жок болчу. Ошондуктан биз иштеген Жогорку Кеңеш азыркыга караганда күчтүүрөөк болгон.

Биз алты жылдан бери парламенттик башкаруу деп келе жатабыз, анын жыты да жок. Партиялык негиз менен депутат болуу – толугу менен көз каранды деген сөз. Азыр негизги түзүүчү социал-демократтар болууда. Партия лидеринин сөзүнө, көз карашына жараша чечимдер өзгөрүп жатат. Жогорку Кеңештин чайналып, кыйналып жатканы да ошондон. Биздеги үч бийликтин такталган милдети жок, укугу бар, жоопкерчилиги жок. Өткөн жылдын аягында кабыл алынган Конституция бийлик бутактарын теңдейт деди эле ал болгон жок. Азыр бизде Жогорку Кеңеште фракция, парламент жактырган премьер-министр эгер президентке жакпаса шайланбайт. Ошондуктан парламенттин, өкмөттүн президентке көз карандылыгы кала берүүдө.

“Азаттык”: Жолборс агай, президент Алмазбек Атамбаев акыркы алты жылда чоң өзгөрүүлөр болду, аны оппозиция көрө албай жатат, кошуналардан алдыга кеттик, Европа мактап жатат деген сөздөрдү айтты. Чындап эле жетишкен ийгиликтерди көрө албай жаткан жокпузбу?

Жолборс Жоробеков: Бааны күн сайын эл берет. Президент айрым статистикаларга таянып ошондой жетишкендиктер бар деп жатат.

Бизде үч бийликтин бутагы бар дешет. Чындыгында төрт бийлик болууда. Президенттик бийлик баарынан өтүмдүү болууда, бардык системаны алар башкарып жатат.
Алмамбет Матубраимов.

Менимче, Кыргызстандагы жетишкендиктер кошуналарыбыз тарабынан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусиядан “Кыргызстан ушундай ийгиликтерге жетти” деп айтылып жатса туура болмок. Ал эми бизде мурдагы эки президенттин убагындагыдай чуру-чуу түшүп, митингдерден чарчаган, тажаган элге акыркы жылдары тынчтык, стабилдүүлүк болгонун белгилешибиз керек. Бирок, ошол стабилдүүлүккө 2016-жылдын 31-августунан баштап кайрадан доо кете баштады. Президент муну туура баамдап, тезирээк чечпесе бүгүнкү стабилдүүлүгүбүзгө зыяны тийип калышы мүмкүн.

«Азаттык»: Президентин акыркы сөздөрү алдыдагы шайлоого катыша турган потенциалдуу атаандаштарды жарышка киргизбөө, өзүнүн "мураскерине" жол ачуу аракети катары кабыл алып жаткандар бар, сиздердин пикир?

Алмамбет Матубраимов: Ким болбосун бийликтен кетүү өтө кыйын. Бийликтен кеткенден кийин бүгүнкүдөн да катуу сынга кабылат. Ошондой сынга кабылбаш үчүн, мурдагы иштери үчүн текшерүүгө кабылбаш үчүн бийликти сактап калууга күрөшөт. Мына алты жыл болду, Акаев, Бакиевди жамандап келе жатабыз. Бир-эки жыл жаманда, бүттү да, андан кийинки убактарды өнүктүрүүгө жумшаш керек болчу. Бүгүнкү жүрүп жаткан саясий кырдаал, президенттин айткандары келечектеги президенттикке атаандаштарды алсыратуу аракети экени байкалууда. Айрым партия лидерлери президенттикке ат салышуу ниети бар экендигин билгизгенден кийин ушундай кадамдар болууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG