Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Атамбаев парламентти таркатууну колдойт


 Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

6-мартта президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маданият кызматкерлерине сыйлык тапшыруу иш-чарасында парламенттин ишмердигин сынга алды.

Өз сөзүндө президент бул бийлик бутагын "мыйзам чыгаруучу эмес, ушак таркатуучу жер" деп атады. Ошондой эле президент “дагы далай лөктөрдүн кыңыр иштери ачыларын”, өзү болсо президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин спикер да, премьер-министр да болбосун айтты. Президенттин бул жолку билдирүүсүн адаттагыдай эле саясатчылар ар түрдүү талкуулап жатышат.

Майрамдык иш-чарадагы саясий билдирүүлөр

Президент Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлерин сыйлоо аземинде сүйлөгөн сөзүнүн негизги бөлүгүн коомдук-саясий кырдаалга байланышкан ой-пикирлери түздү.

Биринчи кезекте президент бийликтин мыйзам чыгаруучу бутагы – Жогорку Кеңешти өз милдетин так аткарбай жатат деп сындады. Президент Жогорку Кеңешти "ушак таратуучу аянтча болуп баратат" деп, бул жагынан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин сунушун колдоорун билдирди:

- Президентти жаманатты кылып, элди дүрбөткүсү келип жатпайбы. Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев сессияда депутаттарга кайрылып, “тарап эле кетпейлиби” деген сунуш айтты. Ал го мародер акесине болушуп күйүп айтты, бирок мен анын сунушун колдойт элем.

Атамбаев: Парламентти таркатууну колдойм
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

Буга чейин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев 1-мартта Жогорку Кеңеште эки айга камалган “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин маселеси каралып жаткан учурда парламент курч маселелерди талкуулай албаса, анда тарап кеткени жакшы деген пикирин билдирген эле.

Айрыкча Дача-Су айылына кулаган учактагы жүктүн ыктымал ээсине байланышкан имиш президенттин ачуусуна тийгени сөзүнөн байкалды.

- Буларды карасаң, кыргыздын ыйык сөздөрүн менчиктеп алышкан. Атамбаев "Ата Мекенден" колуңду тарт дешет. Силер, мародерлор, Ата Мекенден колуңарды тарткыла. Бул партия убагында баарыбыз сыйлаган партия болчу, мен да убагында КСДПны "Ата Мекен" партиясына кошуп алгылачы деп жетекчилеринен сурангам. Ал убакта алардын колунда бийлик менен акча жок болчу. Бийлик менен акча далай адамды жайлаган. Убагында дүркүрөгөн партиянын азыр аты башкача.

Президенттин пикирине карата ойлор

Мындай билдирүүнү биринчи кезекте “атамекенчилер” сындап чыгышты. Фракция мүчөсү Аида Салянова:

- Менин оюмча бул сот жана укук коргоо органдарына түздөн-түз көрсөтмө. Сот органынын функциясы эч кимге таандык эмес. Соттор Кыргыз Республикасынын атынан чечим чыгарышат. Бирок бул чечимди бүгүнкү күнү президент өзү чыгарып жатат. Алар морадерлор деп жатат.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

Президент өз сөзүндө бейөкмөт уюмдарды сынга алып, анын ичинде ”Азаттык” радиосуна да нааразылыгын билдирди. Мындай эмоционалдуу билдирүүлөр адаттагыдай эле коомчулукта ар кандай талкууларга жем таштады. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунова президенттин билдирүүсү боюнча буларга токтолду:

- Бул баягы эле риторика. Бейөкмөт уюмдар менен журналисттер чет жактан грант алып, өлкөгө зыян келтирип жатат дейт. Бул сөздөрдү мурда эле укканбыз. Кандай зыян алып келип жатат деген суроого конкреттүү жооп бере алган жок. Президенттин мындай айтып жатканынын себеби - бейөкмөт уюмдар менен журналисттер бийликке ачык сын айтып жатышат.

Жогорку Кеңеш таркайбы?

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев парламентти таратууга негиз жок деген ойдо:​

- Президент эмоция менен айтып койду. Парламентти таратууга деле эч кандай негиз жок. Төрөбаев деле парламентти таратуу боюнча шарттуу түрдө айткан эле.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Эмилбек Каптагаев президенттин бул билдирүүсүн биринчи кезекте социал-демократтар фракциясы чакырык катары кабыл алышы керек деп эсептейт:

- Парламентте президент өзү түптөгөн КСДП фракциясы бар. Эгер президент чын ниетинен парламентти таратууга камынса, анда 38 депутаты бар социал-демократтар бул демилгени колдошу керек.

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

Азырынча Социал-демократ фракциясынын жетекчилиги бул маселе боюнча эч кандай комментарий бере элек.

"Парламентте далилсиз сөздөр көп айтылууда"

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы 2015-жылы шайланган. Атамбаев буга чейин парламент өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек деген пикирин бир нече жолу билдирип келген эле.

Бирок акыркы саясий кырдаал президентти ушундай кадамга түрттү деген пикирлер да бар. Маселен, коомдук ишмер Токон Мамытовдун айтымында, Жогорку Кеңештеги акыркы чыр-чатактар жана талкуулар президентти мындай сунуш менен чыгууга аргасыз кылды:

- Президент деле акыркы учурда эл арасында айтылып жаткандарды көрдү. Ошондуктан эл арасындагы сөздү ачык айтып жатат. Чындыгында эле парламент ичинде далилденбеген сөздөр, билдирүүлөр көп айтылууда.

8-март - Аялдардын эл аралык майрамынын алдында мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаев 128 кишиге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Алар Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн сыйланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG