Мурдагы саясий тилектештердин бүгүнкү тиреши өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” талкуусуна Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов менен КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков катышты.
“Азаттык”: Рыскелди мырза, Конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн башталган талаш бир жагынан өнөктөш, бир жагынан атаандаш саясатчыларды жана партияларды биротоло чырлаштырды. Компроматтар согушунун артынан эле оппозициялык маанайдагы депутаттарга биринин артынан бирине кылмыш иштеринин ачыла башташы сизге мурдагы бийликтин жоруктарын эсиңизге салган жокпу?
Рыскелди Момбеков: Биринчиден, саясий куугунтук деп жатпайсызбы. Куугунтук деген өзү эмне? Эгер биз бүгүнкү күндө жүрүп жаткан ошол “Ата Мекен” фракциясынын айрым адамдары менен бийликтин айрым адамдары ортосундагы акыйнек айтышууларды, кайым айтышууларды, же каралоо кампанияларын, же жаманатты кылуу жарнамаларын куугунтук катары кабыл ала турган болсок, бул туура эмес болуп калат. Бул саясаттын курмандыгы деп айтат элем.
Бул жерде куугунтуктун биринчи буйругунан мурда куйругун издеш керек. Куугунтук деген эмне, ал кандай көрүнүш, ал куралбы, анын курмандыгы ким болот, натыйжасы кандай болот - ошого баа бериш керек.
Бүгүнкү күндө эски бийликтин жоруктарын азыркы бийлик кайталап жатат дегенге кошула албайм. Биринин артынан бирине иш козголду дегенде, мен билгенден эки гана кишиге - Аида Жеңишбековнага жана Алмамбет Насыркановичке гана козголду. Бирок ошол эле учурда биздин фракциядан Музаффар Исаковго деле кылмыш иши козголуп жатпайбы. Ошондуктан мен муну катардагы көрүнүш катары кабыл алам.
“Азаттык”: Алмамбет мырза, сизди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырткан. Бирок сиз адвокат менен барам деп сурак күнүн жылдырдыңыз. Эгер сиз ак экениңизге бөркүңүздөй ишенип жатсаңыз, суракка жалгыз баруудан эмнеге качтыңыз?
Алмамбет Шыкмаматов: Кылмыш жана процессуалдык кодексте суракка адвокат менен баруу укугум бар. Анан саясий куугунтук болуп жаткан соң, жасалма ойлоп табылган иш экени айдан ачык болуп жаткандан кийин адвокат менен барганым туура болот. Анткени адвокатсыз барганда булардан баарын күтсө болот.
Мен качкан жокмун. Качсам азыр ушул жерде отурбайт элем го. Мына Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыровдун сот иши болуп, адвокат ошол жерде болду. Майрамда баралы десек, тергөөчүлөр өздөрү болбой койду, анда кийинки күнү баралы дедик. Бул биздин укук.
Мына Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү демилгеси менен президент чыкканда биз ага каршы болдук. Бул Конституция бир партиянын авторитардык режимин орното турган, бир партиянын кызыкчылыгына иштей турган Конституция болуп жатат дегенбиз. Анан 31-августта президент Ала-Тоо аянтынан “булар кузгундар, канкорлор, чагымчылдар, булардын баарын каматам” деген сөздү айткан. Мына ал сөзүн Бельгияга чейин барып айтты, “мен кетип баратып баарын ала кетем” деди.
Куугунтуктун башы ошондон башталган. Андан кийин эмне болду? Белизгейт деген операция чыкты, КТРК “Шыкмаматов 23 миллионду чөнтөгүнө салып алыптыр, Салянова, Текебаев салып алыптыр” деп күнүгө бир жума бурмалады.