"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мандатын тапшырды. Башка бир депутат Шаирбек Ташиев Ички иштер министрлигине сурак берип жатканы кабарланды. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова менен эколог-активист Бермет Бөрүбаева милицияга сурак берип чыгышты. Жакынкы Чыгышта кырдаал курч бойдон калууда.
Тегеран соңку бир жумадан берки эң ири аба чабуулуна туш болду. АКШ президенти Трамп Ирандын жаңы лидерин шайлоого катышууну каалай турганын айтты. Абактан тик учак менен чыккан Даниел Ажиев кайра кармалды. Кыргызстанда июлдан тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын 1200 сомдон жөлөк пул берилет.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.
Украинанын Киев, Орусиянын Белгород шаары аба соккусуна кабылды. Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, депутаттар ишке чыкты. Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сунушталды.
Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталууда. Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева “Азаттык” менне болгон маегинде мектеп, жогорку окуу жайлардагы билим сапаты, китеп тартыштыгы, 12 жылдык системага өтүү жараяны, тармакты санариптештирүү аракеттери тууралуу суроолорго жооп берди.
Бишкекте Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалды. Курск аймагында "федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал" жарыялады. Парижде эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.
АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун саясий лидери Исмаил Хания Иранда жок кылынды. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу анын өлүмү иликтенерин билдирди.
Израилдин өкмөт башчысы АКШ Конгрессинин биргелешкен жыйынында кайрылуу жасап жатканда Капитолийдин алдына миңдеген адам чогулду. Алар Газадагы согушту жана Израилдин жетекчилигин айыптап, ок атышууну токтотууну талап кылышты.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда автоунааны сел агызып, бир үй-бүлөдөн төрт адам мерт болду. Алардын экөө балдар. 28-июнда Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, он кишинин өмүрүн алган. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.
Айдын бетинде адамга жардам берчү төрт буттуу роботтор. Рак оорусун дарылай турган балыр микророботтор. Тукум курут болгон пилдер. Германияда эки окуучу байыркы пилдин сөөктөрүн тапты.
Газалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилеп жатышат. Ал арада АКШнын президенти Израиль өкмөт башчысынын Газадагы саясатын “жаңылыш” деп атады. Журналисттерди коргоо комитети кыргыз бийлигин камалган журналисттердин баарын бошотуп, аларга коюлган айыптарды алып салууга чакырды.
Украин президенти Владимир Зеленский АКШ жардам бербесе согушта жеңилиши мүмкүндүгүн эскертти. Орусиянын Оренбург облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Казакстанда 72 миңден ашык адам эвакуацияланды. Камактагы журналист Махабат Тажибек кызынын денесинде тактар бар экенин Акыйкатчы институту
Америкада биринчи жолу чочконун бөйрөгүн кишиге ийгиликтүү жамашты. 62 жаштагы бейтап өзүн жакшы сезип, ооруканадан үйүнө чыкты.
Түштүк кореялык изилдөөчүлөр күрүчтүн данына уйдун клеткаларын өстүрүштү. Азык-түлүк салган желим баштыктар, балдардын оюнчуктары жана медициналык каражаттар жасалган пластикте мурда аныкталгандан 3 миңге көп химиялык зат бар экени аныкталды.
Европадагы коопсуздук жана кызматташык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директору Маттео Мекаччи “Азаттыкка” жазуу түрүндөгү маегинде кыргыз парламентин “чет элдик өкүл” деген ат менен таанымал талаштуу мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.
АКШнын аскердик кемеси Газада убактылуу порттун курулушу үчүн инженерлерди жана жабдуулардын биринчи партиясын алып баратат.
Мексикада жоголгон адамдардын сөөгүн термодрондор издей баштады. Акылдуу үйлөрдү курууда ак кумуркалардын тажрыйбасы баалуу табылга болушу мүмкүн. Пандалар деңиз түбүндө да жашашат. Асциядынын бул жаңы түрү илимпоздордун кызыгуусун арттырууда.
АКШ да тубаса кулагы укпаган 11 жашар өспүрүм экспертименталдык ген терапиясынын жардамы менен уга баштады. “Европадагы 3D принтеринде басылган ири имараттын ” курулуш аяктап, ижарачыларга берилди. Кытай изилдөөчүлөрү глобалдык жылуулуктун пингвиндерге таасирин иликтеп жатышат.
29 жаштагы Даткайым Маматкадырова Американын Чикаго шаарында жашап жатканына алты айдан ашты. Ал АКШга өткөн жылы күйөөсү жана эки баласы менен Мексика аркылуу келген. Жубайлар бул үчүн балдары менен тобокелчиликке барып, жалпысынан 25 миң доллар сарптаган.
Ленинград облусунун Усть-Луга деңиз портунда өрт чыгып, "Новатэк" компаниясынын терминалындагы газ сактай турган кампа күйүп кетти. Орусиянын расмий бийликтери өрттүн себебин айтпаганы менен, бул окуя Украинанын аба күчтөрүнүн чабуулунун кесепети экенин маалымат каражаттары жазды.
Дагы жүктөңүз