Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:22

Узап бараткан жумада Өмүрбек Текебаев камакка алынды. Орусия президенти Кыргызстанда кыска мөөнөттүк сапар менен болуп кетти. АКШда Трамптын командасына чабуул уланууда.

Абакка жеткирген тиреш

Президент Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин өткөн жылдан берки курч тиреши Текебаевди 26-февралда камакка алууга алып келди.

2010-жылдагы апрель ыңкылабынын лидерлери саналган Атамбаев менен Текебаевдин атаандаштыгы ыңкылаптан кийин эле башталган. Анда Текебаевдин президенттик амбициясы “мародерчулук” жаңжалын козутуу менен басылган болчу.

Президенттик шайлоодо Атамбаевдин жеңишинен кийин Текебаев өзүн тыйып, өзү айткандай, Атамбаевдин бийлигин чыңдап, ыңкылапчыл эмес “Ата Журт”, “Республика” партияларын жана алардын лидерлерин алсыратуу багытында иштеген.

Өткөн жылы президент Атамбаевдин Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси эки ортого чок таштады. 31-августта эгемендик күнүндө президент Атамбаевдин Убактылуу өкмөттүн жана Роза Отунбаеванын дарегине кордоого тете сөздөрү эки лидерди биротоло келишкис душманга айлантты.

Анын айынан компроматтык согуш тутанып, Өмүрбек Текебаев президент Атамбаев жана Бишкек мэри Албек Ибраимовдун “Дастан” заводуна таандык болгон, кезинде Максим Бакиев ээлик кылган жер кантип “алды-сатты болгонун” жана башка шектүү иштерди удаа-удаа жарыялай баштады. Камакка алынардан мурда Текебаев Кипрден Атамбаевдин байлыгы тууралуу маалымат алганын билдирген эле:

- Көптөгөн адамдар менен жолуктум. Кыргызстандагы абалга кызыкдар, маалыматка ээ адамдар бар экен. Алар Атамбаев өзү айтып жүргөн байлыгы тууралуу да анча-мынча маалыматтарды билебиз жана аны тапканга мүмкүнчүлүгүбүз бар дейт. Атамбаевдин байлыгын расмий түрдө иликтөө жүргүзгөнүмө байланыштуу эгерде маалымат таап калсаңар бөлүшкүлө дедим. Алар таап калса сөзсүз түрдө мага жөнөтө турган болушту. Мен Атамбаевдин байлыгы тууралуу эч нерсе айта элекмин. Маалымат алдым деп гана айтып жатам. Аны тастыктап, документтер менен бекемдегенден кийин коомчулукка жана Башкы прокуратурага сөзсүз түрдө берип турабыз.

Президент Атамбаев алдын ала 2007-жылы "Демир" жана "Толубай" банктарындагы эсебинде 1,7 млн доллары болгонун жарыялады. Бирок Кипрдеги офшордо президент Атамбаевдин кандай байлыгы, канча акчасы бардыгын тактап жарыялоого Текебаев үлгүргөн жок. Ал камакка алынар алдында Венага сапарында да документ, маалымат топтоп жүргөнү маалым болду.

"Ата Мекендин" компроматы...

“Ата Мекендин” юристтери Таалайкүл Токтакунова жана Канатбек Азиз 1-мартта маалымат жыйынын өткөрүп, ошол Текебаев тапкан айрым документтерди жарыялады. Ал "Түркия атайын кызматынын президент Режеп Тайып Эрдоганга даярдаган күнүмдүк маалымдамасы" деп аталды. Анда кыйраган учактагы жүк президент Атамбаевге таандык экени жазылган деди Токтакунова:

- Ошол учакта болгон жүк: уюлдук телефондор, компьютерлер, буюм-тайымдар, акча, кымбат баалуу асыл таштар Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевге жана жубайына таандык болгон.

Учак 16-январда "Манас" аба майданына жакын жерде кыйрап, 39 кишинин өмүрүн алган. Көптөгөн үйлөрдүн кыйроосуна алып келген. Андан сырткары бул учак Кыргызстанга байма-бай каттап, анда контрабандалык жүк ташылган деген шектенүүнү күчөттү. Президенттин маалымат кызматынын өкүлү Алмаз Үсөнов “Ата Мекендин” юристтеринин маалыматын төгүнгө чыгарды:

- Бул жөн гана абсурд эмес жана дагы бул жөн гана жалган сө​з эмес. Бул кылмыш жасагандыгы боюнча жалган билдирүү, ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралышы мүмкүн. Журналисттер алар тарабынан көрсөтүлгөн «документтердин» реалдуу экендигинен туура күмөн санашкан. Ырасын айтканда, Текебаевдин жардамчыларынын билдирүүсү Текебаевдин иши боюнча тергөөгө кыйыр басым жасоого багытталган.

“Ата Мекендин” дагы бир юристи Искен Афиджанов кыйраган учактагы жүк боюнча документтердин түп нускасы ишенимдүү колдо экенин, ал Өмүрбек Текебаевдин жана юристтердин өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаралса жарыяланарын билдирди.

1-марттагы юристтердин билдирүүсүнө Түркиянын Кыргызстандагы элчиси да жооп берди. Элчилик партия юристтери тараткан документтерди жасалма деп атады.

Кыргызстандын атайын кызматынын генералы Артур Медетбеков Түркиядан алынган документ жалган деген түрк элчилигинин сөзү менен чектелбей, расмий иликтөөгө алынышы керек дейт. Анын айтымында, адатта атайын кызматтар жашыруун деп жазган документтер чет жактагы элчиликтерге маалымдалбайт. Алар жашыруун бойдон калышы керек. Ал эмес өкмөт башчы жана жакын кеңешчилер да билбей калат.

​16-февралда кыйраган учактагы жүк толугу менен Стамбулга барары айтылган. Түркиянын өкүлү да Бишкекте аны ырастаган. Бирок учакка ээлик кылган АСТ компаниясы карама-каршылыктуу маалымат берип, жүктүн Бишкекте каларын айткан эле.

“Азаттыктын” кабарчысы учак кыйраган жерде оттук - зажигалкалардын кыргызча нускамасын тапкандан кийин 80 тоннага жакын жүктүн эки тоннага жакыны Стамбулга барып, кайра Бишкекке алып келинмек деген маалыматты УКМК тараткан. Текебаевдин адвокаттары жарыялаган документтеги жүккө байланыштуу кыска маалыматтан тилчилер ондон ашуун ката тапканы ал кагаздын чыныгы баалуулугунан шектенү​ү​ жаратпай койгон жок.

Саясий лидерлерге сыноо

Өмүрбек Текебаевдин камалышы саясий чөйрөнү жана парламентти чоң сыноого салды жана иргеди. Бир катар саясатчылар Текебаевдин камалышын саясий куугунтук жана өч алуу деп атады.

Дагы бир топ саясатчылар тергөө мыйзам чегинде болушу керек, сот чечет дегендей пикир менен чектелди.

Маселен, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Темир Сариев президентти мыйзамдуулукту жана туруктуулукту сактоого чакырып, Текебаевдин ишинде саясий боёк бар десе, Өмүрбек Бабанов камакка алууну ашыкча аракет деп баалады. Бакыт Төрөбаев Текебаевге одоно чаралар көрүлүүдө, ал кырдаалды чыңалтууда деди.

Камчыбек Ташиев камакка алууну одоно катачылык жана саясий куугунтук деп бааласа, Адахан Мадумаров окуяны мамлекеттик ишмерге жасалган куугунтук жана өч алуу деди:

- Текебаев бирөөгө жагабы-жакпайбы ал мамлекеттик ишмер. Ал Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты. Башта алар менен чогуу жүрсө да, бардык нерсени чогуу жасаганы менен, соңку кезде оппозициялык фракциянын төрагасы экенине да караш керек. Намыска келесиң да, башка бир мамлекеттин жараны ушундай деп койду деген сөздүн аркасы менен очойгон партиянын, фракциянын төрагасын чоң операция жасагандай болуп, учактан колуна кишен салып жатат. Жөн эле кечирип коесуз деп барып, суроолорубуз бар десе, бара турган эле нерсе да бул.

Адахан Мадумаров Текебаевдин камалышын абийирсиздик, кыргыз журтчулугуна, кыргыз саясатына урулган сокку деп кошумчалады.

Лидеринин камалышы менен “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү да чоң сыноого тушукту. Өздөрү да тергөө астында жүргөн Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, алардан тышкары Каныбек Иманалиев, Садык Шернияз жана Наталья Никитенко митингдерде активдүүлүктү көрсөтсө, Айсулуу Мамашева, Бахадыр Сулайманов, Абдимуктар Маматов, Эмил Токтошев, Сайдулла Нышановдор андайга батынган жок.

Өмүрбек Текебаевдин ишинде юристтер белгилеген эң олуттуу жагдай анын “буюмдук далилдери жок” туруп камакка алынышы болуп жатат. Ал Рыкунова, Леонид Маевский сыяктуу адамдардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде камакка алынды. Берилди делген акча, андагы колдун изи, фото, видео далилдер жок. Ошондуктан Текебаевдин тарапташтары камоого алууну саясий куугунтук жана өч алуу катары баалап жатышат. Жогорку Кеңеш бул маселелерди кабыргасынан кое да албады, өз кесиптешин коргой да албады, аягы барып баарын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүгө батынган жок.

Путин сапары...

Кыргызстанда Өмүрбек Текебаевдин кармалышы жараткан саясий жаңжал күчөп, митингдер кызып жаткан күнү, 28-февралда Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга кыска мөөнөттүк сапар менен келип кетти. Борбор Азия регионуна сапарын Казакстандан баштап, Тажикстанга барып, соңунда Кыргызстанга келди.

26-февралда Казакстанга келген Путин Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүү өткөрүп, ал эмес Чымбулакта лыжа тээп, эс алганы кабарланды. 27-февралда расмий жолугушууларды өткөрүп, ошол эле күнү кечке жуук Тажикстанга келип, президент Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки лидер саясий-экономикалык кызматташуулардан сырткары тажик-ооган чек арасын биргелешип коргоону макулдашты.

Владимир Путин Борбор Азия регионундагы коопсуздукту сактоодо Тажикстандын ролу өзгөчө экенин белгилеп, тажик-ооган чек арасын биргелешип кайтарууну күчөтүү макулдашылганын айтты:

- Орусия жана Тажикстан Ооганстанда “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмдардын күчөшүнө тынчсызданууну тең бөлүшөт. Маңзаттарын ташуу, чек аралар аркылуу жасалган кылмыштардын кескин өсүшүнө тынчсызданабыз. Мына ошого байланыштуу тажик-ооган чек арасын коргоону активдештирүүнү, анын ичинде бул ишке Тажикстандагы Орусиянын аскерий базаларынын мүмкүнчүлүктөрүн тартууну макулдаштык.

Тажик президенти Эмомали Рахмон да Ооганстандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бөлүнгөнүн белгиледи:

- Биз Ооганстандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурдук. Бул кошуна өлкөдө коопсуздук жана тынчтыктын орношунун өтө маанилүү экенин биргелешип белгиледик. Эки тарап тең аскердик жана аскердик-техникалык кызматташууларды өнүктүрүүнү жактады. Биринчи кезекте, Тажикстандын коопсуздугунун кызыкчылыгында жана регионалдык коопсуздукту камсыздоо максатында биздин куралдуу күчтөрдү модернизациялоону колдодук.

Орусиянын Тажикстанда 7 миңдей аскери бар. Алар Дүйшөмбү, Куляб жана Курган-Тепа шаарларындагы аскердик базаларда жайгашкан.

Путиндин таарынычы...

Владимир Путин 28-февралда Кыргызстанга келди. Ошол эле күнү Орусияга жөнөп кетти.

Владимир Путин Бишкекке тымызын таарынычы бар экенин эске салды. Ал "кыргыз тарап Канттагы аскерий базанын чыгуусун талап кылса, ошол замат чыгып кетүүгө даярбыз" деди.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылы декабрдагы кеңири маалымат жыйынында учуру келсе, Орусиянын базасы чыгып кетүүгө тийиш дегендей пикирин айткан эле. Эми Путин Атамбаевдин ал сөзү эсте экенин биргелешкен маалымат жыйынында расмий түрдө эске салып, Кантка орус базасы кыргыз тараптын өтүнүчү менен жайгаштырылганын, ал Орусия үчүн чыгаша экенин белгиледи.

Эки президенттин маалымат жыйынында Кыргызстандын ички саясатына байланыштуу да маанилүү билдирүү жасалды. Президент Атамбаев күзгү президенттик шайлоодон кийин саясатта каларын айтты. Бул билдирүү өткөн жылы Конституция эмнеге өзгөртүлдү, анда өкмөт башчынын ыйгарым укуктары эмне үчүн бекемделди деген суроолорго жооп бергендей болду.

Быйылкы президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаев өкмөт башына келиши мүмкүн. Буга парламентте бардык жагдай, мүмкүнчүлүк бар. Маселе, Атамбаевдин азыркыдай падышалык эмес, өкмөт башчы катары иштөөгө даярдыгында гана турат.

Экинчи вариант боюнча, саясатта кала берем деген Атамбаев Кыргызстанга Грузия вариантын сунушташы ыктымал. Белгилүү болгондой “Грузия кыялы” партиясынын лидери, олигарх Бидзина Иванишвили өкмөт башына өз адамын, Георгий Квирикашвилини алып келип, өзү көшөгө артынан таасир этип отурат.

Президенттикке да Иванишвили 2013-жылы Георгий Маргвелашвилини сүрөп, жеңишке жеткирген. Шайлоодон кийин ортодо келишпестик пайда болгон. Бирок Грузияда президенттик шайлоодон кийин президенттин ыйгарым укуктары азайтылып, өкмөт башчынын ыйгарым укуктары күчөтүлгөндүктөн Маргвелашвилинин тескери кетиши Иванишвилиге көп зыян алып келген жок. Ал Грузияда эң таасирлүү лидер катары кала берүүдө.

КСДП, тагыраак айтканда, президент Атамбаев мураскерди атай элек. Сапар Исаковдун президенттик аппараттын башына келиши менен мураскер маселесинде интрига күчөдү. Айрымдар жаш жана тажрыйбасы жетишсиз деп сыпаттаган Исаков потенциалдуу мураскерлер сабында бекемделди.

Саясий күрөш кызыган Франция, АКШ...

Узап бараткан жумада дүйнөлүк саясатта Францияда президенттик шайлоо алдындагы саясий жаңжалдар, Америкада саясий күчтөр ортосундагы айыгышкан кармаштар көңүл чордонунда болду.

Францияда май айында президенттик шайлоо болот. Өлкөдөгү борборчул-оңчул күчтөр өз талапкери катары Франсуа Фийонду тандап алган эле. Мына ошол тандоо жасалып, чечим кабыл алынгандан кийин Фийон депутат кезинде өз аялын, балдарын кызматкер катары жалдап алып, мамлекеттик казынадан жүз миңдеген евро төлөгөн деген айыптоолор чыкты. Атайын иликтөөнүн алкагында 2-мартта анын үйү тинтүүгө алынды. Шайлоо алдындагы мындай жаңжалдын айынан Фийондун рейтинги төмөндөп, келечеги татаалдашты. Фийон ага жасалган чабуулду “саясий өлтүрүү” деп атап, бирок күрөштөн баш тартпасын билдирди. Фийон орус президенти менен жакын адам катары сыпатталып келген.

Орусияга жакындыгы же орус саясатчылары менен байланыштары үчүн АКШда президент Дональд Трамптын командасы да демократтардын катуу чабуулунда калууда. Орусиянын элчиси Сергей Кисляк менен кызматка киришүүсүнө чейин санкция маселесин сүйлөшкөнү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Флинн өткөн айда кызматтан кеткени белгилүү. Эми ошондой эле кырдаалга юстиция министри-башкы прокурор Жеф Сешнс туш болууда. Ал өткөн айда Сенатта бул кызматка бекитилип жаткан учурда Орусия элчиси Сергей Кисляк менен жолугушуусун жашырып айткан эмес деп айыпталууда. 2-мартта Сешнс айыптоолорду толук четке какты:

- Трамптын кампаниясына байланыштуу Орусиянын өкүлдөрү же ортомчулары менен мен эч качан жолугушкан эмесмин. Мени “Орусия өкмөтүнүн кызыкчылыгында иштеген ортомчулар менен Трамптын адамдарынын ортосунда маалымат алмашкандар арасында болгон” деген ойлор жалган.

Бирок демократтар Сешнс өткөн жылы орус элчиси менен эки жолку жолугушуусун жашырган, ошондуктан кызматтан кетиши керек деп жатышат. Сешнс демократтардын басымынын айынан өткөн жылдагы шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүн иликтеген комиссиядан чыгууга аргасыз болду. Бирок жаңжал тутанууда. Ошондуктан Сешнс Майкл Флинн сыяктуу кызматынан кетпейби деген суроо жаралууда. Белгилей кете турган нерсе, Майкл Флинндин АКШдагы орус элчиси Сергей Кисляк менен жолугушуусунда президент Трамптын күйөө баласы жана кеңешчиси Жаред Кушнер да болгону маалым болууда. Ошондуктан Кушнер маселеси да чыгууда.

Дональд Трамп өзү Жеф Сешнсти толук колдоорун билдирип, демократтардын чабуулун айласыздардын “мастан издөө” аракети деп атады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG