Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

Президенттин талаштуу жеринин тарыхы


Атамбаевдики делген үйдүн алды. Кой-Таш
Атамбаевдики делген үйдүн алды. Кой-Таш

Президент Алмазбек Атамбаев хансарай салган Кой-Таштагы жер тилкесинин таржымалы талкууга алынып, айрым жагдайлары ачыла баштады.

“Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутаттар тиешелүү аткаминерлерге 2010-жылы мамлекетке кайтарылган кыймылсыз мүлк кандайча жеке колго өтүп кеткен жагдайлар туурасында суроо берип, жооп алышты. Бул арада президент Атамбаев бул маселени иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды.

Мэрдин жубайы президентке жер саткан

“Ата Мекен” фракциясында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев президент хансарай салган “Дастан” заводуна караштуу Кой-Таштагы базанын жер тилкесинин таржымалы боюнча баяндама жасады. Андагы документтер боюнча Бишкек райондор аралык соту 2010-жылы 20-майда Кой-Таштагы бул базаны жер тилкеси менен бакиевдерге караштуу деп айтылган “Арткурулуш Дизайн” компаниясы менчиктештирген келишимди жокко чыгарган. Бул тууралуу Тайырбек Сарпашев мына буларга токтолду:

Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

- 2008-жылы “Дастан” мамлекеттик ишканасы “Арткурулуш Дизайн” деген компанияга 26 миллион сомго сатканы менен, ал акчасын которуп берген эмес. Буга байланыштуу ишкана соттошуп, жер тилкесин кайтарып алган. Анан 2012-жылы бир нече жолу сатыкка чыгарылып, акыры Анарбек Укуев деген жаран 22 миллион сомго сатып алган. Үч жылдан кийин 2,4 гектар жер тилкесин Айнура Ибраимовага саткан. Ал мына ошол жалпы аянты 2,7 гектар жерди Алмаз Атамбаевге саткан.

Документтерге ылайык, “Дастан” заводу 2,4 гектар жер тилкесин 2012-жылы 4-апрелде Анарбек Укуевге 22, 5 миллион сомго саткан учурда ишкананы Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов жетектеп турган.

Максим Бакиевге караштуу фирмага сатылган мына ошол жер тилкеси 2010-жылдан кийин эки жылча эмне себептен дайыны чыкпай калды? Ал сот чечимине ылайык, улутташтырылышы керек эле го.
Садык Шер

Анарбек Укуев деген жаран ага кошумча 30 сотых жерди Каныбек Таабалдиев деген адамдан 2 миллион 300 миң сомго сатып алып, үч жылдан кийин экөөнү бириктирип, Бишкек мэринин жубайы Айнура Ибраимовага 26,5 миллион сомго саткан.

Бирок эки айдан кийин Албек Ибраимовдун жубайы жер тилкесин президент Алмазбек Атамбаевге кайра 33 миллион сомго сатып, ортодон алты жарым миллион сом пайда көргөн.

Атамбаевдин үйүнүн "аки-чүкүсү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00

Бул жер тилкеси экинчи ирет кымырылганбы?

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттарын “Дастан” заводуна кайтарылган Кой-Таштагы аянты 2,4 гектарды түзгөн ал базадагы жер аянтынын жагдайы 2012-жылга чейин эки жыл эмнеге дымып турганы кызыктырды. Парламент депутаты Садык Шер ал кыймылсыз мүлк кандайча сатылып кеткени тууралуу суроону кабыргасынан койду:

- Максим Бакиевге караштуу фирмага сатылган мына ошол жер тилкеси 2010-жылдан кийин эки жылча эмне себептен дайыны чыкпай калды? Ал сот чечимине ылайык, улутташтырылышы керек эле го. Райондор аралык соттун чечиминде аталган ал “жарабаган алды-сатты” деп табылгандан кийин эмнеге анда калып кеткен? Анда бул жерге “тийбей эле коёлу” деп атайын эле кандайдыр бир план менен калтырылган экен да?

Маммүлк фонду: аны ишкана экинчи ирет сатыкка чыгара алат

Бишкектин райондор аралык соту 2010-жылы “Дастан” заводунун 50,5 пайыз акциясын Максим Бакиевге жакын адамдар мыйзамсыз менчиктештирген деген негизде аны мамлекетке кайтарган. Ошол эле учурда 2008-жылы заводдун курамынан чыгарылып, “Арткурулуш Дизайн” компаниясына сатылган Кой-Таштагы базанын алды-саттысы дагы күмөндүү деп табылган.

2010-жылы 20-майда Бишкек райондор аралык соту Гладышев деген жаранга катталган "Арткурулуш Дизайн" компаниясын Максим Бакиев менен Алексей Ширшовго байланышы бар экенин аныктаган. Бирок азыркы учурда Мамлекеттик мүлк фонду ал бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген мүлк катары эмес, акчасы төлөнбөй калган мүлк катары “Дастан” заводуна кайтарылган деп жүйө келтирүүдө.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрага орун басары Бекболот Алиев бул тууралуу мындай дейт:

- Улутташтыруу учурунда анда “Дастан” заводунун мыйзамсыз сатылып кеткен акциялары мамлекеттин карамагына алынган. Бирок 2,7 гектар кыймылсыз мүлк комплекси бул ага чейин өзүнчө келишим менен сатылган экен. Мындайча айтканда, бул объект заводдун карамагынан эбак эле чыгарылган. Анан 2010-жылы соттун чечими менен мына ошол алды-сатты жокко чыгарылып, ал ишканага кайтарылган. Бирок мына ошондон эки жылдан кийин анан “Дастан” заводу ал кыймылсыз мүлктү кайра сатыкка чыгарып жатпайбы. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес.

Стратегиялык объектинин мүлкү сатыла береби?

Бирок буга депутат Алманбет Шыкмаматов макул болбоду. Шыкмаматовдун айтымында, мында “Дастан” өзгөчө макамдагы мамлекеттик ишкана катары атайын тизмеге кирген. Алманбет Шыкмаматов бул жерде стратегиялык объектилердин мүлктөрүн сатуунун тартиби одоно бузулган дейт:

Атамбаевдики делген үйдүн сырткы көрүнүшү
Атамбаевдики делген үйдүн сырткы көрүнүшү

- Расмий документте Максимдин компаниясына 26 миллионго сатылган деп жүрөт. Акчасы төлөнгөнбү же жокпу ал башка маселе. Бирок 2012-жылы жанагы Укуев деген Максимден дагы арзан баалап, сатып алып жатпайбы. Маселе анда деле эмес. Бул жер тилкеси турган база стратегиялык объектилердин тизмесине кирген “Дастан” заводунун мүлкү болуп жатпайбы. Мыйзам боюнча стратегиялык объектилердин ичиндеги мүлк сатылбашы керек. Максим Бакиев 26 миллион сомго сатып алган күндө дагы, анан кийин жанагы Анарбек Укуев деген сатып алгандан кийин дагы бул кыймылсыз мүлктү мына ошол мыйзамга такап туруп, биз мамлекетке кайра кайтарып алышыбыз зарыл.

Эгерде учурда мен Текебаев, Шыкмаматов же болбосо башка бир биздин жигиттердин бири Максим Бакиевге таандык бир бөлмөлүү эле батирде жашап жаткан болсок, анда КТР азыр эмне деп “чуу” чыгарат эле.
Өмүрбек Текебаев

Мыйзам боюнча стратегиялык объектилердин мүлктөрү өзгөчө зарылдык болгон учурда гана Мамлекеттик мүлк фондунун сунушу жана парламенттин уруксаты менен сатыла турган шарттар бар экени айтылды. Мамлекеттик мүлк фондунун төрага орун басары Бекболот Алиев бул маселеге төмөндөгүчө жооп берди:

- Мына ошол сатыла турган мүлктүн наркы стратегиялык объектинин ичиндеги мүлктөрдүн элүү пайыздан ашуун үлүшүн түзө турган болсо, анда ага Мамлекеттик мүлк фонду карап чыгып, уруксат берип, аны парламент бекитиши керек. Анан эми бул мыйзам “Дастан” заводунун акцияларын сатууга байланыштуу. Мына ошол акциялардын кайсы бир ири үлүшү сатылган учурда гана өзгөчө тартип менен ага парламенттин уруксаты талап кылынат.

Текебаев: “жардамчымдын келинчегинен сатып алдым” десем эл ишенеби?

Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан мэр Албек Ибраимовдун толтурган декларациясы белгисиз себептер менен алынып салынды. Анын жубайы Айнура Ибраимова Каржы министрлигинин сайтында жеке салык төлөөчү катары катталганы менен 2015-жылы сатып алды делген ал жер тилкеси үчүн эч кандай салык төлөбөгөнү көрсөтүлгөн. Бул маселе боюнча Бишкектин мэри Албек Ибраимов менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев бул иш андан ары иликтене турганын айтып, ага баа берүү зарыл экенин белгиледи:

- Эгерде учурда мен Текебаев, Шыкмаматов же болбосо башка бир биздин жигиттердин бири Максим Бакиевге таандык бир бөлмөлүү эле батирде жашап жаткан болсок, анда КТР азыр эмне деп “чуу” чыгарат эле. Анда азыр Атамбаев эмне деп күлөт эле. Мына ошондо мен “бул батирди мен мыйзамдуу түрдө эле жардамчым Нурбектин келинчегинен сатып алгамын” десем, менин үстүмөн бүткүл Кыргызстан күлбөйбү. Мен аны мыйзамдуу сатып алдым деп каргансам дагы ага эч ким ишенмек эмес. Бул жерде эми мына ошондой болуп жатпайбы. Буга биз азыр укуктук жактан иликтеп, баа берүүдөн мурун саясий жактан баа беришибиз абзел.

Президент Алмазбек Атамбаев депутат Өмүрбек Текебаевдин маалыматын иликтеп чыгып, ага укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Бирок коомчулукта президент бул ишти иликтөөнү көз карандысыз комиссияга тапшырса калыс болмок деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

XS
SM
MD
LG