Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Атамбаевдин үйү тутанган жаңжалга май чачты


Кой-Ташта салынып жаткан үй.
Кой-Ташта салынып жаткан үй.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Текебаевдин дооматын четке кагып, мамлекет башчысы ал жер тилкесин мыйзамдуу негизде сатып алганын белгиледи.

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптады.

Анын айтымында, 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин 2015-жылы Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов башында өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттаткан.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Текебаевдин дооматын четке кагып, мамлекет башчысы ал жер тилкесин мыйзамдуу негизде сатып алганын белгиледи.

КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов президентке өтө оор күнөө койгон Өмүрбек Текебаев анысын далилдей албаса, жалаа жапканы үчүн жооп бериши керек экенин эскертти.

"Дастан" заводунун таланган жер тилкеси

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев парламенттеги маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаевди “Дастан” заводуна караштуу Кой-Таштагы базанын 27,5 гектар жер тилкесин өзүнө энчилеп алганын айтып чыкты. Анын ырасташынча, бул жер тилкеси 2010-жылы улутташтырылышы керек болчу. Кезинде Данияр Үсөнов жана Максим Бакиев менчиктештирген базанын жер тилкеси мамлекет ээлигине кайтарылбай, беш жылдан кийин кайра кандайча Алмазбек Атамбаевге өтүп кеткенине төмөндөгүчө токтолду:

- Бул базаны 2008-жылы Укуев Анарбек Акматович деген кишинин наамына каттап, менчиктештиришкен. “Дастан” заводун Ширшов жетектеп турган учурда бул базаны жөнөкөй адамга менчикке берүү деги эле мүмкүн эмес болчу. Менчиктештирүү анын наамына жасалма түрдө жүргөн. Азыр ал жерге Алмазбек Атамбаев үй куруп жатат. Беш жыл бою, башкача айтканда, 2010-жылдын 7-апрелинен бери бул жер тилкесин мыйзамсыз басып алып отурушкан. Беш жыл өткөндөн кийин унуткарып барып, анан каттоону башташкан. Азыр биз Бакиевдердин мүлкүн издеп жатабыз. Кыймылсыз мүлк качып кетпейт. Эртеби-кечпи анын көмүскө таржымалы ушуга окшоп эле ачылып калат.

"Алды-саттынын" көмүскө байланыштары

Өмүрбек Текебаев тараткан маалыматка караганда, “Дастан” заводуна караштуу бул жер тилкеси Анарбек Укуевден алынып, 2015-жылы 7-майда Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнуру Ибраимовага катталган. Андан соң туура беш күндөн кийин ал кыймылсыз мүлк президент Алмазбек Атамбаевдин өзүнө өткөн. Өмүрбек Текебаев муну президент менен мэрдин ортосундагы коррупциялык байланыштардын жыйынтыгы деп атады:

- 2015-жылы Албек Ибраимов Ширшов, Максим Бакиев жана Данияр Үсөнов ээлик кылып келген мына ошол жерди президентке өткөрүп бериптир. Ошондон кийин эле ал Бишкек шаарына мэр болуп келди. Бул жерде логикалык байланыш бар десек болот. Бул коррупциянын классикалык үлгүсү. Албек Ибраимов Атамбаев үчүн бөтөн адам эмес. Анын жеке иштерин алып барып жүргөн “завхозу” болгон. Атамбаев 2010-жылы бийликке келгенде Албек Ибраимовду “Дастан” заводуна жектекчи кылып койгон. Балким, ошондо ал мына ошол жерди басып алгандыр. Андан кийин Албек Ибраимов Бишкек эркин экономикалык зонасынын башкы директорлугуна, андан соң президенттик аппараттын жетекчи орун басарлыгына, анан “Манас” аэропортуна барган. Ошондон кийин, былтыр аталган жерди президентке каттатып бергенден кийин Бишкектин мэрлигине келип отурат.

Текебаев: Бакиевдердин жери Атамбаевге тийди
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:43 0:00

Президенттик аппарат: бул жалган жалаа

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов Текебаевдин дооматын арык аттап суу кечпеген жалган маалымат катары четке каккан билдирүү жасады. Анын айтуусунда, президент Атамбаев үй куруп жаткан жер тилкесинин аянты 27 гектар эмес, эки жарым гана гектарды түзөт. Фарид Ниязов президент бул жер тилкесин Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон өз акчасына сатып алганын белгиледи. Фарид Ниязовдун айтымында, президенттин жер сатып алып, үй куруп жатканы жашыруун эмес жана бул маалымат анын декларациясында ачык көргөзүлгөн.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттин чынчылдыгына ишенерин айтып, жалган жалаа жапкан үчүн Өмүрбек Текебаев жоопко тартыларын кыйытты:

- Бул - түздөн-түз эле курулай айыптоо. Мен муну айыптоо деп түшүнөм. Бул сөзсүз түрдө кылдат териштирилип, ага акыр-аягына чейин чекит коюлушу абзел. Мамлекет башчысын жөнү жок жерден эле негизсиз каралоо акылга сыйбайт. Аны жөн эле жер басып алган деп айыптоо үчүн далил болушу кажет. Бул мамлекет башчысына түздөн-түз күнөө койгон үчүн, эгерде анысын далилдей албаса, Текебаев сөзсүз түрдө жооп берүүгө тийиш.

Иликтөө саясий "аба ырайына" көз карандыбы? ​

Өз кезегинде Өмүрбек Текебаевдин тараткан маалыматы коомчулукта кызуу талкууга түштү. Президентти оор кылмышка айыптаган билдирүүдөгү фактыларды көз карандысыз териштирүү жана ага токтоосуз түрдө укуктук баа берүү керектиги сунуштала баштады. Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев бул жагдайга төмөндөгүчө баа берди:

- Мыйзам жагынан алып караганда “бизде президентти текшергенге болбойт” деген чектөө жок. Менимче, бул маалыматты уккандан кийин президент өзү деле тиешелүү укук коргоо органдарына бул маалыматты текшерүү үчүн тапшырма берет болушу керек. Себеби ал кишиге мына ушундай оор күнөө коюлуп жаткан соң, ал деле унчукпай отурбайт болуш керек. Текшерүү бүткөндөн кийин маалымат жалган болуп чыкса, анда президентке жалаа жапканы үчүн Текебаев жооп берсин деген маселе көтөрүлөт. Эгерде ал факты чынында эле аныкталып кала турган болсо, анда президент болобу же ким болот, кол тийбестиги алынып салынып жооп берүүгө туура келет. Бирок эми бизде саясий салмак кайсы тарапты карай оосо, териштирүүчү органдар дагы ошол тарапты көздөй жыйынтык чыгарган практика бар эмеспи. Бул эми баарыбызга түшүнүктүү да.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

Өмүрбек Текебаев таратылган маалымат расмий эмес экенин эскертип, тиешелүү мамлекеттик органдардан депутаттык суроо-талапка келген жооптордон кийин гана ал расмий мүнөзгө өтөөрүн айтты. Бул маселе “Ата Мекен” фракциясынын 16-сентябрдагы күн тартибине киргизилген. Буга байланыштуу фракциянын жыйынына мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев баш болгон тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери суроолорго жооп берүүгө чакыртылганы белгилүү болду.

Кой-Таштагы ак сарай

Август айынын башында "Азаттыктын" кабарчысы президент үй курдуруп жатат деген кептин чын-төгүнүн билүү үчүн Кой-Таш айылына барган эле.

Жергиликтүү эл президенттики делген курулуш жүрүп жаткан имаратты тез эле көрсөтүп беришкен.

"Кой-Таш айылы бүткөн жолдун жээгиндеги бийик дубалдуу ак имарат дароо көзгө урунат. Дубалда аралыгы жакын жайгашкан видео камералар, дарбазанын тушунда болсо, бир канча жеңил автоунаа токтоп турган экен. Аскер формачан күзөтчүлөр имараттын ичине кирүүгө уруксат бербеди" деп сүрөттөгөн кабарчы.

Өзүн Кубан деп тааныштырган айыл тургуну бул курулуш жөнүндө минтип айткан:

- Курулушу жүрүп жатканына үч ай болуп калды. Сентябрда ачылышы болот деп жатышат. Атамбаевдин үйү, ошол салдырып жатканын баары эле билет. Камералар, көп кайтаруучулар бар. Тынбай иштеп жатышат. 16-17-сентябрда бүтөт экен дешүүдө.

Атамбаевге таандык делген үй.
Атамбаевге таандык делген үй.

​Ажыбек аттуу дагы бир тургун жолдор түздөлүп, айыл таштандыдан тазаланып жатканына сүйүнгөн:

- Таштанды, чөптөрдү тазалап жүрүшөт. Бир ЗИЛ машина, анан жумушчулар бат-баттан тазалап атышат окшойт.

Бирок анда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Алмазбек Атамбаев там салып жатканы боюнча кепти ырастаган да, четке каккан да эмес:

- Менде бул боюнча толук маалымат жок экен. Ошентсе да, бир жагдайды айта кетейин: Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев былтыркы жыл боюнча толтурган декларациясында көп чыгым коротконун ачык көрсөткөнүн билесиздер, балким, анын себептеринин бири ушуга байланышкандыр. Ак эмгек менен тапкан кирешесин ким кандай максатта пайдаланарын өзү чечет эмеспи, - деген эле "Азаттыкка" президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов.

Атамбаевдики делген үйдүн алды
Атамбаевдики делген үйдүн алды

​Былтыркы жылы өлкө жетекчиси тапшырган декларациясына ылайык, 2015-жылдагы кирешеси 1 298 448 сомду түзсө, чыгашасы 34 миллион сом болгон. Ошондой эле Атамбаевдин менчигинде 2,7 гектар жери, анда аянты 116,34 чарчы метрди түзгөн курулушу бар экени маалымдалган. Мындан тышкары президент өсүмдүктөр тигилген 6,4 гектар жер аянтынын жана жоопкерчилиги чектелген ири компаниянын ээси.

Туңгуч президент Аскар Акаев китепкана болот деп, өзүнө заңгыраган имарат салдырган. 2005-жылкы окуялардан кийин соттун чечими менен ал имарат мамлекетке өткөн. Ал эми 2010-жылы ыңкылапта кызматтан кеткен президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык делген 47 объект улутташтырылган.

  • 16x9 Image

    Кубанычбек Жолдошев

    "Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG