Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Фарид Ниязов: Текебаев жалган жалаа үчүн сотто жооп берет


 Курулуп жаткан үй.
Курулуп жаткан үй.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов депутат Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев курдуруп жаткан үй боюнча айткандарын куру доомат деп атап, жалган жалаа үчүн депутат сот алдында жооп берерин эскертти. Президенттик аппараттан “Азаттык” радиосуна кабарлашкандай, Атамбаев ал үйдүн жер тилкесин мыйзамдуу жана ачык сатып алган.

Бүгүн парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын куруп, Кой-Ташка президент Алмазбек Атамбаев курдуруп жаткан үйдүн жер тилкеси мурдагы мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин жакындары ээлеп алган “Дастан” заводуна таандык болгонун билдирген.

Депутаттын сөзүнө караганда, ал жерди мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов 2008-жылы Анарбек Укуев деген ортомчу аркылуу каттаткан. Аянты 27 жарым гектар тилке 2010-жылы Атамбаевдин айланасындагы адамдардын көзөмөлүнө өткөн. Ушуга байланыштуу улутташтырыла турган мүлктөрдүн тизмесине кирбей калган.

2015-жылы 7-майда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнуру Ибраимованын наамына катталган. Ошол жылы 12-майда Алмазбек Атамбаевдин наамына которулган.

XS
SM
MD
LG