Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Текебаев президентти жер басып алды деп айыптады


Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев
Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди “Дастан” заводунун жерин басып алды деп айыптады.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кой-Ташка президент Алмазбек Атамбаев курдуруп жаткан үйдүн жер тилкеси мурдагы мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин жакындары ээлеп алган “Дастан” заводуна таандык болгонун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтты.

Депутаттын сөзүнө караганда, ал жерди мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов 2008-жылы Анарбек Укуев деген ортомчу аркылуу каттаткан.

Аянты 27 жарым гектар тилке 2010-жылы Атамбаевдин айланасындагы адамдардын көзөмөлүнө өткөн. Ушуга байланыштуу улутташтырыла турган мүлктөрдүн тизмесине кирбей калган.

2015-жылы 7-майда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнуру Ибраимованын наамына катталган. Ошол жылы 12-майда Алмазбек Атамбаевдин наамына которулган.

Кой-Таш
Кой-Таш

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов депутат Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев курдуруп жаткан үй боюнча айткандарын куру доомат деп атап, жалган жалаа үчүн депутат сот алдында жооп берерин эскертти. Президенттик аппараттан “Азаттык” радиосуна кабарлашкандай, Атамбаев ал үйдүн жер тилкесин мыйзамдуу жана ачык сатып алган.

Кой-Таштагы ак сарай

Буга чейин август айынын башында "Азаттыктын" кабарчысы президент үй курдуруп жатат деген кептин чын-төгүнүн билүү үчүн Кой-Таш айылына барган эле.

Жергиликтүү эл президенттики делген курулуш жүрүп жаткан имаратты тез эле көрсөтүп беришкен.

"Кой-Таш айылы бүткөн жолдун жээгиндеги бийик дубалдуу ак имарат дароо көзгө урунат. Дубалда аралыгы жакын жайгашкан видео камералар, дарбазанын тушунда болсо, бир канча жеңил авто унаа токтоп турган экен. Аскер формачан күзөтчүлөр имараттын ичине кирүүгө уруксат бербеди" деп сүрөттөгөн кабарчы.

Атамбаевге таандык делген үй
Атамбаевге таандык делген үй

Өзүн Кубан деп тааныштырган айыл тургуну бул курулуш жөнүндө минтип айткан:

- Курулушу жүрүп жатканына үч ай болуп калды. Сентябрда ачылышы болот деп атышат. Атамбаевдин үйү, ошол салдырып жатканын баары эле билет. Камералар, көп кайтаруучулар бар. Тынбай иштеп жатышат. 16 же 17-сентябрда бүтөт экен дешүүдө.

Ажыбек аттуу дагы бир тургун жолдор түздөлүп, айыл таштандыдан тазаланып жатканына сүйүнгөн:

- Таштанды, чөптөрдү тазалап жүрүшөт. Бир "ЗИЛ" машина, анан жумушчулар бат-баттан тазалап атышат окшойт.

Бирок анда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Алмазбек Атамбаев там салып жатканы боюнча кепти ырастаган да, четке каккан да эмес:

- Менде бул боюнча толук маалымат жок экен. Ошентсе да, бир жагдайды айта кетейин: Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев былтыркы жыл боюнча толтурган декларациясында көп чыгым коротконун ачык көрсөткөнүн билесиздер, балким, анын себептеринин бири ушуга байланышкандыр. Ак эмгек менен тапкан кирешесин ким кандай максатта пайдаланарын өзү чечет эмеспи, - деген "Азаттыкка" президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов.

Былтыркы жылы өлкө жетекчисинин тапшырган декларациясына ылайык, 2015-жылдагы кирешеси 1 298 448 сомду түзсө, чыгашасы 34 миллион сом болгон. Ошондой эле Атамбаевдин менчигинде 2,7 гектар жери, анда аянты 116,34 чарчы метрди түзгөн курулушу бар экени маалымдалган. Мындан тышкары президент өсүмдүктөр тигилген 6,4 гектар жер аянтынын жана жоопкерчилиги чектелген ири компаниянын ээси.

Тунгуч президент Аскар Акаев китепкана болот деп, өзүнө заңгыраган имарат салдырган. 2005-жылкы окуялардан кийин соттун чечими менен ал имарат мамлекетке өткөн. Ал эми 2010-жылы ыңкылапта кызматтан кеткен президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык делген 47 объект улутташтырылган.

Өмүрбек Текебаев Атамбаевди айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

XS
SM
MD
LG