Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

"Дастан" сатыкка коюлду


“Альфа Телеком” компаниясын, “Дастан” заводун, “Манас” аэропортунун кичи терминалын жана “Сары-Өзөн” телеканалынын иштетилбеген жабдыктарын сатуу процесси башталды. 6-сентябрда алардын баасын аныктоо сынагына катышкан компаниялар аныкталды. Тендерге үч катышуучу арыз берген, жеңүүчү 9-сентябрда билинет.

“Дастан”, “Альфа Телеком”, “Манас” аэропортунун кичи терминалы жана коммуникациялык жабдуулардын баасын аныктоо үчүн тендерге үч компания документ тапшырган.

Тендерге арыз берген биринчи топко Казакстандын "Ал-Стар" жана "Эрнст энд Янг" компаниялары, экинчисине да ушул эле өлкөдөн "Делойт энд Туш" менен "Бурана Азия" ишканалары кирет. Ал эми үчүнчүсү - жергиликтүү “Славянский восток” баалоо компаниясы.

Кимиси кайсы объект боюнча кайрылганын тендер боюнча комиссиянын мүчөсү, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлү Тимур Малбашев айтып берди:

- Казакстандын “Ал стар” жана “Эрнст энд Янг” компаниялары биргеликте “Альфа Телеком”, “Дастан” боюнча катышууда. “Ал-Стар” өзү жеке аэропорттун терминалынын жана жабдуулардын баасын аныктоого, "Делойт энд Туш" менен "Бурана Азия" “Альфа Телеком”, “Славянский восток” терминал менен жабдуулар үчүн арызын берген.

“Альфа Телекомдун” базар баасын аныктап берүү үчүн “Ал-Стар”, “Эрнст энд Янг” компаниясы 7 миллион 400 миңдей сом сураган. "Делойт энд Туш" менен "Бурана Азия" бир документинде 5 миллион 800 миң сомдон ашык каражат сураса, экинчи документинде 5 миллион 300 миңден ашык сом деп көрсөтүлүп жүрөт.

“Дастан” заводу үчүн биринчи айтылган компания гана кайрылып, кызматын 4 миллион сомго чукул деп баалаган. Казакстандын “Ал-Стар” ишканасы калган эки объект үчүн жалгыз өзү катышты. Ал аэропорттун терминалына 400 миңге жакын, жабдууларды баалоого 50 миң сом аларын билдирген. Ал эми Кыргызстандын “Славянский восток” компаниясы акыркы эки объектке гана кызыгуусун билдирип, терминалды 123 миң, жабдууларды 60 миң сомго бааларын айткан.

Экинчи казак компаниясы баасын эки түрдүү билдирсе, биринчи казак катышуучусу ишкананын мамлекетке карызы жоктугун тастыктаган документин мөөрсүз алып келген.

Бирок кызуу талкуу жараткан мындай каталар тендердин биринчи жыйынынын максаты эмес болчу дейт комиссиянын мүчөсү, Ишкерлер союзунун өкүлү Рустам Жунушев:

- Бүгүн тендер башталды деп айтса болот. Бир жагынан ушундай эки ката кетти. Бирок бүгүнкү жыйындын максаты - конверттерди ачып, компанияларды гана билүү. 9-сентябрда биз чечим чыгарабыз. Ошого чейин, ошол күнү азыркы мүчүлүштүктөрдү карап, мыйзамга ылайыкпы, ылайык эмеспи териштиребиз. 6-сентябрда ишканалардын баасын аныктоочу компанияларга жарыяланган тендердин мөөнөтү аяктап, катышуучулар гана ачыкталды. Ал эми тендер өзү 9-сентябрда өтүп, кайсы компаниянын жеңгени белгилүү болот.

“Альфа Телеком”, “Дастан” жана калган эки мамлекеттик объекттерди сатууга парламент июнь айында уруксат берген. “Дастан” сыяктуу заводду жок болуп кете электе сактап калуу негизги максат болгондуктан ушундай чечим кабыл алынган дейт Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин өкүлү Алла Измалкова:

- “Дастан” жок болуп кетсе, биз ири салык төлөөчүлөрдүн бирин жоготобуз. Инвесторго сатууда негизги эле шарт – ишканага кардар табуу. Заказ жок болсо, иши токтоп калат. Андай машина чыгаруучу заводдордун көбү бизде ошентип иштебей калган. Аны улутташтырып, өзүбүз иштетип кетишибиз өтө шектүү.

Ал арада “Дастан” заводунун майда акционерлерге таандык 10 пайыздайы мурдагы президент Курманбек Бакиев учурунда мыйзамсыз жол менен мамлекеттин үлүшүнө кошулуп кеткени айтылып жүрөт. Мындан улам майда акционерлер соттошуп келатат.

900дөй майда акционердин атынан сүйлөп жатам деген Лариса Мосевнина августтун башында бул боюнча пикирин билдирген:

- Кыргызстан ишкананы сатыкка коё албайт. Анткени биз сотко кайрылганбыз. Акциянын 10,5 пайызы сотто каралууда. Өкмөт “Дастанды” сатуу боюнча парламентке кайрылганда бул соттук ишти жашырган. Жогорку Кеңешке биз да кайрылдык. Бирок ал өкмөттүн сунушун артка кайтарган жок. Демек депутаттар биздин үлүштү кошо сатууга уруксат берген болуп жатат.

Бул маселе андан бери кандай чечилгени тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ички бюрократиялык эрежелеринен улам маалымат берген жок.

“Дастан” заводунун мамлекетке караган 98,46 пайызы, “Альфа Телекомдун” 2010-жылы мамлекетке өткөн 49 пайызы, аэропорттун терминалы 12 гектардан ашык жери менен жана мамлекеттик “Сары-Өзөн” телеканалынын иштетилбеген жабдуулары сатылууда.

Советтер союзу учурунда курулган “Дастан” заводу торпедо чыгарат. Анын Бишкектин ортосунда жайгашкан аянты 24 гектар деп айтылат, Ысык-Көлдө торпедолорду сыноочу жери бар. “Альфа Телеком” болсо “Мегаком” аты менен белгилүү уюлдук байланыш компаниясы.

XS
SM
MD
LG