Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

УКМК “Альфа Телекомдон” өөнөлгөн акчанын изин тапты


УКМК "Альфа Телеком" кытайлык компаниядан жабдыктарды кымбаттатылган баада сатып алганын билдирүүдө.
УКМК "Альфа Телеком" кытайлык компаниядан жабдыктарды кымбаттатылган баада сатып алганын билдирүүдө.

“Мегаком” байланыш операторуна ээлик кылган «Альфа Телеком» ишканасындагы мыйзамсыз акча которуулар боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болду.

УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызмат 2011-жылы ишкананын ошол кездеги жетекчиси Алмазбек Абеков 6 миллион долларлык каражатты өөнөп алып, оффшордук аймакка чыгарып кеткенин жарыя кылды. Абековдун адвокаты болсо мындай маалыматты четке кагып, аны “Альфа Телекомдун” мурдагы жетекчилерин камакта кармап туруу аракети катары баалап жатат.

Алты миллион доллар кантип айланган?

Коррупцияга каршы күрөш кызматынын маалымдашынча, “Альфа Телеком” ишканасындагы кыңыр иштер 2011-жылы болгон. Ошол кезде ишкананы убактылуу жетектеп турган Алмазбек Абеков 31 миллион долларга уюлдук операторго жаңы жабдыктарды сатып алуу үчүн кытайлык ZTE аттуу компания менен келишим түзөт. Келишимде “Альфа Телеком” сатып алган жабдыктар өтө кымбатка бааланып, ага Алмазбек Абеков макулдук берген.

УКМКнын маалымат катчысы Нурлан Токталиевдин айтымында, Абеков жогору баага макул болгону үчүн кытайлык компаниядан өз үлүшүн алган:

- Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Алмазбек Абеков жабдыктардын баасын бир кыйла кымбат баада сатып алган. Бул үчүн ZTE компаниясына которулган акча каражаттан Абеков 6 миллион долларды ала турганы сүйлөшүлгөн. Келишимде көрсөтүлгөн сумманын 14 миллиону кытайлык компанияга которулуп, анын 6 миллиону Алмазбек Абековдун жеке кызыкчылыгына колдонулган.

Сөз болуп жаткан 6 миллион доллар 2011-жылдын июль жана август айларында үч бөлүнүп, Британ жана Виргин аралдарында катталган Алмазбек Абековдун “Truth Concept Limited» аттуу оффшордук компаниясынын эсебине которулган. Мыйзамсыз акчанын изин жашыруу үчүн оффшордук бир нече ишканага бөлгөн. Алардын бирине Бишкектен кеңселик имарат сатып алган.

УКМКнын аппаратынын башчысы Гүлсара Алиеванын маалыматына караганда, бул имаратта азыр Алмазбек Абековдун жубайына тийиштүү ишкана турат:

- Абеков которгон эсептин негизинде сатылып алынган Бишкек шаарындагы Москва көчөсү, 163 дарегиндеги имаратта анын жубайына катталган кеңселер иштеп жатат. Ошондой эле Абековдордун үй-бүлөлүк бизнеси да ушул жерде. Айтмакчы, бул ишканалар “Альфа Телекомго” ар кандай кызматтарды көргөзүү менен алектенишет.

Мындан улам коррупцияга каршы кызмат Алмазбек Абековго 11-майда мыйзамсыз каражатты легалдаштырганы жана коммерциялык кылмышка барганы үчүн кошумча кылмыш ишин козгоду. Бул иш май айынын акырына чейин иликтенип бүтүп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлөөрүн аталган кызматтын башчысы Бектен Сыдыгалиев билдирди.

Тергөөнү созуу амалыбы?

Анткен менен Алмазбек Абековдун жакындары ага козголгон жаңы иштерди негизсиз деп баалашат. Алмазбек Абековдун кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, бул иш “Альфа Телекомдун” мурдагы жетекчилерине байланышкан тергөөнү создуктуруп, аларды камакта кармап туруу үчүн УКМКнын аракети:

- Жаңыдан козголгон кылмыш ишти мурдатан эле даярдап, ыңгайын күтүп жатышкан. Себеби бул ишти создуктурууну каалап жатышат. Коюлуп жаткан айыптын баары негизсиз. Эч ким эч нерсени уурдап, сыркта чыгарган эмес. Тескерисинче, азыр түрмөгө камап салган жетекчилердин учурунда баары ийгиликтүү кетип, киреше бир нече ирет өскөн эле. Алар “Альфа Телекомду” 100 пайыз мамлекеттин менчигине өткөрүүнү көздөшкөн эле. Бирок айрым күчтөр муну каалашпай, аларга тоскоол болушту.

Ошондой эле Икрамидин Айткулов Абеков баштаган “Альфа Телекомдун” мурдагы жетекчилерине коюлган ишкананын каражатын ысырапсыз пайдаланды деген айып боюнча экспертиза кечиктирилип жатканын билдирүүдө.

Ал эми Алмазбек Абековдун жубайы Бактыгүл Тилегенова болсо мыйзамсыз жол менен сатып алынды делген Бишкектеги имарат боюнча маалымат берүүдөн баш тартты:

- Бул боюнча азырынча эч нерсе айта албаймын. Азыр адвокат менен кеңешип жатам. Кийинчерээк маалымат берем.

“Альфа Телекомдун” жетекчилигине козголгон иш жыл башында коррупцияга каршы күрөш жарыялангандан бери Коррупцияга каршы күрөш кызмат козгогон ири иштердин бири. Буга чейин жемкордукка каршы күрөштүн деми басаңдай түштү деген сындар айтыла баштаган эле. Мындан улам Абековго байланышкан иштин жаңы жагдайы белгилүү болуп, аны УКМК жарыя кылышы жогорудагыдай нааразылыкка жооп болушу мүмкүн деген божомолдор айтыла баштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков да дал ушундай божомол чындыкка жакын экенин белгилейт:

- Биринчиден, менин көз карашымда “Альфа Телекомдогу” чатактар эч кандай коррупция менен күрөшүү эмес. Жөн гана компанияны бөлүп алуу же кызыкдар тараптардын согушу. Ал эми Абековдун 6 миллион долларды алып, оффшорго алып чыкты дегенине деле ишенбеймин. Бизде көп эле ушундай иштер башталат да, сотто жокко чыгарылып, аягына чыкпайт калат.

УКМК «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековду ушул жылдын январь айында камаган. Аларга 49 пайыздык үлүшү мамлекетке караган ишканага 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган. Учурда алар УКМКнын тергөө абагында кармалып турушат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG