Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:18

"Мегаком" - кайрадан жаңжал чордону


"Мегакомдун" Бишкектеги тейлөө борборлорунун бири.
"Мегакомдун" Бишкектеги тейлөө борборлорунун бири.

"Мегакомдогу" коррупциялык аракеттерге байланыштуу компания жетекчилигине кылмыш иши козголуп, үч адам камакка алынды.

Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Альфа-Телекомдун” жетекчилиги 142 миллион сомдон ашуун каражатты кымтып алган деген шек менен кылмыш ишин козгоду. Буга байланыштуу компаниянын кеңселеринде тинтүү жүргүзүлүп, жетекчиликтин жемкордукка жол берген учурлары боюнча бир нече фактынын бети ачылды.


Күтүүсүз камакка алуулар


Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат борборунун өкүлү Жоодар Исакулов шылуунчулукка байланышкан үч берененин негизинде кылмыш иши козголгонун белгиледи:

- Бул иш боюнча башкы директору Азамат Мурзалиев, кеңешчиси Алмаз Абеков жана “Мегакомду” жаңы жабдуулар менен камсыздоо үчүн өздөрү түзгөн “Новострой-сервис” ишканасынын жетекчиси Аман уулу Кенжебек кармалып, камакка алынды. Аларга кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык жана жасалма документтерди жасоо фактыларынын негизинде мамлекетке ири акчалай зыян келтирген деген кине койулууда.
Мурзалиевди мурдагы президент Отунбаева койгону талашсыз. Биз былтыр иликтөө учурунда Мурзалиевдин Отунбаеванын уулу менен ынак мамиледе экендигин тастыктаган материал менен таанышканбыз...
Өмүрбек Абдрахманов

Ошол эле учурда “Мегакомдун” менеджерлер тобу алардын жетекчилерин камакка алуу жагдайына байланыштуу өз жүйөөлөрүн келтирип, мамлекет башчысына кайрылуу жолдошту.

Компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Эдил Касманбетов аталган айыптоо менен козголгон кылмыш ишин өз ара түшүнбөстүктүн жыйынтыгы катары баалады:

- Учурда компания өзүнүн кардарларына үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу менен алек. Койулган айыптоолор түшүнбөөчүлүктөн улам келип чыккандыгын белгилөө менен ачык-айкын тергөө жүрө турган болсо анын бардыгы четке кагылаарына ишенебиз.


Чабактар кармалып, “чанактар” калдыбы?


Анткен менен айрым коомчулук өкүлдөрү “Мегакомдон” туйтунду деп азырынча аткаруучу-чабактар гана кармалып жаткандыгын мисал келтиришти. Ошондуктан тергөөнүн алдында алардын артында турган ири саясий калканчтарга чейин жетүү милдети тургандыгы айтылууда.

Былтыр “Мегакомго” байланыштуу талаш-тартышты иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Өмүрбек Абдрахманов Азамат Мурзалиевди “Мегакомго” алып келүүгө мурдагы президент Роза Отунбаеванын салымы болгондугун айтып чыкты:

- Жашырганда эмне, Мурзалиевди мурдагы президент Отунбаева койгондугу талашсыз. Биз былтыр иликтөө учурунда Мурзалиевдин Отунбаеванын уулу менен ынак мамиледе экендигин тастыктаган материал менен таанышканбыз. Мына ошонун сунушу менен Мурзалиев компанияны каалагандай башкарды. Биз депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча өз пикирибизди айтып, аны 100 пайыз мамлекеттин курамына өткөрүү керек деген талапты койгонбуз. Бирок ал ишке ашкан жок. Анткени кызыкдар тараптар акча менен бүтүрүп койушту. Алардын арасында парламенттеги фракциялардын башчылары дагы бар.
Бул ишке байланыштуу аты аталган саясий ишмерлер элге ачык жооп бериши керек. Ушинтип отурса бийликке кантип ишеним болот?
Дастан Сарыгулов

Бул боюнча мурдагы президент Роза Отунбаева же анын уулу Атай Садыбакасов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок коомчулукта “Мегаком” сыяктуу ири мекемеге жетекчи дайындоо маселеси өлкө жетекчисинин макулдугусуз ишке ашмак эмес деген жүйөө басымдуулук кылууда. Ошондуктан “Мегакомдогу” жемекейлик далилденсе, учурда иш козголуп жаткан жетекчиликти кызматка койгондордун жоопкерчилигин кароо маселеси да көтөрүлөт.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов бул маселе боюнча Отунбаева менен Бабановду коомчулук алдында ачык жооп берүүгө чакырды:

- Себеби бул мекеменин жетекчилигин дайындоо ишине алардан төмөнкү кызматтарда турушкан адамдар кийлигише алмак эмес. Бабанов ошол кезде биринчи вице-премъер министр, Отунбаева болсо мамлекет башчысы болуп турган. Жөнөкөй логикага салып караганда деле бул иш ошолордун деңгээлинде чечилгендигин байкаса болот. Мына азыр камалган жетекчилер деле артында бир чоң калкан турбаса ушундай ишке бара алат беле? Албетте жок. Ошондуктан буга байланыштуу аталган саясий ишмерлер элге ачык жооп бериши керек. Ушинтип отурса бийликке кантип ишеним болот?

Акыркы сөз сотто калды

Ошол эле кезде “Мегаком” боюнча жаңы кылмыш ишинде ири саясий ишмерлердин “изи” болушу мүмкүн эмес дегендер да четтен табылат.

“Республика” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев ар кандай айың кептердин аягына сот гана чекит койоорун эскертти:

- Кандай гана маселе болбосун анын аягына тергөө менен сот гана чекит койо алат. Ал жагы жыйынтыктала электе эле кимдир бирөөлөрдү карандай айыптоонун өзү туура эмес. Бирок кандай болгон күндө да улутташтырылган объектилер боюнча ошол кездеги мүлк министри жооп берүүгө тийиш. Анткени мыйзам боюнча өкмөт түз жооп берген жана министрликтер өздөрү жооп бере турган маселелер бар. Мына ошого жараша каралат болуш керек.

Атайын кызматтагы өздүк булактар “Мегакомго” байланыштуу кылмыш иши боюнча айыпталып, кармалган адамдардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экендигин белгилешти. Мына ошондуктан буга тиешелүү айыпталуучулардын тизмеси узарчудай түрү бар.
XS
SM
MD
LG