Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

Мега чатакка айланган “Мегаком”


"Мегаком” компаниясынын эмгек жамааты мурдагы жетекчи Андрей Силичти колдоо акциясын өткөрдү. Бишкек, 16-март.
"Мегаком” компаниясынын эмгек жамааты мурдагы жетекчи Андрей Силичти колдоо акциясын өткөрдү. Бишкек, 16-март.

"Мегаком" чатагына президент Отунбаева кийлигишип, тиешелүү тараптарга мыйзамдуулуктун сакталышын жана тергөө иштери тездетилишин буюрду.

“Мегаком” деген ат менен белгилүү “Альфа-Телеком” компаниясына байланышкан кылмыш иштери УКМК алдында түзүлө турган мекмелер аралык тергөө тобуна өткөрүлдү. Мамлекет башчысы Роза Отунбаева укук коргоо органдарынын жетекчилери менен өткөргөн 16-марттагы жыйында ушундай чечим кабыл алынды. Ал арада тараптар өздөрүнүн тууралыгы боюнча билдирүүлөр менен чыгышып, айрымдары түрдүү акцияларды уюштурууга өттү.

Эски жетекчиликти эңсөө

16-март күнү эрте менен “Мегаком” компаниясынын алдына анын эмгек жамааты мурдагы жетекчи Андрей Силичти колдоо акциясын өткөрүштү. Алар кол топтоп, мамлекет башчысына атайын кайрылуу кабыл алышты. “Мегаком” уюлдук операторунун тейлөө департаментинин башчысы Гүлзат Эгембердиева эмгек жамааты мурдагы жетекчиликти колдой тургандыгын белгиледи:

- Ошол кезде биз мекемеде болчубуз. Андрей Силич келгендигине биз жамаат аябай кубандык. Анын куралдуу адамдар менен келип, компанияны басып алды дегендерине кошулбайм. Бул жалган. Анткени биз ага күбө болуп турдук.

“Альфа-Телеком” компаниясынын мурдагы жетекчилиги ага карата козголгон кылмыш иши башкы прокуратура тарабынан кыскартылгандыгына байланыштуу 15-март күнү мекемеге кайтып келген.

Ал арада башкы прокуратуранын тергөө башкы башкармалыгынын башчысы Канат Аманкулов каржы полициясы тарабынан ачылган кылмыш иштери негизсиз козголгондугун билдирген болчу:

- Силич менен Бороздинге айып угузушкандыгынын бардыгы негизсиз болуп чыкты. Эмне дегенде козголгон кылмыш иши Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарын одоно бузуу менен жүргүзүлгөн. Мына ошондуктан “Мегакомдун” мурдагы жетекчилигинин аракеттеринде кылмыштын курамы жок деген чечим кабыл алынды. Ири өлчөмдө акча чыгарылып кетти деген айыптоонун да так аныктамасы жок. Айыптоо жалаң божомолдорго гана негизделгендиги көрүнүп калды

Жокко чыгаруунун өзүн бошко чыгаруу

Бирок каржы полициясы “Мегакомдун” мурдагы жетекчилигине каршы кылмыш иштери негизсиз ачылган деген айыптоо менен макул эмес. Анткени 7-апрелден кийин компаниянын жетекчилиги өлкөдөн сырткары чыгарып кеткен ири өлчөмдөгү акча каражаты тууралуу далилдер бар экендиги айтылды.

Каржы полициясынын төрагасынын орун басары Кадыр Токтогазиев башкы прокуратура башында кылмыш ишин козгоого макулдук берип, бирок кийин аны токтотуп койгондугуна таң калуусун жашырбады:

- Кылмыш иши 26-январда козголгон. 10-мартка чейин тергеп-иликтөө иштерин жүргүзүп, бир топ иштердин бети ачылып калган болчу. Учурда кылмыш иши он эки томго жеткен. Анын ар бир тому эле төрт жүз барактан турат. Иштин козголгонуна башында башкы прокуратура эч кандай каршы болгон эмес.

Он айдан ашуун убакыт аралыгында өлкөдөн сырткары төрт оффшордук зонага ири өлчөмдөгү каражаттын которулуп кеткендигинин изи билинген. Мындан сырткары каржы полициясынын жетекчилиги “Мегакомдун” мурдагы менеджерлери өлкөнүн ичиндеги эле кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын ашыкча жазган же болбосо аткарылбаган кызмат акылар үчүн акча которгон учурлардын бар экендигин мисал келтирди.

Кадыр Токтогазиев
бул боюнча жетиштүү далилдер топтолгондугуна токтолду:

- Он бир фирмага 143 миллион сомдон ашуун акчанын дарегине жетпегендиги тууралуу маалыматтар аныкталды. Аталган фирмалардын жетекчилерин сураганыбызда паспорт номерлеринин дал келе тургандыгы тастыкталып, бирок мындай акчаны алышпагандыгы боюнча жана “Мегакомго” тиешелери жоктугу туурасында көрсөтмөлөрүн беришкен.

Карандай дооматпы же кадимки “соогатпы” ?

“Альфа-Телеком” компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев башкы прокуратуранын мурдагы жетекчиликке каршы козголгон кылмыш ишин токтотуп койгондугунун себептерин ачыктады. Ал буга “Мегакомдон” чыгарылып кеткен ири өлчөмдөгү акча каражаттарынын бирине башкы прокурор Кубатбек Байболовдун жубайынын катышы бар экендигин тастыктаган көмүскө коррупциялык схемалар табылгандыгын жарыялады:

- 400 миң доллар “Альфа-Телекомдон” которулуп, андан ары “Сарамжал-Транс” компаниясы аркылуу К. Байболовдун жубайы ээлик кылган компанияга которулуп кеткен. Акча жер участокторун сатып алууга деген келишим боюнча түзүлгөн. Бирок анын баалары эки-үч эсе жогору көрсөтүлгөн. Бул маалымат ички аудиттин текшерүүсүнүн натыйжасында калкып чыгып калды. Муну тастыктай турган документтер биздин колубузда.

Ошол эле учурда ишкер Нуржамал Байболова айтылган айыптоону жалган жалаа катары мүнөздөдү. Нуржамал Байболова калыс жана адилеттүү тергеп-иликтөө иштери чыныгы жагдайды аныктайт деген ишенимде:

- Карандай калпты жаадырып, аркы-беркини карабаган кырдаал болуп калды. Мен АКШдан жаңы эле келип, ишке бүгүн чыктым. Кагаздар менен таанышып жатам. Эми мынтип карандай калпты айтып жатышса, көрөбүз, мыйзам чегинде ага жооп беришсин же болбосо далилдеп беришсин. Кимдин чын айтып жаткандыгын тергөө көргөзөт да. Сөз деп эле жалаа жаап сүйлөй беришет тура. Мындай жалаанын далайын укканбыз. Бул бизге көнүмүш кырдаал.

Ошол эле учурда башкы прокуратуранын тергөө башкы башкармалыгынын башчысы Канат Аманкулов Азамат Мурзалиевдин айткандарын негизсиз каралоо деп баалап, бул боюнча анын жоопкерчилиги карала тургандыгын белгиледи:

- Бул Мурзалиевдин паранойясы болуп калды. Бул адам ооруп, калп айта берип, эмне кылаарын билбей жатат. Мунун баардыгы калп. Булардын максаты аркы-беркиден үзүп-булкуп, бурмалап эле, өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашырыш болуп жатат. Жалган жалаа жапкандыгы боюнча Мурзалиевдин жоопкерчилигин карайбыз.

“Мегаком” компаниясынын айланасындагы чатактын ырбап жаткандыгына байланыштуу мамлекет башчысы Роза Отунбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерине мыйзамдуулуктун сакталышын жана тергеп-иликтөө иштерин тездетилишин буюрду.

XS
SM
MD
LG