Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

АКШ: баш прокурор доого кабылды


Жефф Сешнс
Жефф Сешнс

Конгресстеги демократтардын лидери Нэнси Пэлоси юстиция министри - башкы прокурор Жеф Сешнсти кызматтан кетүүгө чакырды.

Демократтар Сешнс шайлоо өнөктүгү учурунда орус тарап менен эч кандай байланышым болгон эмес деп, ант алдында калп айткан деп айыптоодо. Орус элчиси менен санкция боюнча сүйлөшүүсүнө байланыштуу АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси буга чейин кызматынан кеткен эле.

Башкы прокурор Жеф Сешнс өткөн жылы шайлоо өнөктүгү учурунда Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк менен эки ирет жолугушкан. Бул жолугушуулар тууралуу Сешнс Сенатта башкы прокурорлукка бекитилип жатканда айткан эмес. Эми ал ачыкка чыккандан кийин Конгресстеги демократтар Сешнс ант алдында калп айтты, ошондуктан ал кызматынан кетиши керек же АКШдагы шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүн иликтөөдөн четтетилиши керек деген талапты коюшту. Андай иликтөөнү ФБР жүргүзүүдө.

Конгресстеги демократтардын лидери Нэнси Пэлоси “Сешнс биздин өлкөдөгү эң жогорку адилеттүүлүк кызматына ылайыктуу эмес” деп билдирди.

Өткөн айда Сешнсти бул кызматка бекитүү учурунда Сенатта көпчүлүктү түзгөн республикачылардын лидери Митч Макконел аны башкы прокурорлукту тартып кетерин ырастаган эле:

- Ал чоң жоопкерчиликтүү ишти алды. Менин оюмча, ал муну тартып кетет. Ал катаал, бирок адилеттүү. Ал өжөр, бирок кичи пейил. Ал мыкты жигит, принципиалдуу кесиптеш жана чынчыл өнөк. Биз ал кеткенде ордун жоктойбуз жана бул жерде аны менен сыймыктана албай калабыз.

Жеф Сешнс Дональд Трамп президенттик шайлоого аттанганда башынан тарта колдоочу болгон. Шайлоодогу жеңиштен кийин Трамп аны башкы прокурорлук - юстиция министри кызматына көрсөткөн.

Ант берүү учуру.
Ант берүү учуру.

Январь айында Сенатта анын талапкерлиги каралып жатканда шайлоо өнөктүгү учурунда Орусия менен кандайдыр бир байланыштар тууралуу билесиңби деген суроого, “эч нерсе билбеймин” деп жооп берген.

Юстиция министрлигинин маалымат катчысы Сара Флорес “бул жоопто эч кандай туура эмес нерсе жок” деп 1-мартта билдирди. Анын айтуусунда, Сешнс Сенаттагы Куралдуу күчтөр боюнча комитеттин мүчөсү катары өткөн жылы 25 элчи менен жолугушкан. Алардын Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү менен эч кандай байланышы болгон эмес.

Ак үй Сешнсти коргоп чыгып, аны демократтардын Трамптын командасына кезектеги чабуулу деп баалады.

Дональд Трамптын командасындагы адамдардын Орусия менен байланышы жана Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү Америкада өтө олуттуу талаш-тартыштарды жаратып келатат. Ал келишпестик Трамптын командасынан жогорку даражалуу бир кызматкердин иштен кетүүсүнө да алып келди. Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Флинн бир ай иштеп-иштебей кызматынан кеткен. Ал орус элчиси Сергей Кисляк менен санкция боюнча сүйлөшүүсү тууралуу вице-президент Майк Пенске толук эмес маалымат берген эмес деп айыпталган.

Кошмо Штаттардын мурунку президенти Жорж Буш сейрек маектеринин биринде Орусиянын АКШ шайлоосуна кийлигишүүсү тууралуу бардык суроолорго жооп берилиши керек деди:

- Биринчиден, баарыбыз, менин оюмча, баарыбыз жооп алышыбыз керек.

Республикачы мурунку президент ошондой эле миграциялык саясатты мыйзам чегинде жүргүзүүнү да жактаган.

Дональд Трамп жана анын командасы Орусия менен байланыштары тууралуу кеп-сөздөрдү төгүнгө чыгарып келатат. Трамп бул тууралуу жазган маалымат каражаттарын “жалган маалымат таратуучулар” деп, эки ортодо мамиле бузулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG