Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

АКШ Европаны жоошутту


АКШнын вице-президенти Майк Пенс (солдо) жана Германиянын канцлери Ангела Меркел,
Мүнхен, 18-февраль 2017-жыл.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс (солдо) жана Германиянын канцлери Ангела Меркел, Мүнхен, 18-февраль 2017-жыл.

АКШнын вице-президенти Америка Европанын негизги өнөктөшү бойдон кала берет деп билдирди.

Анын 18-февралда ​Мүнхендеги коопсуздук конференциясында айткан сөздөрү Европада президент Дональд Трамптын саясаты боюнча кабатырлануу өкүм сүрүп жаткан учурга туш келди.

Майк Пенс АКШ менен Европанын ортосундагы алака бир гана күчкө эмес, эркиндик, демократия сыяктуу орток баалуулуктарга негизделгенин белгиледи.

Ал “АКШ НАТОну колдойт жана бул өнөктүштүккө колдоо көрсөтүүдө чечкиндүү турат” деп жар салды.

- АКШ менен Европанын тагдырлары бири-бирине байланган. Силердин кыйынчылыгыңар, биздин кыйынчылыгыбыз. Сиздердин ийгилигиңер, биздин ийгилигибиз. Биз келечекти көздөй бирге кадам таштайбыз. Бул президент Трамптын убадасы,-деди АКШнын вице-президенти катары алгачкы ирет Мүнхен конференцияга катышып жаткан Майк Пенс.

Мүнхендеги конференция, 18-февраль 2017-жыл.
Мүнхендеги конференция, 18-февраль 2017-жыл.

Дональд Трамп АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнөн бери эле НАТОну сынга алып, аны эскирген уюм деп мүнөздөгөнү Европа өлкөлөрүндө тынчсыздануу жараткан. Европа лидерлери ага жооп кылып, уюмдун маанилүүлүгүн алга сүрөөгө ашыккан.

Эми Американын президентинен кийинки экинчи негизги расмий адамдын Мүнхендеги соңку сөздөрү бир катар Европа өлкөлөрүн жоошутса да Майк Пенс Трамптын НАТОнун чыгымдарын бирге көтөрөлү деген чакырыгын кайра кайталады.

Ал белгилегендей, учурда НАТОго мүчө 28 өлкөнүн бешөө гана ички дүң продукциясынын эки пайызын Транс-атлантикалык альянска сарптап жатат.

Мүнхенде президент Дональд Трамптын Орусия менен алаканы жакшыртуу аракетин жактырбаган Украина үчүн да жагымдуу билдирүү айтылды. Майк Пенс Орусия менен алака жакшырган күндө да орус өкмөтү Украина чыгышындагы окуялар боюнча жооптуу бойдон кала берерин белгиледи:

- Украина боюнча айтсак, биз Орусияны жооптуу деп билишибиз керек жана алардан Чыгыш Украинадагы зомбулукту токтотуу аркылуу Минск келишимдерин урматтоону талап кылуубуз зарыл. Орток пикир табууга аракет кылсак да АКШ Орусияны жооптуу деп эсептөөнү уланта берет.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров.

​Пенстен мурдараак сүйлөгөн немис канцлери Ангела Меркел Батыш өлкөлөрү аймактык бүтүндүк принцибин коргоп, НАТО Украинадагы кырдаалдан улам чыгыш флангды бекемдеши керек деп айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Мүнхендеги айрым батыш саясатчыларынын билдирүүлөрү кансыз согуш али бүтпөгөндөй элес калтырды деп белгиледи. Ал НАТОнун Европа Чыгышындагы кулач жаюусу чыңалууну күчөттү деген айыптоосун дагы кайталап, “чочулоону жана күмөнсаноону жоготуу үчүн аскердик кызматташтыкты калыбына келтирүү керек” деди.

Германиянын Мүнхен шаарында быйыл 53-жолу өтүп жаткан коопсуздук боюнча жыйынга отуздан ашык өлкөнүн лидерлери, сексенден ашуун мамлекеттердин министрлери, дипломаттар жана жогорку даражадагы аскер аткаминерлери чогулду. Жыйынга биринчи жолу АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү катышууда.

Мүнхенде өткөн жыйынга президент Алмазбек Атамбаев да катышууда. 18-февраль.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG