Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

АКШ-Орусия: ортодогу учкундар


Орусия менен АКШнын жаңы администрациясынын өкүлдөрү биринчи жолугушууларды өткөрөт. 16-февралда Германиянын Бонн шаарында мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугат. Ошол эле күнү Бакуда эки өлкөнүн аскер башчыларынын жолугушуусу болмокчу.

"Орусия Крымды кайтаруусу керек" деген Вашингтондон чыккан билдирүү Москвада ыңгайсыздык жаратууда. Дональд Трамптын бийликке келиши менен эки тараптуу мамиле оңолуп, Крым жана чыгыш Украина маселеси экинчи планга өтөт деген Москвадагы пикирлер жана күтүүлөр жаңылыш болуп чыгууда.

Бирок бул маселеде акыркы чечимдер кабыл алынды жана тараптар Барак Обаманын тушундагыдай келишкис карама-каршылыкка келип калды дегенге али эрте.

16-февралда Бонндо АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу болот. Бул Кошмо Штаттарда Дональд Трамптын бийликке келишинен кийин эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги дипломаттарынын биринчи жолугушуусу.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова Лавров жана Тиллерсондун жолугушуусу тууралуу буларды билдирген:

- Күн тартибинде эмне болору азыр иштелип жатат. Албетте, эки тараптуу мамиле жөнүндө сөз болот. Сиздер билгендей, биз бир нече жолу айткандай, мурунку администрация эки тараптуу мамилени туңгуюкка алып келген. Аны ал жактан алып чыгуу керек. Эки тараптуу мамиледе кыска, орто жана узак мөөнөттө чечүүнү талап кылган көптөгөн маселелер турат.

Ал эми Мамлекеттик департаменттин өкүлү "Азаттыкка” “азыркы учурда алдыдагы жолугушуу тууралуу эч нерсе дей албайбыз” деп жооп берди.

Америка Куралдуу күчтөрүнүн бириккен штабынын башчысы генерал Жозеф Данфорд Орусиянын коргоо министрлигинин башкы штабынын башчысы генерал Валерий Герасимов менен 16-февралда Бакуда жолугушмакчы.

Данфорддун кеңсесинен 15-февралда таратылган маалыматта “АКШ-Орусиянын азыркы кездеги аскерий мамилеси, ар кандай катачылыктар жана потенциалдуу кризистерге жол бербөө максатында эки тараптуу аскерий байланышты ачык кармоо” маселеси күн тартибинде болору айтылган.

15-февралда Брюсселде НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны болду. Анда АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис Кошмо Штаттар кырдаалды реалдуу баалап, Орусия менен “күч позициясында” сүйлөшөт деген. Москва АКШ тараптан айтылган бул сөзгө Бакудагы жолугушууда түшүндүрмө алууга аракет жасарын да кабарлады.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Орусия менен “күч позициясында” сүйлөшүүнүн келечеги болбосун 16-февралда эскертти.

НАТОнун баш катчысы Жеймс Столтенберг 15-февралда НАТОнун ролу артып турганын белгиледи:

- "Кансыз согуш" аяктагандан бери биздин коопсуздугубузга эң чоң коркунуч келип турат. Европа да, Америка да аны өз алдынча натыйжалуу чече албайт. Биздин Альянс азыр болуп көрбөгөндөй керек. НАТО Европа үчүн жакшы. Ал Америкага да жакшы. Биз бир болсок, коопсуздугубуз да бекем болот.

Белгилүү болгондой НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынында АКШ министри Жеймс Маттис коргонууга жумшалчу каражатты көбөйтүүгө чакырып, Кошмо Штаттар баарынын коопсуздугунун жүгүн көтөрө албасын эскерткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG