Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Орусия он миң аскерин Батышка жылдырат


Орусия, 2016-жыл
Орусия, 2016-жыл

Орусия өлкөнүн батыш бөлүгүнө кошумча он миң аскерин жайгаштырат. Коргоо министри Сергей Шойгу мындай кадамдын зарылдыгын батыш чек араларда кырдаал “туруксуз” болуп жатканына жана НАТОнун аракеттерине байланыштырды.

Өз кезегинде НАТО дагы чыгыш флангды чыңдоо пландарын Орусиянын “чагымчыл кадамдары” менен түшүндүрүп келет.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 29-июнь күнү өзү жетектеген мекеменин көчмө коллегиясында жарыялагандай, өлкөнүн батыш ыптасына кошумча жайгаштырылуучу 10 миң аскер контракттык негизде алынды.

Мындан сырткары аскер кызматчылар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн он шаарча курулуп жана оңдолуп-түзөлүп бүттү. Өзгөчө көңүл Батыш аскер округунун бөлүктөрүн “заманбап аскерий жана атайын техника” менен жабдууга да бурулууда.

Орусиянын "Искандер" ракеталык системасы. Москва облусу, 6-июнь, 2015-жыл.
Орусиянын "Искандер" ракеталык системасы. Москва облусу, 6-июнь, 2015-жыл.

Бул үчүн Орусиянын коргоо министри кошумчалагандай, быйылкы жыл ичи батыш аскер округуна заманбап аскерий техникадан эки миң даана келип түшөт.

- НАТОнун Орусиянын чек араларында аскерий активдүүлүктү күчөтүшү, Чыгыш Европада аскерий инфраструктура куруп, АКШнын ракетадан коргонуу системасынын элементтерин жайгаштыруусу Европадагы стратегиялык теңсалмакты бузуп, бизди биринчи кезекте стратегиялык багытта жооп чараларды көрүүгө мажбурлоодо,- деп ырастады коргоо министри Шойгу коллегияда сүйлөп жатып.

Ушундай эле ойду бир апта мурда Мамлекеттик Думада баяндама жасаган кезинде президент Владимир Путин өзү дагы айткан эле:

- НАТО эми биздин чек аралардын жанында өзүнүн агрессивдүү риторикасын жана аракеттерин күчөтүүдө. Мындай шарттарда биз коргонуу жөндөмүбүздү күчөтүү боюнча чечимдерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз.

Орусия өлкөнүн батыш ыптасында кошумча оң миң аскер жайгаштыруу менен батыш аскерий округунда жаңы үч дивизия куроо боюнча мурда жарыяланган пландарын аткарган болот.

Мындан тышкары батыш аскерий округунун курамында 1-танкалык армия да түзүлүп, бирок анын борбордук штабы Москванын жанында калган.

Бул аралыкта Польшанын коргоо министри Антоний Мачеревич 29-июнда мамлекеттик теледен билдиргендей, Орусия батыш флангында аскерий мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүп жатканын алар “дээрлик күн сайын” көрүшүүдө.

Польшанын жоокерлери Латвиядагы машыгууда. 13-июнь, 2016-жыл.
Польшанын жоокерлери Латвиядагы машыгууда. 13-июнь, 2016-жыл.

Польша мүчө болгон НАТО өз кезегинде чыгыш флангды чыңдоо пландарын Орусиянын кадамдары менен түшүндүрүп келет. Түндүк атлантикалык альянстын башкатчысы Йенс Столтенберг жакында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда төмөнкүлөргө көңүл бурган болчу:

-Биз Орусия Баренц деңизинде, Балтика деңизинде, Калининграддан Кара деңизди карай, ошондой эле Жер Ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүндө аскерий кубатын чыңдаганына акыркы бир нече жылдан бери күбө болуп келдик. НАТО буга ылайыкташып, биздин күчтөрдүн даярдыгын күчөтүп, альянстын Чыгыш бөлүгүндөгү күчтөрдүн санын көбөйтүп жатышынын бир себеби мына ушул. Бирок биз жаңы кансыз согушту, Орусия менен каршылашууну каалабайбыз. Андыктан, биз коргонуу чараларын гана көрүп жатабыз. Мунун баары биздин эл аралык милдеттенмелерибизге, анын ичинде Орусия-НАТО ортосундагы негизги актыга шайкеш келет. (Орусия менен НАТО коопсуздук, кызматташтык, карым-катнаш жөнүндөгү негизги актысына 1997-жылы, 27-майда Парижде кол коюлган).

Орусиянын Крымды аннексиялаганынан жана Украинадагы аскерий аракеттеринен улам кооптонуп, чочулаган чыгыштагы мүчөлөрдүн, анын ичинде Балтика боюндагы мурдагы эски совет республикалардын өтүнүчүнөн улам НАТО алардын аймагында жана Польшада курамы ротацияланып туруучу төрт батальон аскерин жайгаштырганы жатат. Кошумча төрт миң аскер НАТОнун ар кайсы өлкөлөрүнөн чогултулмакчы.

Бул маселе боюнча жыйынтык чечимдер Түндүк атлантикалык альянстын 8-9-июлда Варшавада өтүүчү саммитинде бекитилет.

Крым аннексиясы менен Орусиянын Украинадагы аскерий аракеттерине НАТО чыгыш флангда аскерий машыгууларды өткөрүү, ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн кайра түзүү менен да жооп берген. НАТОнун европалык мүчөлөрү ондогон жылдардан бери быйыл биринчи ирет аскерий бюджеттерин да көбөйтүүдө.

АКШ жоокери Литва-Латвия чек арасындагы тактикалык жүрүш учурунда. 6-июнь, 2016-жыл.
АКШ жоокери Литва-Латвия чек арасындагы тактикалык жүрүш учурунда. 6-июнь, 2016-жыл.

Бирок АКШнын Европадагы күчтөрүнүн командачысы, генерал-лейтенат Бен Ходжес (Ben Hodges) 22-июнь күнү немистердин Die Zeit гезитинде жарыяланган маегинде көрүлүп жаткан чаралар али жетишсиздигин, НАТО азыркы тушта Балтика өлкөлөрүн Орусиянын ыктымал кол салуусунан коргой албасын, аскерий талдоочулардын Орусия Балтика өлкөлөрүнүн борборлорун 36-60 сааттын аралыгында ээлеп алышы мүмкүн деген баалоолору менен макул экендигин белгилеген.

НАТОнун уставы боюнча анын бир мүчөсүнө кол салынышы башкаларына да кол салгандык катары кабыл алынат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG