Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Путин: Орусия Батыштын “агрессивдүү” аракеттерине жооп бериши керек


Владимир Путин Мамлекеттик Думада сүйлөп жатат. 22-июнь, 2016-жыл
Владимир Путин Мамлекеттик Думада сүйлөп жатат. 22-июнь, 2016-жыл

22-июнда Мамлекеттик Думанын жыйынында президент Владимир Путин “НАТОнун Орусиянын чек арасына жакын жердеги агрессивдүү аракеттерине байланыштуу өлкө өзүнүн коопсуздугу жөнүндө ойлонушу керек” деп билдирди:

- НАТО өзүнүн агрессивдүү риторикасын жана агрессивдүү аракеттерин биздин чек арага жакын жерде күчөтүүдө. Мындай шартта өлкөнүн коргоо мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек.

Владимир Путин дүйнө террорчулукка каршы турушу керек деп, ал үчүн азыркы иштеп тургандан башка коопсуздук системасын түзүшү керек деди. Андай системаны түзүү үчүн сүйлөшүүгө Орусия даяр экенин Путин белгиледи. Орус президенти 2014-жылы Крымды аннексиялоо чечимин колдогон үчүн Думаны мактоого алды. 22-июнда бул чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын акыркы сессиясы болду. Жаңы шайлоо 18-сентябрда өткөрүлөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG