Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Орусия-НАТО: сүйлөшүү бар, ишеним жок


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

Брюсселде НАТО-Орусия кеңешинин акыркы эки жыл ичиндеги алгачкы отуруму өттү. Бирок анын соңунан эки ортодогу пикир келишпестиктердин тереңдиги кайрадан ырасталды. Сүйлөшүп турууну эки тарап тең маанилүү деп санаган менен бири-бирине ишеним жок.

НАТО – Орусия кеңешин консультативдик орган катары Москва менен Түндүк Атлантика аскердик альянсы 2002-жылы негиздешкен. Анын иши биринчи ирет 2008-жылы Орусия - Грузия ортосундагы кыска уруштан кийин токтоп калган болчу. Ушундай эле көрүнүш Крымдын 2014-жылкы аннексиясынан кийин да орун алды.

НАТО башкатчысы менен Орусиянын тышкы иштер министри бир нече ирет жолукканына карабай НАТО - Орусия кеңешинин 2014-жылдын июнунан берки алгачкы жыйыны Брюсселде 20-апрелде өттү:

- Биз жолугушууда үч маанилүү маселени: Украинадагы жана анын айланасындагы кризисти, аскерий ишмердүүлүккө, анын айкындуулугуна, тобокелдиктерди азайтууга байланышкан маселелерди, Ооганстандагы коопсуздук кырдаалын, анын ичинде аймактык террористтик коркунучтарды талкууладык. Талкуу ачык жана олуттуу болду. НАТОдогу өнөктөштөрдүн жана Орусиянын көз караштары ар башка, бирок биз ар бирибиз айтуубуз керек болгондорду уктук, - деп билдирди башкатчы Йенс Столтенберг.

Анын ырасташынча, НАТО - Орусия кеңеш жыйынынын кайра жанданышын кызматташтыктын терендеп баратышы катары эмес, болгону диалогду сактоо, байланыш каналдарын сактоо гана аргасы.

- НАТО - Орусия ортосунда терең жана туруктуу пикир келишпестиктер бар. Бүгүнкү жыйын муну өзгөрткөн жок. НАТО боюнча союздаштар мурдагыдай эле Орусия эл аралык укуктун нормаларын сактабаса аны менен практикалык кызматташтыкка бара албайт. Анткен менен биз байланыш каналдарын ачык калтырабыз. Өзгөчө чыңалуу деңгээли жогору болуп турган учурда пикир келишпестиктерди талкуулап, аскерий чатактар боюнча тобокелдиктерди азайтуу үчүн саясий диалог зарыл болуп турат.

Аскерий чатак демекчи НАТО - Орусия кеңешинин бул жыйыны алдында Балтика деңизинде АКШнын аскерий кемеси менен Орусиянын аскерий учактары ортосунда эки ирет мына ошондой окуя чыккан эле.

12-14-апрелде Балтика деңизиндеги эл аралык сууларда жүргөн АКШ аскерий кемесине орус аскерий учактары эки ирет жакындап келишин Вашингтон "чогоол” жана “чагымчыл” кадам десе, Орусия коопсуздук эрежелери сакталган машыгуу катары мүнөздөгөн.

НАТО - Орусия арасындагы диалогдун зарылдыгын Москванын Түндүк Атлантика альянсындагы туруктуу өкүлү Александр Грушко да белгиледи:

- Биз башынан эле сүйлөшүүгө даярбыз деп айтканбыз. Кызматташтык боюнча Орусия – НАТОнун коопсуздугу үчүн абдан маанилүү жана ийгиликтүү долбоорлордун баарын токтотуу НАТОнун чечими. Бирок биз диалог үчүн ачыкпыз, турумубуз өзгөргөн жок.

Москванын туруктуу өкүлү Александр Грушко “ТАСС” агенттиги менен маегинде эки ортодо ишеним орнотуу, ишенимди чыңдоо “НАТО Орусиянын чегиндеги аскерий чараларын кыскартмайынча мүмкүн эместигин”, “НАТО Украинага аскерий активдүүлүгүн токтотууга белги бербей жатканын” кошумчалады.

Ал эми Түндүк Атлантика аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенбергдин айтуусунда, Украина боюнча да Орусия - НАТО ортосундагы ажырым мурдагыдай эле чоң:

- Кеңешмеде Украинадагы, анын айланасындагы кризисти сүрөттөгө келгенде жана ал үчүн үчүн жоопкерчилик маселесинде пикир келишпестигибиз кайрадан ырасталды. НАТОдогу өнөктөштөр Орусия бул кырдаалды жарандык согуш катары мүнөздөөсүнө макул эмеспиз. Чын-чынында Украинанын чыгышындагы кырдаалды Орусия дестабилдештирип, жикчилерди ок-дары, акча, курал, жабдуу менен камсыздап, башкаруу, көзөмөл жагынан да көмөктөшүүдө.

Йенс Столтенберг белгилегендей, Украина боюнча НАТО - Орусия орток пикирге келген жалгыз маселе - Минск тынчтык келишимдерин толук жана ыкчам аткаруунун маанилүүлүгү.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG