Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

НАТО Орусиянын аракетине кабатыр


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Польшадагы Свентовуш аскер полигонунда. 18-июнь, 2015-жыл
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Польшадагы Свентовуш аскер полигонунда. 18-июнь, 2015-жыл

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянс кризис курчуган шартта Балтикадан Жер Ортолук деңизине чейинки аймакты көзөмөлгө алууга умтулган Орусиянын аскер күчтөрүнө каршы турууга тийиш деп билдирди.

НАТОнун аскерий машыгуулары учурунда Португалиядагы маалымат жыйында сүйлөп жатып, ал бул аскерий альянс Орусиянын Украинадагы аскерий кийлигишүүсүнө тынчсызданган Чыгыштагы өнөктөш мамлекеттердин коопсуздугуна колдоо көрсөтүүнү карап чыгууну сунуштады.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, Батыш менен мамиле бузулгандан тарта Орусия өзүнүн Калининграддагы аскерий кубатын көбөйткөн. Ошондой эле Москва былтыр Крымды аннексиялап алган соң, Кара деңиздеги аскер-деңиз күчтөрүн бекемдеп, бул жылы Жер Ортолук деңизине чыкты. “Орусия Кара деңиз аскер флоту аркылуу Сириядагы эзелки союздашы президент Башар Асадды колдоого аскерлерди, учактарды жана кемелерди жөнөтө баштады” – деп айтты Столтенберг. Ошондой эле НАТОнун баш катчысы Орусия стратегиялык жайлардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүчү жөндөмгө ээ боло баштаганын айтып, мындай өзгөрүлүп бараткан жагдайды альянс өз учурунда сезүүгө тийиш деп эскертти.

“Биз мындай аскерий кубаттуулукка туруштук берүүгө жана керек учурда өзүбүздүн аскерий күчүбүздү жайылтууга жөндөмдүү болушубуз керек” – деп билдирди НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Ал Балтика деңизинде, Кара деңизде жана эми жакындан бери Жер Ортолук деңизинде башталган Орусиянын аскерий кубатынын жайылышына каршы кантип күрөшүү керек деген маселе күн тартибинде турганы белгиледи. Столтенберг мындай пикирин Орусиянын долуланган аракеттеринен чочулаган Чыгыш Европа мамлекеттеринин кабатырлануусун басуу үчүн НАТО эмне кылышы керек деген суроого жооп берип жатып билдирди:

- НАТО өзүнүн кайсы гана союздашы болбосун ар кандай коркунучтан коргоп ала турган болуу керек. Биз азыр муну жасай алабыз. Бирок биз дүйнө өзгөрүп жатканын жана жаңы жагдайларга үйрөнүү керектигин моюнга алганыбыз оң. Мен биздин аскерий кубаттуулукту биздин биримдиктин чыгыш бөлүгүндө күчөткөнүбүздү айтайын дедим эле. Алдын ала макулдашуунун негизинде биз чакан штабдарды түзүү менен НАТОнун куралдуу күчтөрү менен улуттук армиялардын ортосундагы карым-катнашты күчөтүүнү жөнгө салып жатабыз. Анткени мына ошол аскерий штабдар эки ортодогу байланыштыруучу түзүмдөр болот.

Ар кандай күтүүсүздүктөрдүн алды алуу үчүн НАТОнун аталган аймактарда туруктуу аскер базаларын түзүү маселеси буга чейин эле сунушталганы белгиленди. Бирок НАТО мурда Орусия менен 1997-жылы кол коюлган келишимди бузбоо үчүн андай кадамдардан баш тартып келген. Столтенберг НАТОнун туруктуу базасы болобу же убактылуу аракеттенүүчү аскерий күчтөрү болобу, Украина кризиси башталгандан бери бул иштер жанданганын билдирди. НАТО Эстонияга, Латвияга, Литвага, Венгрияга, Болгарияга жана Румынияга аскер түзүмдөрүн жайгаштырганы белгиленди. Ал тез аракеттенүүчү аскер күчтөрү кандай гана чыр-чатак болбосун жайгарууга кубаты жете турганы айтылды. Бирок аскерий күчтү мындан дагы көбөйтүү керекпи деген маселе 2016-жылы Варшавада өтө турган НАТОнун саммиттинде карала турганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG