Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

АКШ Иранды Сирия боюнча сүйлөшүүгө чакырды


Уруштарда ураган үйлөрдүн жанынан өтүп бараткан велосипедчен киши. Сириянын борбору Дамасктын жанындагы Жобар аймагы. 27-октябрь, 2015-жыл
Уруштарда ураган үйлөрдүн жанынан өтүп бараткан велосипедчен киши. Сириянын борбору Дамасктын жанындагы Жобар аймагы. 27-октябрь, 2015-жыл

АКШ Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы аба соккуларын күчөтөт. Ошондой эле АКШ Иранды Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө чакырды.

АКШ коргоо министри Эштон Картер шейшембиде Сенаттын Аскерий иштер боюнча комитетинде АКШ Сириядагы аба соккуларды алдыдагы апталарда күчөрүн билдирди. Бул билдирүү АКШ баштаган коалиция Сирияда аба соккуларын акыркы төрт күндөн бери токтоткондой көрүнүп, ошол эле учурда Орусия бул ишти улантып, ал эми Ирандын күчтөрү козголоңчуларды бутага алып жаткан учурга туш келди.

АКШ коргоо министринин айтымында, аба соккулары бул өнөктүккө кошумча учактарды тартуу менен күчөтүлөт. Бул үчүн чалгын жагы жакшыртылып, ИМ тобунун баалуу жайларына, анын каржылык инфраструктурасынын чечүүчү таянычы - кара май өндүргөн объектилерине көбүрөөк сокку жасала баштайт.

Пентагондун башчысы Сириядагы Орусиянын аскерий аракети туралуу сөз кылып, АКШ Орусия менен бул багытта кызматташпаганын да айта кетти:

- Ачык-айкындык үчүн айтканда – биз Орусия менен кызматташып жаткан жокпуз жана Орусия Ирак менен Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы жүрүп жаткан биздин өнөктүктүн темпине таасир этишине жол бербейбиз. Биз Орусия коргоо министрлиги менен учуулардын коопсузудугу боюнча макулдашканбыз. Бирок алардын аракетин колдобойбуз. Анткени Орусия өзү айткандай, “Ислам мамлекети” тобуна эмес, биринчи кезекте Сирия оппозициясына чабуул жасоодо. Муну орус тараптын президент Башар Асад менен мамилеси мурдагыдан да жакшырышы, Асаддын режимин колдоо үчүн кеңешчилерди, артиллериясын жана авиациясын жөнөтүшү далилдеп турат. Орусия муну менен Асаддын режимине каршы чыккан, Сириядагы саясий өткөөл жараян үчүн маанилүү деп эсептелген байистүү оппозицияга чабуул жасаган Иран күчтөрүн да колдоодо.

Картердин айтымында, АКШ күчтөрү ошондой эле “Ислам мамлекети” тобуна алардын Сириядагы таянычы - Ракка шаарында, Иракта Рамади шаарында да кысымды күчөтүүнү көздөөдө.

АКШ баштаган коалиция ИМ тобунун Ирак менен Сириядагы позицияларына бир жылдан ашуун убакыттан бери сокку уруп жатат.

Орусия болсо аба соккуларын быйыл 30-сентябрда баштап, анын учурунда баллистикалык ракеталарды колдонду. Орусиянын аба соккуларын кургакта Ирандын күчтөрү колдогон Сирия аскерлери чабуул менен коштоп жатат.

Расмий Москва жана Сирия АКШ баштаган коалициянын аба соккуларынан көзгө көрүнөрлүк жыйынтык аз экенин айтышса, Вашингтон жана НАТО өлкөлөрү Орусияны Сирияда ИМ тобун эле эмес, Асаддын режимине каршы оппозициячыл топторду да бутага алганы үчүн айыптаган.

Укук коргоочу уюмдар Орусиянын аба соккулары учурунда Сирияда 50дөн 150гө чейинки сандагы жайкын тургундардын өмүрү кыйылганын айтып чыгышса, Москва эл арасындагы жоготуулар боюнча кабарларды ага каршы "маалымат чабуулу" катары баалоодо.

Орусия коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов бир күн мурда Батыш өлкөлөрү, Түркия, Сауд Арабия жана НАТОдон жалпыга маалымдоо каражаттарында акыркы мезгилде көп чыгып жаткан орус аба чабуулдары оорукана, мектеп сыяктуу социалдык объекттерге багытталып жатат деген маалыматтардын чын-бышыгын далилдеп берүүнү талап кылды:

- Батыш медиасы согушкер эмес жайкын тургундар да өлүп жатканын маалымдап, дүйнөдө “антиорусиялык” айыңды таркатууда. АКШ, Британия, Франция, Германия, Италия, Саудия, Түркия жана НАТОдон бул кабарлар боюнча расмий далил бергиле деп талап кылабыз. Болбосо аны төгүндөшсүн. Мындай жалаа жабуулар айрыкча англис тилдүү басылмаларда көп таркап жатат. Эгерде далил келтире алышпаса, буларды биз Орусияга каршы маалыматтык согуш деп кабылдайбыз.

23-октябрда Лондондогу адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы Орусиянын бомбалоосу башталгандан бери 446 адам каза болуп, алардын төрттөн үчү жайкын тургундар экенин ырастаганын айрым маалымат каражаттары кабарлаган.

Бул арада АКШнын расмийлери 30-октябрда Венада өтө турган Сириядагы согушту жөнгөрүүнүн саясий жолдоруна багытталган эл аралык конференцияга Иранды чакырганы белгилүү болду. Бул чакыруу өзгөчө көңүл бурууну пайда кылды. Анткени буга чейин АКШ Жакынкы Чыгыштагы союздаштарына кошулуп, Башар Асаддын бийлигин колдогон Тегеранды Сирия маселесин талкуулоого аралаштырбай жаткан.

Чакыруудан көп өтпөй эле Ирандын ISNA кабар агенттиги тышкы иштер министри Жавад Зариф АКШ, Орусия, Сауд Арабия жана Түркиянын өкүлдөрү менен 29-октябрда жолугуп, эртеси Сириядагы абалды жөнгөрүү боюнча жыйынга катышарын жазып чыкты.

Жавад Зариф менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүп, саммитте көтөрүп чыкчу маселелерди талкуулашты.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG