Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Сирияда орус бомбасы оорукананы кыйратты


Орусия аскер учактары Сириянын аба мейкиндигинде бомба ыргытууда.
Орусия аскер учактары Сириянын аба мейкиндигинде бомба ыргытууда.

Орусиянын учактарынын чабуулунан Сириянын түндүк-батышындагы оорукана талкаланып, 13 киши каза тапты.

Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы чабуулдар Идлиб провинциясынын Сармин калаасын бутага алганын билдирди. Бул аба соккусунан эки медицина кызматкери ажал тапканы маалымдалууда.

АКШ-Сирия медициналык уюму Орусияны ооруканалар менен жөн-жай тургундарга сокку урууну токтотууга чакырды. Аталган уюмдун кабарлашынча, орус учактары 19-октябрда Алепподогу оорукананы да бомбалаган.

Сириянын жаңылыктар агенттиги болсо Орусиянын аба соккулары Сарминде террорчулардын кеңсесин кыйратканын кабарлап, бирок андан жапа чеккен оорукана тууралуу ооз ачкан жок.

Москва аскерий учактарынын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен “террорчуларды” гана мээлеп жатканын айтып келет. Орус президенти Владимир Путин 20-октябрда Башар Асадды Кремлде кабыл алган кезде:

- Сириянын эли эл аралык террорчулук менен күрөштү бир нече жылдан бери жалгыз жүргүзүп келет. Абдан чоң жоготууларга дуушар болду. Бирок олуттуу ийгиликтерге да жетишти. Бизди түйшөлткөнү, мурдагы Советтер Союзунан барган кеминде 4 миңге чукул адам Сирия бийлигине каршы согушуп жатат. Албетте алардын согуш талаасынан алган тажрыйбалары, идеологиялык көз караштары менен Орусияга кайтып келүүсүнө жол бербешибиз зарыл, - деген.

Асаддын Москвага сапары учурда дүйнө коомчулугунун сынына кабылды. Батыш менен бирге Түркия да Москванын Дамаск режимине колдоосун сындап келет. Асаддын Орусиядагы иш сапары тууралуу Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу 21-октябрда Анкарада минтип айтты:

- Асаддын Москвага баруучу Орусиянын анын режимине карата колдоосун так көрсөтүп койду. Эмне демекчимин? Асад Москвада көбүрөөк калып, Сириянын калкын жайына койсо оңой болот эле. Таптакыр эле Орусияда жашап калса, сириялыктар өткөөл кырдаалды жеңил чыгып кетмек,- деген оюн билдирди.

Сирияда орус бомбасы оорукананы кыйратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00

22-октябрь күнү Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер да Берлинде Путин менен Асад жолукканга жараша Сириянын келечеги үчүн оң натыйжа чыкса пайдалуу болмок деди:

- Орусия Сирияны кайра калыбына келтирип, абалды турукташтырууга катыша аларын, бирок анын согуштук аракеттеринен миңдеген адамдар өз өлкөсүнөн качса, мындай катыштын пайдасыз экенин айтабыз. Андыктан Башар Асад менен Путиндин Орусиядагы күтүүсүз жолугушуусунда Сириянын мамлекет катары бүтүндүгүнүн саясий жана аскерий жагдайлары талкуулады деген үмүттөмүн.

Сирияда 2011-жылдын мартында президент Башар Асаддын режимине каршы тынч митингдердин арты кандуу кагылыштарга айланып, жарандык согушка алып келген. Кийин өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ өлкөнүн бир канча аймагын ээлеп алган. Бул согуштан 250 миңден ашуун адам көз жуумп, төрт миллиондой киши качкынга айланган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG