Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

Асад менен Путин жолугушту


Москвадагы жолугушууда президенттер “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы эки өлкөнүн биргелешкен операциясын талкуулашты.

Мунун алдында Орусия менен АКШ Сириянын аба мейкиндигинде учуулардын коопсуздугу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Кремлдин бүгүнкү кабарына караганда, Сирия президенти Башар Асад Орусия лидери Владимир Путин менен жолугуу үчүн Москвага кечээ кечинде учуп келген. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шейшембидеги сүйлөшүүдө эки өлкө лидери Орусия менен Сириянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы биргелешкен аскерий операциясын жана Орусиянын Сириядагы аба соккуларын, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн пландарын талкуулашканын билдирди.

Бирок Песков Башар Асаддын бийлигинин келечеги тууралуу сөз болгон-болбогонун тактаган эмес.

Башар Асад бул сүйлөшүүдө Владимир Путинге Сириядагы терроризмди жеңүүгө гана эле эмес, өлкө экономикасын биргелешип калыбына келтирүүгө да ишенерин айткан. Ошондой эле Орусияга терроризмге каршы күрөшкө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазылык билдирген:

- Мен Орусия жетекчилигине Сириянын көз карандысыздыгы жана биримдиги үчүн көрсөтүп жаткан көмөгүнө алкыш айтам. Башкысы – мунун баары эл аралык укуктун алкагында жасалууда. Эгер мындай аракет болбогондо терроризм Жакынкы Чыгышта азыркыдан да көп аймакка, башка өлкөлөргө да жайылып кетмек. Андыктан терроризмге каршы күрөшкө, аба соккуларына өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл. Терроризм Сириядагы саясий абалды жөнгө салуу жараянына реалдуу тоскоолдук жаратууда.

Президент Владимир Путин Орусия Сириядагы саясий кризисти жөнгө салуу жолдорун издөө үчүн да жардам берүүгө даярдыгын айтып, ал үчүн Асад да бийлигин бөлүшүүгө барышы керектигин кыйыткан:

- Сириядагы кырдаалды жөнгө салууда аскердик операциялардын негизинде биз жакшы натыйжаларга жетип жатабыз деп эсептейбиз. Эми канткен менен саясий жараяндын негизинде да бардык күчтөрдүн, этникалык жана диний топтордун ортосунда да бир мунаса табуу керек. Бул маселеде акыркы чечүүчү сөздү Сириянын эли айтууга тийиш.

Путин ошондой эле Орусия Сириядагы террордук топтордун катарында КМШ өлкөлөрүнүн жарандары да согушуп жатканына тынчсызданып жатканын айткан:

- Сирия аймагында колуна курал алып, өкмөттүк күчтөргө каршы күрөшүп жаткандардын арасында мурдагы союздук республикалардан да чыккандар бар экени бизди тынчсыздандырат. Алардын саны кеминде эле төрт миңдей деп эсептелүүдө. Согуштук тажрыйба топтоп, идеологиялык нускамадан өткөн бул адамдар Орусия аймагына киришине жол бербешибиз керек.

Путин менен Асаддын бул сүйлөшүүсүнүн алдында Пентагон Москва менен Вашингтон Сириянын аба мейкиндигинде орусиялык жана АКШ баштаган коалициянын учактары ортосунда ыктымал кагылышуулардын алдын алуу, учуу коопсуздугу боюнча макулдашууга кол койгонун жарыялаган эле. Анда АКШ жана Орусия күчтөрү ортосунда атайын радио жыштыктар болору кабарланган.

Пентагондун өкүлү Питер Кук 20-октябрда кол коюлган меморандумда биргелешип сокку уруу, маалымат алмашуу жөнүндө сөз жок экенин белгиледи. Анда болгону учкучтар өзүн кандай алып жүрүшү боюнча нускамалар гана бар.

Орусиянын Коргоо министрлиги меморандум Орусиянын позициясын өзгөртпөй турганын, Орусия Сириянын мыйзамдуу өкмөтүнүн өтүнүчү менен аскердик операция жүргүзүп жатканын билдирди.

Орусия Сириядагы аба соккуларын 30-сентябрда баштаган. Москва аба соккулары "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы багытталганын айтып келет. АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү болсо аба соккулары Москва айтып жаткандай бир эле экстремисттердин болжолдуу жайларына эмес, Башар Асадга каршы чыккан козголоңчуларга да багытталып жатканына тынчсыздануу билдирип келет.

Сирияда 2011-жылдын мартында президент Башар Асаддын режимине каршы тынч митингдердин арты кандуу кагылыштарга айланып, жарандык согушка алып келген. Кийинчерээк өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ өлкөнүн бир канча аймагын басып алган. Бул согуш ушул убакка чейин 200 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Дагы төрт миллиондой киши "өз үй, өлөң төшөгүн" таштап, башка өлкөлөрдөн жай турмуш издеп кетүүгө аргасыз болгон.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG