Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

Пентагон опурталдуу өлкөлөрдү атады


АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын зардалы, генерал Мартин Демпси.
АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын зардалы, генерал Мартин Демпси.

1-июлда Кошмо Штаттар 2015-жыл үчүн Улуттук аскерий стратегиясын жарыялады. Документ мамлекеттик кызыкчылыкты коргоодо армиянын мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт.

Пентагон даярдаган документте АКШнын дүйнөнүн Орусия, Кытай сыяктуу бакубат мамлекеттери менен согушуу ыктымалдыгы “төмөн” же жокко эсе экени, бирок “жогорулап баратканы”, уруштун кесепети “эбегейсиз чоң болору” эскертилет. Ошондой эле эл аралык коопсуздукка “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушчандары абдан чоң коркунуч туудуруп жатканы белгиленет.

Улуттук аскерий стратегия АКШнын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо үчүн куралдуу күчтөр кандай пайдаланыларын жана армиянын мүмкүнчүлүктөрүн аныктаган документ.

Пентагондун докладында айтылгандай, Орусия маңзаттары жана терроризм менен күрөшүүгө салым кошкон. Бирок “коңшуларынын эгемендүүлүгүн сыйлабаганын жана өз максатына жетүүдө күч колдонууга даяр экенин бир нече мертебе көрсөткөн”.

Украин жоокерлери
Украин жоокерлери

Орусия Украинадагы калабага түздөн түз катышып жана “жетеленме” үчүнчү күчтөр аркылуу регионалдык коопсуздукту бузууда деп да айыпталат. НАТО ырастаганына карабай, Кремль Чыгыш украиналык жикчилдерди колдоо үчүн Донбасска аскер жөнөткөнүн танууда.

Пентагон 2011-жылы жарыялаган Улуттук аскерий стратегияга караганда бу жолу Орусияга көп көңүл буруусу анын былтыр Крымды аннексиялап алуусуна жана донбасстык жикчилдерди түздөн түз колдогонуна байланыштуу.

БУУнун маалыматы боюнча, Чыгыш Украинада былтыр апрелден бери жүрүп жаткан согуш 6 500ден ашуун адамдын өмүрүн жалмады. 1,3 миллион адам бозгунга айланып, 5 млн. адам гумжардамга муктаж.

Кытай жоокерлери
Кытай жоокерлери

Кытай да улам агрессивдүү болуп, дүйнөлүк коопсуздукка жана АКШнын кызыкчылыктарына коркунуч туудурууда деп белгиленет докладда. Анын мисалы катары Бээжиндин Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу жерлерге ээ чыгып, ал жакка жарандык адистерди жана аскер жибергени айтылат.

Деген менен, АКШ дүйнөдөгү эң кубаттуу аскерий держава. Анын жылдык аскерий бюджети 600 миллиард долларга тете жана башка өлкөлөр коргонууга чегерген суммалардан алда канча чоң.

Докладда көрсөтүлгөндөй, Ирандын жана Түндүк Кореянын ядролук жана баллистикалык кубаты өсүп баратканы АКШ менен союздаштарын өз коопсуздуктары тууралуу олуттуу ойлонууга мажбурлайт. "Согуштук куралдарды жана технологияны өздөрү жасап алган “Ислам мамлекети” сыяктуу радикалчыл идеологияны жайылткан экстремистчил топтор да бүтүндөй мамлекеттер түгүл, региондорду да тополоңго салууда. Анын натыйжасында, дүйнөдө коогалаңдуу жайлар көбөйүп баратат" деп белгиленет Улуттук коопсуздук стратегияда.

Ооганстандагы АКШ жоокерлери
Ооганстандагы АКШ жоокерлери

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын зардалы, генерал Мартин Демпси 1-июлда береги докладды коомчулукка сунуш кылып жатып, ал армияда 40 жыл кызмат кылган мезгилде дүйнөлүк коопсуздук чөйрөсүндөгү жагдай азыркыдай боолгогонго татаал болбогонуна токтолду. Анын айтымында, бир кезде аскердик технологияда АКШ үстөмдүк кылса, бүгүн башка өлкөлөр да жаңы, алдыңкы технологияларды кеңири колдонуп, ортодогу айырмачылык ылдам кыскарууда. "Ошондуктан келечекте куралдуу жаңжал тез өнүгүп, узакка созулат жана анын жүрүшү негизинен техникалык таймашта аныкталат", дейт генерал Демпси.

XS
SM
MD
LG