Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:33

Путин Чыгыш Европага оор курал келишинен кооптонбойт​


Орусиянын континенттер аралык баллистикалык ракеталары Москвадагы парадга чыгарылган учур. 9-май, 2015-жыл.
Орусиянын континенттер аралык баллистикалык ракеталары Москвадагы парадга чыгарылган учур. 9-май, 2015-жыл.

АКШ Чыгыш Европада оор куралдарды ыктымал жайгаштыруусунан кооптонбой турганын айткан Путиндин баллистикалык ракеталар боюнча сөзү Батышта камтамачылык жаратты.

Соңку бир-эки күн ичинде Москвадан айтылган сөздөрдү айрым баяндамачылар "Кансыз согуш" доорундагы риториканын жандануусу, атүгүл күчөшү катары баалашты. Анткени, сөз курал-жарактын тегерегинде жүрүп жатат.

Шейшемби күнү Москвада Финляндиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында Орусиянын мамлекет башчысы алар АКШнын Чыгыш Европага, атап айтканда, НАТОнун жаңы мүчөлөрүнүн аймагына оор куралдарды алып келүүсүнөн кооптонбой турганын белгиледи:

Орус президенти Путин менен Финляндия президенти Саули Ниинисте. 16-июнь, Москва
Орус президенти Путин менен Финляндия президенти Саули Ниинисте. 16-июнь, Москва

- Эгер кимдир бирөөлөр биздин кайсыл бир аймактарды коркунуч алдына кептесе, биз анда куралдуу күчтөрүбүздү, сокку уруучу заманбап каражаттарыбызды коркунуч туудурган аймактарды көздөй багытташыбыз керек. Башкача болбойт да. Биз жылган жокпуз, биздин чек араларды көздөй НАТО келе жатат да. Анткен менен азыр бир нерсени күчөтпөйт элем. Албетте, анализдеп, кылдат байкап турабыз. Азырынча мен бизди өзгөчө чочулаткан нерсени көрбөй турам. Бул Орусияга же өздөрүнүн саясий өнөктөштөрүнө карата саясий ишара сындуудай. Бизде эң көп кооптондурганы ракетадан коргоонуу боюнча алар (АКШ) азыр жайгаштырып жаткан система. Бул стратегиялык маанидеги олуттуу маселе.

АКШнын Европада ракетадан коргонуу системасын түзүү планына Орусия узактан бери эле каршы.

Ал эми Кошмо Штаттар Чыгыш Европанын жана Балтиканын бир нече өлкөсүнө эми танктарын, кургактагы аскерлердин брондуу унааларын жана башка оор техникасын алып келүүнү мерчемдеп жатканын америкалык гезиттер апта башында жазган. Маалыматка караганда, аймакка алып келинүүчү ал аскерий техника менен оор куралдар эң көп дегенде 5000 аскерге жетет.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү АКШнын пландалып жатат деген бул чарасын "Пентагон менен НАТОнун кансыз согуш доорунан берки эң агрессивдүү кадамы" катары сынга алган эле. Батыштык аскер адистери АКШнын бул чарасын Орусиянын Украинадагы аракеттеринен чочулаган аймактык өнөктөштөрдү тынчтантуу аракети деп чечмелеген.

Өзү НАТОнун Чыгыш Европадагы айрым мүчөлөрүнүн, айрыкча Орусия менен чектешкен Балтика өлкөлөрүнүн лидерлери Крым аннексиясынан жана Украинадагы жаңжалдан улам алардын коопсуздугуна коркунуч бардыгын утур-утур айтып, алар үчүн коопсуздукту чыңдоо багытындагы жардамды күчөтүүнү суранып келе жатышат.

Бен Ходжес
Бен Ходжес

АКШ армиясынын Европадагы кол башчысы, генерал-лейтенант Бен Ходжес Орусиянын мамлекеттик ТАСС маалымат агенттигине билдиргендей, оор жабдууларды Германиядан Польшага же НАТОнун башка мүчөлөрүнө жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алына элек. Америкалык генерал белгилегендей, бул иш аткарылса Европага кошумча жарак-жабдык алынып келинбейт. Болгону учурдагы жарак-жабдыкты жана күчтөрдү орун которуштуруу гана жүргүзүлөт.

Орус президенти айткандай, АКШнын Чыгыш Европага оор куралдарды ыктымал алып келүүсү аларды чочулатпаса, Путиндин баллистикалык ракеталар боюнча соңку билдирүүсү Батыш расмий өкүлдөрүн кооптондургандай.

Маселен, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг орус президентинин шейшембидеги сөздөрүн комментарийлеп жатып, буларга токтолду:

- Менимче, биз бүгүн президент Путинден уккан сөздөр Орусиянын көптөн берки багытын жана жүрүм-турумун гана ырастап турат. Биз көрүп жаткандай, Орусия жалпы коргонуу үчүн гана эмес, өзөктүк кубаты үчүн да көп акча сарптоодо. Алар өзөктүк курал жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүп жатышат, өзөктүк риториканы коргонуу стратегиясы, коргонуу таянычы боюнча маалыматтарда көп колдонууда. Орусиянын өзөктүк курал менен коркутуусун актоого болбойт, ал кырдаалды дестабилдештирүүчү кооптуу нерсе.

Путин Орусиянын өзөктүк арсеналына континенттер аралык баллистикалык ракеталардын жаңы 40тан ашуун даанасы кошуларын 16-июнда “Армия -2015” деген эл аралык аскерий –техникалык форумда жарыялаган.

Орус президентинин ырастоосунда, жаңы ракеталар коргонуунун техникалык жактан заманбап системаларынын “кайсынысы болбосун” бузуп өтө алат.

АКШ армиясынын танктары Польшадагы машыгуу учурунда. 18-март, 2015-жыл.
АКШ армиясынын танктары Польшадагы машыгуу учурунда. 18-март, 2015-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри орус президентинин соңку сөздөрүн комментарийлеген учурунда "кансыз согуш макамына" кайтууну эч ким каалабасын белгиледи жана АКШ менен Орусия ортосунда өзөктүк ракеталардын саны боюнча келишим бардыгын эске салды:

- Албетте, бул мени тынчыздандырат. Бизде стратегиялык чабуул жасоочу куралдарды кыскартуу боюнча келишим ( келишимдин Орусияда аталышы СНВ, АКШда аталышы –START) бар. Бизде 1990-жылдардан тарта мурдагы Советтер Союзунун аймагындагы өзөктүк куралды жок кылуу боюнча эбегейсиз кызматташтык болду. Артты көздөй кадамды эч ким каалабайт. Менимче, Кансыз согуш макамына кайтууну да эч ким каалабайт.

Орусия менен АКШ өзөктүк дүрмөтү бар ракеталарды кыскартууну караган акыркы келишимге 2010-жылы апрелде кол койгон. Ага ылайык, эки өлкөнүн ар биринде өзөктүк дүрмөттөрдүн саны 1550дөн ашпоосу керек. Бул аралыкта бүгүн Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков Орусия Батыш менен жарыша куралданууга түшүүнү каалабасын билдирди.

Кремлдин жогорку даражалуу өкүлүнүн айтымында, жарыша куралдануу Орусиянын "экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн алсыратат". Андыктан, Москва буга "принцибинде каршы".

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG