Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 11:58

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын социалдык тармактарда мамлекет башчынын дарегине сын айткандарды териштирүү талабы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына кайрылуусу парламентте гана эмес коомдо кызуу талаш жаратты.

Интернет массалык маалымат каражаты деп эсептелбеген Кыргызстанда социалдык тармакты жөнгө салуу мүмкүнбү? Социалдык тармактагы пикирлерди иликтеп, Улуттук коопсуздук кызматы өз милдетинен аша чапкан жокпу? Социалдык тармактарда жарандык этиканын нормаларын сактоо механизми кантип иштейт?

“Азаттык” “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге медиа эксперттер менен бирге сереп салды.

Талкууга юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев, көз карандысыз журналист Сабыр Мукамбетов жана интернет саясаты боюнча “Элдик демилге” коомдук фондунун координатору Наргиза Нанакеева катышты.

“Азаттык”: Сабыр мырза, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын социалдык тармактарда президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине сын айткан адамдарды иликтөө талабын Улуттук коопсуздук кызматы аткарып, сындады деп 45 адамды тактап, он чактысынын атын ачык жарыялады. Бул окуяны журналисттер гана эмес соцтармактагы колдонуучулардын көбү ойду эркин билдирүү укугун бузуу, сөз эркиндигин чектөө деп баалашты. Сиз ага кошуласызбы?

Интернетте отуруп алып, бири-бирин шыбагандар, коомду көзгө илбей мазактаган учурлар болуп жатат. Соцтармактарды жөнгө салуу боюнча чараларды илимдүү, билимдүү юристтер жолун таап, иштеп чыгуусу керек болуп калды.
Сабыр Мукамбетов

Сабыр Мукамбетов: Социалдык тармактар жалпыга маалымдоо каражаттарына кирбейт. Депутаттын талабы коомчулукту экиге бөлдү дегенге да кошулбайм, анткени сырттан байкап тургандар да бар. Соцтармактарды пайдаланып, кандай гана жол болбосун бийликти колдоочулар жана ага каршылар бар экендиги көрүнүп турат.

Президентти коргогон Карамушкина бар экен, президенттин дарегине сын-пикирлерди айткандарга карата чара көрүлүп жатат. Ал эми катардагы адамдардын абийирине шек келтирген учурларда коргоочусу жок болсо эмне кылуу керек деген суроо пайда болду. Интернетте отуруп алып, бири-бирин шыбагандар, коомду көзгө илбей мазактаган учурлар болуп жатат. Мен буга каршымын, демек бул көрүнүш биздин күндө көңүл бөлө турган маселе болуп калды. Соцтармактарды жөнгө салуу боюнча чараларды илимдүү-билимдүү юристтер жолун таап, иштеп чыгуусу керек болуп калды.

“Азаттык”: Кайрат мырза, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү соцтармактардагы пикирлерди текшерүү сөз эркиндигин бузууга жатпайт деп билдирди. Ал эми депутат Аида Салянова бул мамлекетти демократиядан куруткан жол деп айтты. Улуттук коопсуздук кызматы соцтармактардагы жеке адамдардын пикирин иликтеп өз милдетинен аша чаптыбы? Эмне үчүн бул кызмат мындай функциябыз жок деп баш тарткан жок?

Улуттук коопсуздук кызматы өз чегинен анча-мынча чыгып кетти деп айтсак болот. Андан тышкары депутаттын кайрылуусунун өзү туура эмес болуп калды. Эгер мен депутат болсом жарандын кайрылуусун Башкы прокуратурага жолдоп, аны териштирүүнү ошол мекемеден өтүнмөкмүн.
Кайрат Осмоналиев

Кайрат Осмоналиев: Биз укуктук мамлекет деп эсептелебиз, сөз эркиндиги Конституциядан баштап бардык мыйзамдарга жазылган. Ал эми адамды мазактоо боюнча кандай чаралар көрүлөрү Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн.

Анын негизинде президент болобу же башка адам болобу абийир, ар-намысы корголушу керек. Ал эми бул окуяны иликтеген Улуттук коопсуздук кызматынын аракетин жакшылап карап чыгуу зарыл. Орустар айтмакчы, чымынды котлеттен бөлүп алып иликтешибиз керек. Эгер жаран сын айтса - ал сөз эркиндиги, жаран каршы пикирин билдирүүгө укугу бар, ал эми негизсиз мазактоого өтүп кеткен болсо Жарандык Кодекстин негизинде сотко кайрылууга негиз болуп берет. Бул жерден Улуттук коопсуздук кызматы өз чегинен анча-мынча чыгып кетти деп айтсак болот. Андан тышкары депутаттын кайрылуусунун өзү туура эмес болуп калды. Эгер мен депутат болсом жарандын кайрылуусун Башкы прокуратурага жолдоп, аны териштирүүнү ошол мекемеден өтүнмөкмүн.

“Азаттык”: Наргиза айым, Кыргызстанда интернет ММК каражаты деп эсептелбейт. Бирок, азыр коомдук пикир түзүүдө социалдык тармактар укмуштуудай күчкө ээ болуп калды. Ушундан улам көп өлкөлөрдө, айрыкча авторитардык башкаруудагы мамлекеттерде интернетти көзөмөлдөө аракети болуп жатса керек. Кыргызстанда социалдык тармакты көзөмөлдөө мүмкүнбү? Башка мамлекеттерде жөнгө салуу аракети болду беле, ал кандай натыйжаларды берди эле?

Наргиза Нанакеева: Негизи интернетте, анын ичинде социалдык тармактарда аябай көп маалымат алмашуулар жүрөт. Технологиялар дагы күн санап өсүп жаткан маалда аны көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Ал эми биз талкуулап жаткан маселе боюнча, мисалы Фейсбуктагы маалыматтарды ким жазгандыгын IP адреси аркылуу тапса болот, себеби, ар бир өлкөнүн өзүнө гана тиешелүү адрестери бар.

Аларга колдонуучу тууралуу маалымат бергиле деп кайрылса болот, бирок Фейсбук ушундай маалыматтарды берген деген маалымат азырынча жок. Анткени, бул тармакта дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар отурат. Фейсбук өз аудиториясын сактоого кызыкдар. Ошон үчүн Кыргызстандын тартип коргоо органы кайрылган күндө да бериши мүмкүн эмес. Демек, бул жерде тартип коргоо органы колунан келбеген милдетти моюнуна алып жатат жана депутаттын талабын иликтөө анын функциясына кирбейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG