Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Текебаев менен Чотонов камакта калды


Бишкек шаардык соту “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновго карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

9-марттагы шаардык соттун чечими мурдагы аскер сотунун имаратында жабык угузулду. “Атамекенчилер” сот чечимин мыйзамсыз деп, мөөнөтсүз митингди улантарын айтышты. Ал эми бийликчил партия оппозицияны элдин атына жамынып, саясий кызыкчылыгын ишке ашыруу аракетин көрүүдө деп айыптап чыкты.

Эл менен сот эки башка жакта...

Өмүрбек Текебаевдин соту бул жолу да айтылган жерде болгон жок. Бишкек шаардык сотунда Текебаев менен партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралат дегендиктен, тарапташтары сот имаратынын жанында митинг өткөрүп жатышты.

Бирок кечке жуук чогулган элдин арасында “Ата Мекен” фракциясынын лидерин Аскер сотунун имаратына алып кетти" деген сөз тарады.

Сот имаратынын алдындагы милиция курчоосу
Сот имаратынын алдындагы милиция курчоосу

Ошол эле учурда Бишкектин экинчи бурчунда жайгашкан аскер сотунун мурдагы имаратын милиция курчап Текебаев менен Чотоновду сотко алып келди. Сот жараяны жабык өтүп, адвокаттан башка киши кирген жок.

Көп өтпөй шаардык соттун чечими чыкканы айтылып, адвокат Чынара Жакупбекова райондук соттун чечими өзгөрбөгөнүн, Өмүрбек Текебаев камакта кала турганын маалымдады:

- Сотто Өмүрбек Текебаев 15 мүнөт сүйлөдү, бирок сот чечиминде Текебаевдин сөзү камтылган жок. Ал сот учурунда козголгон кылмыш иши акылга сыйбай турганын айтып, 2010-жылы ар кандай жолугушуу, иштер менен жүрүп Маевский менен Бишкекте да, башка өлкөдө да жолугууга убактысы болбогонун кошумчалады. Бирок айтылгандардын бири да эске алынбастан, аны камоого чечим чыкты. Биз албетте сот чечимин Жогорку Сотто талашабыз.

Адвокат: Текебаев сотто күнөөсүз экенин айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00

Саясий куугунтуктун башталышы эле...

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары сот болгонго чейин эле пессимисттик көз карашта болуп, алардын лидерин шаардык сот камакта калтырарын айтып жаткан. Фракция депутаты Наталья Никитенко өлкөдөгү сот реформасын толук кандуу жүргүзмөйүнчө, көрсөтмө чечимдерди кабыл ала берет деп “Азаттыкка” билдирген.

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов шаардык соттун отуруму бөлөк имаратта өткөнүн мыйзамсыз деп атап, Текебаевге карата куугунтуктун аркасы менен бийлик президенттик жарышка чыккан талапкерлердин бардыгына белги берип жатканын кошучалады:

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

- Текебаевге козголгон кылмыш иши мыйзамсыз. Мунун артында саясат жана саясий өч алуу турат. Бийликке каяша айтып, өз көз карашын билдирген саясатчыларды сындыруунун башаты. Президенттик жарыштын алдында талапкер Өмүрбек Текебаев менен чогуу башка талапкерлерге болгон бийликтин белгиси. Сөз эркиндиги менен демократиялык баалуулуктар тепселенип жатканына баарыбыз күбөбүз.

9-марттагы парламент жыйынынын ар кандай маселелерди кароо учурунда бийликчил депутаттар өлкөдөгү саясий кырдаалга токтолуп, “атамекенчилердин” парламент сыртындагы митингин айыптап, фракция өзүнүн саясий маселелерин эл артына жамынып, ишке ашырып жатканын айтып чыгышты. Мындай пикирди кармангандардын бири - КСДПчы Евгения Строкова болду.

- Ала Тоо аянтында элди чогултуп алып, эл талап кылып жатат деп айтканга болбойт. Мен деле маршрутка, такси менен жүрөм жана элдин маанайын жакшы билем. Элдин азыркы оппозиция тууралуу эмне дегенин айткым да келбейт. Андыктан келгиле, соттун чечимин күтөлү. Биздин өлкөдөгү демократия жоголууда деп жатасыңар. Чынында биздин демократияга Америкадан келген адамдар таң калып, жогорку баасын берүүдө.

Базар-Коргондогу жолду жабуу аракети

Ал арада Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Бишкек-Ош жолунун боюнда 50 чакты адам бир нече күндөн бери митинг өткөрүп жатат.

9-мартта алар жол боюнан райондук администрацияга чейин жөө жүрүшкө чыгып, бирок ал аракет үзгүлтүккө учурады. Милиция жүрүшкө чыккандарды акимчилик имаратына жеткирбей, артка кайтарган. РИИБинин маалыматы боюнча, митингчилер милициянын түшүндүрүү иштеринен кийин, кайра жол боюна кайтып келди.

Базар-Коргондогу жөө жүрүш
Базар-Коргондогу жөө жүрүш

Ошол эле күнү Базар-Коргондогу митингчилер Бишкек-Ош жолун тосууга аракет кылды. Бирок милиция жол бууганга мүмкүнчүлүк берген жок.

Базар-Коргондо 26-февралдан бери Текебаевди бошотуу талабы менен митинг өтүүдө.

Текебаев менен Чотонов камакта калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эки айга тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарган. Ага ылайык оппозиция лидери 25-апрелге чейин УКМК абагында болот. Текебаевдин жактоочулары 10-мартта шаардык соттун чечимине макул болбой доо арыз менен Жогорку Сотко кайрыларын айтышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG