Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Боло элек президентке талапкердин айланасындагы талаш


Улак тартыш башталар алдында.
Улак тартыш башталар алдында.

Бүгүн "Азия ньюс" гезити гана жарык көрдү.

Гезит "Мелис Мырзакматов кайтып келсе камалабы", "Матраимовдор Ош менен Кара-Сууда калың элдин колдоосуна ээ", "Текенин мүйүзү сынды, кезек улактарда" деген баштемалар менен жаңы санын ачты.

Билимдүү жаш Сапар Исаковду мураскер болот экен деген божомолдор чыгары менен ага каршы кара пиар башталганын, эгер бийликтин колдоосу астында Кремль сүрөп берсе, жаш жигитти эл да колдоп кетерин, Орусиянын Путинден кийинки президенти Медведев деле 42 жашында президент болгонун эске салып, эгер Сапар болбой калса, анда дагы бир жаш кадр Абдил Сегизбаевдин жылдызы жанышы мүмкүн экендигин божомол кылды.

Григорий Михайлов аттуу орусиялык автордун "Текебаев эркиндикке чыкса, олуттуу күчкө айланат... Кайра шайлоо "Республика - Ата Журтка" гана пайдалуу..." деген макаласы жарыяланды. Автор саясат жүрүшүнө талдоо салып, Атамбаев мөөнөтү бүткөнчө КСДПны реформалап, бийликти транзиттөө учурунда өз тылын бекемдөөсү зарылдыгын, парламенттин тарап кетиши күмөндүгүн, айрыкча "Ата Мекен" партиясынын абалы өзгөчө начардыгын, анткени лидери Текебаев алдамчылык боюнча СИЗОдо отурганын, калгандары бүт күчтөрүн бириктирип, өз лидерин коргоого алган менен партиянын жупуну ресурсу Фейсбуктун "талашынан" ары ашалбай жатканын, ошондуктан парламент тарап, кайра шайлоо болсо азыркы партиялардын көбү борттон ары "ыргып" кетиши мүмкүндүгүн, шайлоо бир гана Бабановдун партиясына пайда алып келерин, демек Кыргызстанда парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өтүшүнө бюджеттик "устуканды" талашкысы келген парламенттен тышкаркы саясый күчтөр кызыкдар болуп жатканын, ушундан улам парламенттик шайлоо деле өлкөдөгү абалды өзгөртө албай тургандыгын жазды.

Буга улай саясат талдоочу Марс Сариевдин маеги басылды. Ал "Мындан көрө парламенттин тарап кеткени оң" деп президент жөн эле опузалап койгонун, парламент өзүн өзү таркатуу жолу менен гана таркабаса тарабай тургандыгын, Фарид Ниязов аябай тажрыйбалуу уюштуруучу экендигин, андыктан ал шайлоо штабын жетектеп калышы мүмкүндүгүн, бүгүн мураскер катары ким аталса дагы эл кабыл албастыгын, Сапар Исаков өзү да "андай маселе күн тартибинде жок" деп айтканын, элдин баарынын көңүлү Сапар Исаковго бурулуп жаткан учурда бийлик президенттикке башка бирөөнү даярдап жатканын, ал Жээнбеков дагы, Бабанов менен Төрөбаев дагы эместигин, анткени булар карама-каршы жээктегилер экенин, эл коррупцияга аралашпаган, таза адамдын келишин каалап турганын, ал эми "Ата Мекендин" саясаттагы сапары ансыз да "карып", Феликс Кулов сыяктуу эле саясый аренадан кеткени калганын, бирок баары бир президент Текебаев менен тил табышуусу керектигин айтты.

"Азия-ньюс" ошондой эле эл арасында вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиевдин аброю өсүп жатканын, Туйгуналы Абдраимов президенттик жарышка аттанганын, Улуттук коопсуздук кызматында 7 жылдан бери үзүрлүү иштеп келаткандыгына карабастан, Болот Сүйүнбаевге генерал чини берилбей жатканын маалымдады. Аким Карыбеков макаласын "Атамбаев кеткенден кийин жер муштап калбайбызбы?" деп атады.

"Мамлекет саясат менен алек болуп, айыл чарбасын унутуп калды" деген баштеманын алдында академик Жамин Акималиев жыл сайын Орусиядан 1 млн. тонна күйүүчү май келерин, ал эми жазгы талаа жумуштарына болгону 47 миң тонна гана дизель май сарпталарын, жадагалса ошону да камсыз кыла албай келатканыбызды, жер семирткич жетишпегендигинен жер арыктап бүткөнүн, техникалардын 90 пайызы эскирип, жүрбөй калганын, бийлик Кайыңды кант заводун көзөмөлдөбөгөнүнүн айынан Чүй өрөөнүнүн миңдеген гектар жердеги кант кызылчасы казылбай кардын алдында калганын, эми быйыл кант заводу "кант кызылчасынын уругун бизден гана аласыңар, болбосо күзүндө кызылчаңарды кабыл албайбыз" деп жатканын, анткени алар Германиядан, Франциядан биздин шартка ылайык келбеген сорттогу уруктарды таңуулап келатышканын, бул мамлекетке түздөн түз каршы саясат экендигин академик Жамин Акималиев сөз кылды.

XS
SM
MD
LG