Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

КСДП президентти каралоону токтотууга чакырды


Парламент
Парламент

Жогорку Кеңеште 9-марттагы жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин оппозиция, парламент тууралуу айткандары сөз болду.

Анда бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын айрым өкүлдөрү мамлекет башчыны негизсиз каралагандарды жоопко тартууга, оппозициядагы "Өнүгүү-Прогресс" фракциясын тарап кетүүгө чакырды.

Ал арада камактагы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кат аркылуу Жогорку Кеңешке кайрылды. Кайрылууда президент Алмазбек Атамбаев бийликте калуу максатында парламентти таркаткысы келип жатат деп айтылган. Президенттин аппараты буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Парламенттин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов соңку күндөрү президент Алмазбек Атамбаевди негизсиз, жалган жалаа жабуу, ага сөз тийгизүү аракеттери көбөйдү деп билдирди. Анын пикиринде, мамлекет башчынын коомду деструктивдүү күчтөрдү тазалоо саясаты кимдир бирөөлөргө жакпай жатат:

- Президенттин саясаты - келерки президенттик шайлоого тынч жетүү жана бийликти тынч өткөрүп берүү. Деструктивдүү күчтөр деп аталган аткаминерлердин, саясатчылардын катарын тазалоо, коррупционерлерден арылуу, коррупцияга каршы күрөш программасын максималдуу түрдө ишке ашыруу болуп саналат. Азыр кээ бир нерселер болбой жатат, кечигип жатат деген сындар айтылып жатат, бирок процесс жүрүп жатат. Жетишкендиктер бар, өлкө алдыга жылып жатат. Алмазбек Атамбаев кээде курч сүйлөйт жана бул кимдир бирөөлөргө жакпайт. Биз бүгүн айрым саясатчылар адамдардын трагедиясын пайдаланып, кыйраган учактагы жүктү президент Алмазбек Атамбаевге таандык кылып, аны негизсиз каралап жатканына күбө болуп жатабыз. Мындай билдирүүлөрдү жасаган адамдар сөзү кынтыксыз экенин далилдеши керек же каралаганы үчүн жоопко тартылышы керек.

КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Данияр Аттокуров оппозициядагы "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевди популист деп сынга алды жана аларды тарап кетүүгө чакырды:

- Эгер Бакыт Төрөбаевдин өткөндөгү Жогорку Кеңеш тарап кетели деген сөзү популисттик болсо, анда ушул фракция өздөрү биринчи чечим чыгарып тарап кетпейби. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынан кетебиз дешпейби. Анан бул популисттик чечим болдубу же жокпу, кийин тарых көрсөтөт да. Мен булар өздөрү чечим чыгарат деген үмүттөмүн.

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Бакыт Төрөбаев тарап кетүү чакырыгына азырынча үн ката элек. Бул фракциянын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров Социал-демократ кесиптеши Данияр Аттокуровго негизсиз айып такпоону сунуштады:

- КСДП фракциясынын депутаты Данияр Аттокуров бизди сындап жаткандай сезилди. Бакыт Төрөбаевдин сунушун мамлекет башчыбыз, урматтуу Алмаз Шаршенович "Төрөбаев туура айтып жатат, мен анын сунушун колдойт элем" деп колдоп жатат. Анда кандай болуп жатат? Менин кесиптешим Аттокуров президентке каршыбы? Мен муну түшүнбөй калдым. Андан сырткары депутаттык корпус бир туугандайбыз. Ошондуктан бири-бирибизди сыйласак, бири-бирибизди популисттик билдирүү жасады деп күнөөлөбөсөк.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко соңку окуяларды парламенттик демократияга сокку деп сыпаттады. Партия лидерин соттун чечими жок эле күнөөлөп жаткандарын айыптады:

- Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракция, фракциянын лидери куугунтукка кабылып, мыйзамсыз камалып, тергөө жүрүп жатканда ага коррупция, шылуундук боюнча айыптар коюлуп жатат. Конституция боюнча кылмыш кылган-кылбаганын сот гана аныктайт. Азыркы окуяларды эл көрүп турат. Парламенттик демократиянын негизин күчтүү оппозиция түзөт. Оппозицияны тазалоо менен маселе чечилбейт. Экономикалык кризистен чыга албайбыз, элдин социалдык маселесин чече албайбыз. Эл эмнеге сот реформасы болбой калды, эмнеге судьялар саткын деген суроосуна жооп жок. Элди эмнеге Кыргызстан эң жакыр 50 өлкөнүн катарына кирип калды деген суроолор кызыктырат. Эгер сиздер парламентте түрдүү пикирлер айтылбашы керек, маселелер оппозициялык фракцияны тазалоо менен чечилет десеңер анда жаңылышасыңар.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев Алмазбек Атамбаевдин 6-мартта парламентти таратуу тууралуу айткан сөзүн дагы бир жолу окуп берүү менен гана чектелди. Ал "Ата Мекен" фракциясын Жогорку Кеңешти саясий аянтка айландырып жатат деп сынга алды:

- Карапайым элге жамынып алып өзүнүн саясий иштерин палатага алып чыгып, элди көкүткөнгө депутаттардын укугу жок. Бир партияга сын айтылса ошол партиянын мүчөлөрү аны палатага алып келип караштыргандан көрө фракциянын ичинде ошол маселелерди карап, бир жыйынтыкка келсе жакшы болот эле. Бул партия жана анын өкүлдөрү тууралуу ММКга көп материалдар чыгып жатат. Ошол канчалык чындыкка дал келет, калппы же чынбы, ошону тиешелүү органдар, сот аркылуу тактап алышса жакшы болот эле. Былтыр 1-сентябрдан бери ушул партиянын айланасында сөздөр ушул күнгө чейин токтобой келет. Карапайым элге жамынып алып парламентти саясий аянтка айландырганы депутаттарга туура келбейт.

Атамбаевдин саясий “архитектурасы”

Атамбаевдин саясий “архитектурасы”

Президент Алмазбек Атамбаевдин Брюсселдеги Евробиримдиктин жетекчилери Дональд Туск жана Жан-Клод Юнкер менен жолугушуулары жыйынтыкталды.

Жолугушуулардын биринде Евробиримдиктин жетекчилери Кыргызстанда күздө өтө турган президенттик шайлоого кызыгып, болочоктогу мамлекет башчысы ким болорун сурашкан.

Жогорку Кеңеште бул жыйында камактагы "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кайрылуусун окуп берүү сунушу колдоо тапкан жок. Бул кайрылууда Текебаев президент Алмазбек Атамбаев бийлигин чыңдоо максатында жана дагы бийликте калууну көздөп парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууну көксөп жатат деп айыптаган. Ал Жогорку Кеңештин мүмкүнчүлүгү барган сайын кеңейип, талкуулардын деңгээли сапаттуу боло баштаганы президентти чочулатып жатат деп белгилеген.

"Орчундуу чечимдерди кабыл алууда жана коомдук-саясий мааниге ээ курч көйгөйлөрдү чечүүдө, ошондой эле мамлекеттин туруктуулугуна, коомдогу бейпилдикке, стабилдүүлүккө карата күтүүсүз жагдайларды, коркунучтарды жайгарууда парламенттеги жеке таасири, каалаган учурда каалагандай калчаган дарамети кескин жоголуп баратканын Алмазбек Атамбаев сезип жатат", - деп айтылат кайрылууда.

Өмүрбек Текебаев кайрылуусунда парламент мүчөлөрүн Жогорку Кеңешти таркатууга жол бербөөгө чакырып, өзүн эмес, мамлекетти, эл шайлаган жогорку органдын кадырын сактаганы үчүн парламентке ыраазычылык билдирген.

Алмазбек Атамбаев жана анын аппараты Текебаевдин соңку кайрылуусу боюнча азырынча комментарий бере элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG