Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Депутат Шыкмаматовго кылмыш иши козголду


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго “коррупция” беренеси менен кылмыш иш козгоду.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөрүүгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кылмыш ишинин козголушун Шыкмаматовдун оппозициялык ишмердигине байланыштырды. Дагы бир фракциялашы, мурунку башкы прокурор Аида Салянова муну саясий куугунтуктун уландысы катары баалады.

Башкы прокуратура Шыкмаматовго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Башкы көзөмөлдөөчү орган тараткан түшүндүрмөдө Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, жасалма тендер өткөргөнгө аралашкан деп айтылат.

2011-жылдын 20-сентябрында Эсептөө палатасы “Мерседес-Бенц-Е” үлгүсүндөгү беш кызматтык унаа сатып алуу максатында тендер өткөрүү үчүн жети адамдан турган комиссияны түзгөн. Алардын арасында Шыкмаматов да болгон. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдраманов тендер жасалма өткөнүн билдирди:

- Текшерүүнүн жүрүшүндө “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын беренелери бузулганы аныкталган. Тендер жасалма өткөрүлгөн. Тактап айтканда, Эсептөө палатасынын аудиторлору кызматтык унааларды жеке адамдардан алган жана алдын ала өздөрү тандашкан. Тендер боюнча комиссиянын мүчөлөрү өз ара жең ичинен сүйлөшүп алып, мамлекеттик сатып алуу боюнча документтерди жасалма толтурушкан.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, документтерде тендер 2011-жылдын 4-октябрында өткөн деп жазылган. Конкурска 4 265 000 сом сураган “Би Стар” жана “Барат Люкс” деп аталган эки фирма катышкан. Тендерде “Барат Люкс” жеңүүчү деп табылган жана Шыкмаматов бул фирма сатты деген унаага жубайынын да унаасын жогорулатылган баа менен кошуп койгон деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Башкы прокуратура кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов жасалма тендер өткөргөнгө катышкан деген айыптарды четке какты. Эсептөө палатасы сатып алган унаалардын арасында аялына таандык унаа болгонун мындайча түшүндүрдү:

- Эсептөө палатасы тендер жарыялаган, ал тендерди фирма уткан. Эсептөө палатасына унааларды фирма саткан. Чечимди мен эмес, жети адамдан турган комиссия кабыл алган. Фирма Эсептөө палатасына төрт унаа саткан. Аялым эмес, фирма саткан. Ал фирма ошол унаалардын бирин качандыр бир убакта аялымдан сатып алган экен. Эң негизгиси, ошол сатылып алынган төрт унаанын ичинен аялыма таандык болгонунун абалы азыркы күнгө чейин жакшы. Өзүнүн баасына жооп берген машина. Демек мамлекетке чыгым болгон эмес. Бул УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин эле жоругу. Эми азыр муну мыйзамдаштырып, КТРден күнүгө айтып, каралоо башталат.

Шыкмаматовго козголгон ишти анын фракциялаштары саясий куугунтук катары баалап жатышат. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев муну саясий ишмердиги менен байланыштырса, "атамекенчи" Аида Салянова бийликтин кезектеги каралоосу катары баалады:

Аида Салянова
Аида Салянова

- Азыр материалдарды жалпысынан караганда Алексей Елисеевге байланыштуу иштей эле болуп жатат. Бул деле саясий куугунтуктун уландысы экенине ишенем. Эмнеге алты жыл мурун баа берилген эмес? Ал жерде кылмыш ишин козгой турган эч нерсе жок. Ал жерде тендердик комиссия өткөргөн деп жазылып турбайбы. Эгер андай болсо Шыкмаматовдун ага кандай тиешеси бар? Азыр суроолор көп болуп жатат. Буга чейин гезиттерге жаздыра баштаганда чынында маани деле берген эмесмин. Азыр окуп алып таң калып жатам.

Буга чейин Башкы прокуратура Аида Саляновага кылмыш ишин козгогон. Ал 2010-жылы юстиция министри болуп турганда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген айып тагылып жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Осмонов “коррупция” Кылмыш-жаза кодексиндеги оор беренелердин бири экенин белгиледи. Осмонов коомчулукта шек саноо, күдүк ойлор пайда болбошу үчүн эки тараптын тең дооматтары, айтылган фактылар тыкыр, адилет иликтениши керек дейт:

- Эгер депутатка 303-берене (коррупция) боюнча кылмыш иши козголсо, анда аны парламенттин макулдугусуз эле жоопко тарта берет. “Атамекенчилердин” мыйзамын, Салянованын ыкмасын эми өздөрүнө колдонуп жатат. Эми бул иштердин кайсы биринин саясий өңүтү болушу да, болбошу да мүмкүн. Сырттан караганда эки ача пикир пайда болуп жатат. Кээ бир фактылар чынында эле болгон. Мен мародерчулук боюнча депутаттык комиссияда жүргөм, айрым фактылар болгонун билем. Ошондуктан айрымдары боюнча туура эле кине коюлуп жаткандай сезилет. Эми мына “Белизгейт” деп чыгышты, Кипрге барып кээ бир адамдар менен жолугуптур деп жатышат. Эгер бийлик көрсөтүп жаткан документтер анык болсо, анда кылмыш иши болот. Эгер ошондой трасттык келишим болбосо, анда ал жерде кылмышка негиз жок. Азыр компроматтар согушу болуп, бири-бирине көө жаап жатат. Ошондуктан бардык нерсе тыкыр, адилет териштирилиши керек.

Бүгүн, 17-февралда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Башкы прокуратурага барып, көрсөтмө бергени маалым болду.

Өмүрбек Текебаев 13-февралда Кипрден Атамбаевдин мүлкү тууралуу маалыматтарды таап келгенин, аларды толук иликтеп, жакында аны коомчулукка жарыя кыларын ырастаган. Ошол эле күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бул билдирүүнү иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG