Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Башкы прокуратура Текебаевди суракка чакырды


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди суракка чакырды.

Анын алдында, 13-февралда президент Алмазбек Атамбаев башкы көзөмөлдөөчү органга Текебаевдин соңку билдирүүсүн иликтөөнү тапшырган эле.

“Ата Мекендин” лидери өткөн аптада Кипрге барганда Атамбаевдин мүлктөрү боюнча айрым маалыматтар алынганын жарыялаган.

Өмүрбек Текебаев Башкы прокуратура аны 15-февралда суракка чакырганын “Азаттыкка” билдирди. Өткөн аптада Кипрге жумушчу сапар менен барганда президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү тууралуу айрым бир маалыматтар алынганын, тастыктаган тиешелүү документер колго тийгенден кийин жарыялай турганын айтты:

- Мен Кипрге жумуштар менен барып келдим. Көптөгөн адамдар менен жолуктум. Кыргызстандагы кырдаалга кызыгып, айрым бир маалыматтарга ээ болгон адамдар бар экен. Алар Атамбаевдин өзү айтып жүргөн байлыгы жөнүндө да анча-мынча маалыматтарды билебиз жана андай маалыматтарды тапканга мүмкүнчүлүгүбүз бар дейт. Мен Атамбаевдин байлыктарын расмий иликтеп жатканыма байланыштуу эгер ошондой маалымат таап калсаңар мени менен бөлүшкүлө дедим. Алар таап калса мага сөзсүз түрдө жөнөтө турган болушту. Атамбаев Башкы прокуратурага Текебаев айткан маалыматты текшергиле деп тапшырма бериптир. Бирок мен эч маалымат айта элекмин. Маалымат алдым деп гана айттым. Ал маалыматты ырастаган документтер келгенден кийин коомчулукка жана прокуратурага сөзсүз түрдө берип турабыз. Мени Башкы прокуратура шаршемби күнгө чакырыптыр, бирок мен жыйында болгонума байланыштуу бара албайм, бүрсүгүнү биринчи маалымат беребиз.

Атамбаевдин үйү: прокуратуранын жүйөсү

Атамбаевдин үйү: прокуратуранын жүйөсү

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин үй салынып жаткан жеринин айланасындагы Өмүрбек Текебаевдин айткандарын президенттин тапшырмасы менен текшерген.

Мунун алдында “Ата Мекен” партиясы Башкы прокуратурага Алмазбек Атамбаевдин мүлктөрү боюнча айтылган бардык маалыматтарды текшерүү боюнча кайрылуу жолдоду. Анда айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасы, жаңы салынган үйүнө кеткен каражат, каржы булактарын тыкыр териштирүү керектиги белгиленген.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун кабарлашынча, Алмазбек Атамбаев Текебаевдин Кипрден алынды деген маалыматтарын текшерүү боюнча баш прокурорго тапшырма берди:

- Президент Алмазбек Атамбаев “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипрден мамлекет башчысынын мүлкү боюнча материалдарды “тапканы” тууралуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган билдирүүлөрүн текшерип чыгып, мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүнү өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаевага тапшырды. Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө президентке жана коомчулукка маалымдоого тийиш.

Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин саясий тиреши, бийлик менен оппозициянын компроматтар “согушу” былтыр күзгө таяп башталган. Анын алкагында апрель окуяларынын кийинки талап-тоноочулук, “Белизгейт” деген ат менен таанымал “Мегакомдун” акциялары боюнча дооматтар айтылган. Атамбаевдин Кой-Таш айылында салынып жаткан үйүнүн жеринин айрым чуулгандуу жагдайлары ачыкка чыккан. Текебаев Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп чыгарын эскерткен.

Текебаев Атамбаевдин акчасын санады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

Саясат талдоочу Эмил Жураевдин пикиринде, бул тиреш президенттик шайлоону утурлай дагы күчөйт жана бийлик алмашкандан кийин дагы саясий кармаштарга дагы негиз болушу мүмкүн:

- Тымызын топтолгон байлык же элден жашырган мүлктөр тууралуу сөздөрдү, жагдайларды, дооматтарды бир чети далилдөө, ачыкка чыгаруу эки тарапка тең оор. Мисалы, Текебаевдин Кипрден алынды деген маалыматтарын далилдөө кыйын болушу мүмкүн. Бирок бул маселелер ачык бойдон калса, коомду ынандырган жагдайлар болбосо Алмазбек Атамбаевге президенттиктен кеткенден кийин баш оору жаратышы мүмкүн. Биз азыр шайлоо кандай өтөрүн, саясий жүрүштөр кандай болорун билбейбиз. Текебаев бул маселелерди андан ары дагы улап, териштирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Азыр эки тарап тең бири-бирине өчөшүп калды. Текебаевди бир беткей каралоо башталды. Ал киши да бир чети өзүн коргоп, актаганга аракет кылып жатат. Экинчиден, азыр өтөөсүнө чыга албай калса дагы, келечекте андан ары улантып кете турган жагдай болуп жатат.

Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин жакын саясий ымаласы Курманбек Бакиев президент болуп турганда башталган жана анын бийлигине каршы чогуу күрөшкө чыккан. Убагында көп жылдык кызматташтыгы бар, идеясы жана багыты бир партиялар катары Социал-демократтар менен “Ата Мекендин” биригүүсү тууралуу сөздөр да болгон. Үзөңгүлөш, санаалаш эки саясатчынын ыркын былтыр конституциялык реформа биротоло кетирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG