Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Текебаев Атамбаевдин бизнесин иликтейт


Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев.
Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге байлыгы, бизнестери тууралуу маалымат алуу үчүн депутаттык суроо-талап жөнөтүп жатканын билдирди.

31-январдагы маалымат жыйынында президенттин соңку он жылда төлөгөн салыгы, социалдык төлөмдөрү, ошондой эле баалуу кагаздары боюнча да тиешелүү мамлекеттик орган-мекемелерге кайрылганын маалымдады. Атамбаевдин таламдаштары муну жөнсүз териштирүү деп баалап жатат. Президент анын байлыгы жетиштүү экенин, убагында эң ийгиликтүү бизнесмендерден болгонун такай айтып келет.

Депутаттын президентке суроосу көп

Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев байлыгын кантип топтогонун иликтеп жатканын жарыялады. Мамлекет башчынын өзүнө расмий суроо-талап жөнөткөнү жатканын билдирди. Андан сырткары Салык кызматына, Социалдык фондго жана Баалуу кагаздар рыногуна да кайрылганын, анда Атамбаевге таандык деген ишканалардан соңку он жылда канча акча түшкөнү, канча акция катталганы да такталарын айтты:

- Атамбаев бардык жерде “мен абдан бай адаммын, мага ал байлыкты кудай берген” деп айтып жүрөт. Мен ал байлыгын каяктан топтогонун таба албай жүрөм. Мисалы, Бабанов бензин, Турсунбеков ун, Артыкбаев дары сатып байыды. Бирөө кыш, дагы бирөө цемент чыгарат, дагы бирөө эшик-терезе жасайт, дагы бирөө тамак жасайт. Атамбаев эмне чыгарарын мен билбейм. Ошондуктан мен ага расмий кайрылайын деп жатам. "Ыйман" жылы деп айттыңыз, ыймандай сырыбызды ачкандан баштабайлыбы, жомоктогудай байлыкты кайдан алдың, канча жумуш орун түздүң, Социалдык фондго канча төлөм төлөйсүң, канча салык төлөйсүң, байлыгың каяктан келип жатат, ошонун баарын ачык айталы, мен да айтайын, баарыбыз айталы деп кайрылып жатам. Мен дагы, башкалар деле Атамбаев бир буюм жасайт экен дегенди уккан жокпуз.

Президентке импичмент жарыялоо демилгеси

Президентке импичмент жарыялоо демилгеси

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо жол-жобосун баштоону сунуштады.

Текебаев буга чейин Атамбаевдики делген ишканалар боюнча документ чогултуп жатканын кошумчалады. Байлыгынын бир топ бөлүгү 2010-жылдан кийин жыйналганы тууралуу маалымат иликтенерин белгиледи:

- “Кыргызавтомаш”, “Автомаш-Радиатор” деген бир нече фирмасы бар экен. Кийин да бул тууралуу толук маалымат берем. Ал жерде Атамбаевдин бир дагы пайыз үлүшү жок экен. Эң чоң акционер Черных деген орус киши экен. Балким ал Кыргызстандын деле жараны эмес болушу мүмкүн. Атамбаев “Автомаш-Радиатор” радиатор жасайт деп айтып жүрөт эле. Бирок ал дагы Атамбаевдики эмес экен. Ал дагы Орусиядагы бир ишкананын курамына кирип кетиптир. Атамбаев убагында менчиктештирип алган заводдорун жерин жердей, темир-тезегин темир-тезектей кылып бөлүп сатып жибериптир. Анда эч нерсе калбаптыр. Бирок мен суроо-талаптарды жөнөттүм. Ошентип Атамбаевдин бизнесинин сырлары ачылганы калды. Анын бир топ байлыгы 2010-жылдан кийин топтолуптур. Байлыкты кудай берди деген иш кылбай эле өзү келип калды дегенди билдирет да. Эгер адам иш кылса, жүздөгөн адамдарды жумуш менен камсыз кылса анда ушул байлыкты кудай берди дебейт, эл-журт менен кошо таптым дейт. Кудай ага байлыкта кантип бергенин мен буюрса жакында тактайм.

Атамбаевдин Кой-Таш айылына салып жаткан үйү.
Атамбаевдин Кой-Таш айылына салып жаткан үйү.

Президенттик аппараттын жообу

Текебаевдин соңку билдирүүсү тууралуу комментарий берген президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн башчысы Алмаз Үсөнов ​“Ата Мекендин” лидерин “адал акчаны морадерлуктан табылган акча менен чаташтырып жатат” деп сындады:

- Мурда эле анын ушул оюн ишке ашыруусуна ага эч ким тоскоол болгон эмес. Бирок Өмүрбек Текебаевдин билдирүүлөрүн окуган сайын, анын дайыма калп айтканына жана фактыларды бурмалаганына көнүп деле калдык. Адамдарды алдабаш керек. Совет жылдарында эле кантип байыганын Алмазбек Атамбаев эч убакта жашырбаганын кыргызстандыктар жакшы билишет. Алгачкы миллиондорду ал жүз миңдеген нускада китеп чыгаруу менен иштеп тапкан. Ал китептерди вагондоп Орусияга жана башка республикаларга жөнөтүп турган. 80-жылдардын аягында жана 90-жылдардын башында бул абдан кирешелүү бизнес болчу. Андан түшкөн акчаларга А.Атамбаев ар кандай ишканалардын акцияларын сатып алган. Болгондо да ал акцияларды алардын ээлеринен, экинчи рыноктон сатып алган. Текебаев өзү деле Атамбаев заводдорду миллиондорго сатканын айтпадыбы. Дагы бир жолу айтам, ал акцияларды менчик ээлеринин өз колунан сатып алган. Декларацияда баары көрсөтүлгөн. Бул адал акчалар! Анан Ө. Текебаевдин “Бул кайдан келген акчалар? деп аңкоолонгонуна таң каласың. Муну уккандар мурдагы физик Өмүрбек Чиркешовичтин же логикасында, же ден соолугунда бир мандем бар, же уят деген улуу журтту унуткан экен деп ойлошот го.

Ал эми Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев “Ата Мекендин” лидеринин суроо-талабын жөнсүз деп баалады:

- Биринчиден Текебаев 2010-жылдан кийинки мүлктөрү, морадерчулук тууралуу жооп берсин. Булар эмне кылганын карапайым эл билет да. Атамбаев илгери оппозицияда жүргөндө Текебаевдин бир сом жок болчу. Атамбаев ошондо эле колунда бар киши болчу. Азыр Атамбаев ким, Текебаев ким? Атамбаев Акаевдин тушунда эле байыган, бай адам. Байлыгын маңдай тери менен тапканын кыргыз эли бүт билет. Ошол эле учурда Текебаев 2010-жылга чейин кантип жашаган, андан кийин кантип байып кетти деп мен депутат болуп турганда баарын иликтегем. Биринчи өзүнө жооп берсин. Атамбаев менен анын кандай иши бар экен.

"Президент байлыгын ачыктабайт"

Анткен менен Өмүрбек Текебаевдин суроо-талабы менен президент өзүнүн байлыгы жана анын таржымалы тууралуу ачык маалымат береринен күмөн санагандар көп.

Атамбаевдин үйү: прокуратуранын жүйөсү

Атамбаевдин үйү: прокуратуранын жүйөсү

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин үй салынып жаткан жеринин айланасындагы Өмүрбек Текебаевдин айткандарын президенттин тапшырмасы менен текшерген.

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков эгер президент ошол кадамга барса, анда саясаттын деңгээлин көтөрмөк деп эсептейт:

- Эгер президент өзүнүн байлыгы тууралуу ачык айтып берсе, анда өз маңдай тери менен топтогон турбайбы деп ага ишеним жогоруламак. Андан сырткары жөнөкөй жарандарга дагы үлгү болот. Көмүскө экономиканы дагы сыртка чыгарганга жардам берет. Эгер президент байлыгын ачык көрсөтсө, анда бул чоң саясий маданияттын үлгүсү болмок. Эгер маалымат бербей койсо бүдөмүк ойлор көбөйө баштайт. Бирок мен алты жыл иштедим, мынча акчам бар болчу, азыр мынча болду деп айтса, бул акчаны мен бул жерден таптым деп түшүндүрүп бериши керек. Себеби эртең жаңы бийлик келсе аларда деле ушундай суроо туулат. Азыр эми Текебаев 2010-жылдан кийин эле байып кетти деп айтып жатпайбы, эми ошону такташы керек же төгүнгө чыгарышы керек. Бирок менин жеке оюмча Атамбаев ага барбайт го. Биринчиден, өчөшүп деле барбайт, экинчиден, мен анын байлыгынын таржымалы тууралуу шек санагым келбейт, бирок 90-жылдары бизде легалдуу акча табуу мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан акчаны чындап каяктан тапканын, "Мерседестерди" кайсы акчага алганын ачык айтышы керек болот да.

Атамбаев байлыгы тууралуу

Алмазбек Атамбаев байлыгы жетиштүү экенин ыңгайы келген учурда такай айтып жүрөт. Былтыр күзүндө бир катар өлкөлөрдүн элчилерин кабыл алганда президенттерден дагы кымбат унаа айдаган учурлары болгонун, ошонун айынан азап чеккенин, саясатка да кокусунан аралашып калганын кеп кылган жайы бар:

- Мен дагы убагында бизнесмен болгом. Мен ушул өлкөдө эң бай адам болгом. Мен Кыргызстандагы биринчи “Форум” деген менчик фирманы 1989-жылы, ССРдин, Горбачевдун тушунда ачкам. Ошол учурда мен “Мерседес” айдап жүргөндө президент Аскар Акаев “Вольвада” жүрчү. Ошондуктан алар мени каралап башташты го деп ойлойм. Жыйынтыгында мен оппозиционер, саясатчыга айландым. Өздөрү деле ошол кылыктарына өкүнүшсө керек. Мен бизнес жана чыгармачылык менен гана алектенгим келген. Мага саясат такыр жакчу эмес. Мен эң өткөөл мезгилде бизнес менен алектенип байып кеткем.

Текебаев Атамбаевдин байлыгын териштирет
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

Алмазбек Атамбаевдин былтыркы тапкан кирешеси боюнча маалымат азырынча жарыялана элек. Мурдагы жылдагы декларациясында ошол жылы айлыгы 1,3 миллион сомдой болгону жазылган, ал эми чыгымы 34 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Анын аялы 182 миңдей сом маяна алган, 110 миң сомдон ашык акча мурда салган акчанын үстөк пайызы катары келген. Биринчи айымга бир унаа токтоочу жай жана эки батир да катталган. Ошондой эле “Медифорум” ачык акционердик коомунун 86 пайыз үлүшүнө ээлик кылганы тууралуу маалымат чыккан. Президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык, бирок, убактылуу башка адамдардын башкаруусуна өткөрүлүп берилген 116 квадрат метр имараты менен кошо 2,7 гектар жер жана дагы бир бак-шактуу 6,7 гектар жер бар.

А.Атамбаев: Жаңы элита таптайбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:23 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG