Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

Атайын кызмат жетекчиси ал документтер ыкчам маалыматтардын арты менен табылды десе, “Ата Мекен” фракциясы жасалма жана бурмаланган документтер аркылуу каралоо операциясы жүрүп жатканын билдирди.

Кыргыз чалгынчыларынын “ийгилиги”

Жогорку Кеңеш атайын кызматтын жетекчиси Абдил Сегизбаев мындан үч күн мурда Белиз өлкөсүнөн келген апостиль жана ага байланыштуу документтер тууралуу президентке берген маалыматын угууну чечти. Буга чейин парламенттеги бир катар депутаттар УКМК төрагасынын ал маалыматын жокко чыгарып, муну кезектеги каралоо катары кабылдашкан болчу. Алардын айтымында, бул соңку мезгилде президенттин жана анын жакын чөйрөсүнүн иш-аракеттерин ашкерелеген “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарына каршы саясий-маалыматтык өнөктүк болушу мүмкүн.

Жогорку Кеңешке чакыртылган УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев бул жерде саясий оюн жоктугун айтып, ыкчам иликтөөдөгү ийгиликтин жыйынтыгында Белизден документтер келип түшкөнүн жана андагы маалыматтар үчүн кийин жооп берүүгө даяр экенин айтты:

- Биздин ыкчам иш-аракеттердин негизинде өткөн жумада Белиз өлкөсүнүн расмий органдарынан расмий документтер келип түшкөн. Ал документтер расмий түрдө апостиль менен тастыкталган. Биз аны текшерип чыкканда ал жасалма эмес болуп чыкты. Ал жерде үч кыргыз саясатчысынын наамына акциянын 7-8 пайызы бөлүнө турганы айтылып жатат. Бирок ал жерде бир шарт коюлган. Ал шарт 2012-жылы улутташтырылган 49 пайызга кошумча 51 пайызды да сатууга көмөктөшсүн деп турат. Анан “50 миллион доллардан кем болбосун, андан кем болсо анда ал ишке ашпайт” деп ачык эле жазылган. Биз мындай документтер колубузга түшөт жана апостиль чын болуп чыгат деп ойлогон эмеспиз. Бирок азыр мен бул документтер кайсы жол менен жана ким аркылуу түшкөнүн ачык айта албайм.

Абдил Сегизбаев

Абдил Сегизбаев

Бабановдун баасы

Ошол эле кезде атайын кызмат башчысы президент менен жолугушууда “апостилде келтирилген үч саясатчынын аты-жөнү расмий түрдө аталган эмес” деп билдирди. Бирок өлкөдөгү маалымат каражаттарында алардын кимдер экени ачык көрсөтүлүп, телеканалдар иликтенип бүтө элек ишти толук аткарылган иш-чарадай чагылдырган жагдай тууралуу парламент депутаттары маселе козгошту.

“Республика - Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов чет өлкөдөн алынган мамлекеттик расмий документ менен расмий органдар тастыктаган документтин айырмасына кызыгып, ишти объективдүү иликтөөгө чакырды:

- Абдил Кеңешович, сиз “бул документтерди Белизден расмий түрдө алдык” деп жатасыз. Кандай расмий жол менен Белиздин кайсы расмий мекемесинен бул документтерди алдыңыздар? Кесиптештердин ысымдары аталып жатат. Сиз ошону тактап туруп, расмий түрдө белгилеп, атап койбойсузбу. Адамдардын ысымдары маалымат каражаттарында айтылып жаткандан кийин сиз жоопкерчиликти өз моюнуңузга алып туруп, ачык аташыңыз керек да. Мындай нерселер ишеним жаратпайт. Себеби бардык нерсе ачык-айкын болушу керек. Биздин Өмүрбек Чиркешович менен ой-пикирибиз ар башка болгону менен ал киши чоң саясатчы. Ал 20 жылдан ашуун саясатта тажрыйбасы бар адам. 2010-жылдагы апрель ыңкылабына бул адамдын чоң салымы бар. Ошон үчүн анын күнөөсү болсо ачык жоопко тартылсын. Бирок күнөөсү жок болсо деле аны жөнү жок жерден каралай бербеш керек. Муну кылдат иликтеш керек.

Иш козгогонго негиз барбы?

Бул табышмактуу документтерге байланыштуу ишти иликтөөнү президент Башкы прокуратурага тапшырган болчу. Анда атайын кызматтын ыкчам аракеттери менен Белиз өлкөсүнөн алынган документтерде келтирилген жагдайларды кеңири иликтеп чыгып, ага баа берүү тапшырмасы берилген эле.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева буга байланыштуу ишти мекемелер аралык иликтөө тобу текшерүүгө алышы мүмкүн экенин айтып, бирок бул боюнча азырынча кылмыш иши жок экенин ырастады:

- Президенттин берген тапшырмасы боюнча биз ошол документтердин көчүрмөлөрүн гана алдык. Биз УКМК төрагасы менен сүйлөшүп жатабыз. Мекемелер аралык топ түзүп, анан бул ишти иликтейбиз. Азырынча текшерүү гана болот. Биз бул текшерүүнү так жана убагында аткарганга аракет кылабыз.

Индира Жолдубаева.

Индира Жолдубаева.

Ошол эле кезде атайын кызмат төрагасы Абдил Сегизбаев апостиль менен тастыкталган аталган документтер эбак эле күчүн жоготконун ырастады. Анын айтымында, апостиль менен тастыкталган бул макулдашуу 2012-жылы апрель айында түзүлгөн. Акциялары жең ичинен сатылышы мүмкүн делген “Альфа Телекомдун” 51 пайызы 2013-жылдын аягында соттун чечими менен толук мамлекеттин карамагына өткөн.

“Өнүгүү - Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев анда документтер чын болгон күндө деле бул ишти иликтөөнүн кажети барбы деген маселе көтөрдү:

- Сиз ошол трасттык келишим күчүн жоготконун айттыңыз. Эгерде бул иш далилденген күндө деле кылмыш ишин козгоп, кимдир бирөөлөрдү жоопко тартканга негиз жок да. Кылмыш болгон эмес. Аракеттин белгиси болушу мүмкүн. Бирок сиз айтып жаткан документтер чын чыгып калган күндө деле бир иликтөө жүргүзүүгө негиз боло турган нерсени көрө албай турганымды айтып жатам. Аны дагы тастыкташ керек. Бул коомдук баа берүү үчүн эле го. Ошондой болгондуктан бул ишти алдын-ала эле кылмыш деп жар салгандан алыс болуу керек. Ошондуктан УКМК жетекчиси менен баш прокурорду алдын ала жыйынтык чыгарып, баа берүүдөн алыс болууга чакырат элем.

Текебаев менен президент өкүлүнүн айтышы

Бирок бул маалыматты жайылтууда атайын кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаев иликтене элек документте көрсөтүлгөн адамдардын аты-жөнүн өз оозу менен айткысы келбеген менен мамлекеттик телеканалдар жана Ак үйгө жакын интернет сайттар аркылуу каралоого багытталган маалыматтар укмуштуудай тездик менен таратылып жатканы сынга алынды.

Атайын кызматтын жетекчиси расмий оозанбаганы менен президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев интернет сайттарга таянып, бул ишке кириптер кишилер катары оппозициячыл үч саясатчынын ысмын атоодон тартынбай турганын төмөндөгүчө белгиледи:

- “Кыргызстан көйгөйлүү телекоммуникациялык компаниясын сатууга кайрадан аракеттенүүдө” деген макала чыккан. Бул vb.kg деген сайтка чыккан. Мына ушул ишке түздөн-түз тиешеси бар депутаттардын ысымдары ал жерде мурда эле ачык көрсөтүлгөн. Муну коомчулук деле билет. Мен деле ачык айтып коеюн. Алар: Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов. Менин колумда азыр талкууланып жаткан документтин көчүрмөсү дагы бар.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМК тараткан документтер боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Өмүрбек Текебаев соңку мезгилде президент жана анын аппараты жасалма документтер менен каралап, маалымат чабуулунун күчөтүп жатканын белгилеп, “Белизгейт” мурдагы Бакиевдин учурундагы “матрешкагейтке” окшошуп турганын айтты. Текебаев мурдагы президент менен элдешкис болуп жүрүп, анан кийин анын уулу Максим Бакиев менен кызматташуусуна эч кандай логика жол бербестигин белгиледи.

Ошол эле кезде Өмүрбек Текебаев “Мегаком” деген ат менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 51 пайызын мамлекетке өткөрүү жагдайына токтолду:

- Мен президенттин өкүлү эмне деген ушак айтып жатканын түшүнгөн деле жокмун. Абдил, сен айткан “эмне себептен “Мегакомдун” 51 пайызы улутташтырылбай калган” деген маселени сага кайталап коеюн. Буга Убактылуу өкмөттүн экономикага жооп берген кызмат адамы болгон Алмазбек Атамбаев жооп бериши керек. Фарид Ниязов “Фергана.ру” агенттигине маалымат берип, “Атамбаев Москвага Путинге барып, бул компанияны биз улутташтырбайбыз, орус тарап дивидендин, салыгын төлөп турса болду” деген. Муну ошол агенттиктин сайтынан ошол материалды издеп таап, Атамбаевди суракка алыңыз.

Акаевдин суроосу - Сегизбаевдин жообу

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев атайын кызматтын жетекчисине ал документтердин таржымалындагы табышмактуу жагдайларга байланыштуу эми гана интернет сайттарга чыга баштаган комментарийлер тууралуу суроо берди. Анткени Кыргызстанга Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн келди делген документтердин бирине кол койгон жергиликтүү адвокат Раян Вробелдин “Wrobel&Co” компаниясынын өкүлү Вианни Солис Бишкекке эч кандай документ жөнөтүлбөгөнүн “Азаттыкка” билдирген болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев эгерде бул жасалма же бурмаланган документ боло турган болсо, анда оппозиция өкүлдөрүн негизсиз каралоо үчүн жоопкерчиликти ким алат деген маселени кабыргасынан койду:

- Ал компаниянын өкүлү Бишкекке эч кандай документтер жөнөтүлбөгөнүн “Азаттыкка” билдирген экен. Адвокат ошол документтердеги коюлган колду гана нотариалдык жактан күбөлөндүргөнүн айтыптыр. Буга эми кандай дейсиз? Азыр эми Максим Бакиев менен Елисеев чагым жасап жатса, биз ага ишенип алып, ич ара ызы-чуу болуп жаткан жокпузбу? Эгерде бул документтердин бурмаланганы аныкталып калса, анда бул үчүн ким саясий, укуктук жана моралдык жоппкерчилик тартат?

Бирок башка суроолорго жай мүнөздө эле жооп берип жаткан УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев Жанар Акаевдин суроосуна өзгөчө чычалап кетип, анын депутат экенин эскертүүгө чейин барды. Ошол эле кезде атайын кызмат жетекчиси депутатты мамлекеттик бийлик органы берген маалыматка көбүрөөк ишенүүгө үндөп, андан кандайдыр бир калыстыкты талап кылды.

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди адвокат Раян Вробелдин өкүлүнүн “Азаттыкка” айткан жагдай боюнча суроого түз жооп берүүдөн мурун депутаттын мурда иштеген жерине көбүрөөк басым жасады:

- “Азаттык” эл арасында кадыр-баркы бар маалымат каражаты. Бирок ошол эле учурда биздин колубузга түшкөн, расмий өкүлдөн каттоодон өтүп, мөөрү коюлган документтерди четке кагып, анан “Азаттык” минтип айтты деп, ошого ишене турган болсок укуктук коомду курууга эч кандай шарт болбой калат да. Сиз “Азаттыкта” көп жыл иштегенсиз. Ал жактагы кесиптештериңизге жан тартып жатасыз. Бирок сиз азыр депутатсыз. Ошондуктан өткөн-кеткен заманды унутуп, азыр калыс болуңуз. Тилекке каршы, сиз айткан маалыматты мен азыр ала элекмин.

Ошол эле кезде бул ирет партиялуулугуна карабастан, парламенттеги бир катар депутаттар оппозициялык саясатчыларды мамлекеттик телеканалдар аркылуу жөнү жок каралоодон алыс болууга чакырган билдирүүлөр менен чыгышты. Бул ишти кылдат иликтеп чыгып, ага саясий жана укуктук баа берүү зарыл дегендер да болду.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Садык Шер атайын кызматтын документтерге байланыштуу маалыматын саясий шоу катары мүнөздөдү:

- Сиз азыр бул ишти иликтеп жатасыз да. Бирок ал бүтө электе эле сиздин колуңуздагы документтеги ысымдар телекамераларга бадырайып көрсөтүлүп жатканын кантип түшүнсөк болот? Иликтөө кезинде эч жакка чыкпай турган документтер ушунчалык тез жайылып, телеканалдардан берилип жатканын шоу деп айтып жатам. Биздин салабаттуу саясатчылардын беделине шек келтире турган материалдар тымызын телеканалдардан берилип, ал иш Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан жасалып жатса, биз муну шоу дебегенде эмне дейбиз? Мына ушул эми улуттун коопсуздугун коргой турган мекеменин жумушубу?

Бул жуманын башында УКМК оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын үч мүчөсү “Альфа Телекомдун” 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөн деген маалымат тараткан. Атайын кызмат муну Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтерге таянып билдирген. Атайын кызматтын “Ата Мекендин” лидерлерин айыптаган маалыматы коомчулукта дароо талкууларды жаратты. Алгач эле оффшордук компаниялардын мекени саналган Белизден келген документтер канчалык ынанымдуу жана чындыкка жакын деген суроолор коюлууда.

Ошондой эле парламенттеги талкуулар учурунда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров спикер Чыныбай Турсунбековду зекип, "өз ордун билип жүрүүгө" чакырды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG